Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

"Карарган деңиз, агарган толкун..."


Алым Токтомушев Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкты алган учур. Бишкек, 9-декабрь, 2012

Алым Токтомушев Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкты алган учур. Бишкек, 9-декабрь, 2012

Белгилүү публицист, акын, адабиятчы, котормочу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алым Токтомушев оорудан улам 67 жаш курагында ааламдан өттү. Ал узак жылдар бою улуттук басма сөздө эмгектенип келген.

Алым Токтомушевдин ысмы кыргыз окурман журтуна жакшы тааныш. Өзгөчө эгемендик жылдары, соңку 15-20 жыл аралыгында кыргыз гезиттериндеги курч, таамай аналитикалык макалалары менен ал көптүн эсинде.

Мен турган тушта – сен туулган кыштак,

Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.

Жалгыз бир кезде жарк этти эске,

Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.

Барайын дедим, баралган жокмун,

Карарган деңиз, агарган толкун...

Мына ушундай жүрөктү козгоп, жан дүйнөнү аңтарган саптары менен да таанымал Алым Токтомушев “Кыргызстан маданияты”, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта” “Алас” гезиттеринде жооптуу кызматтарда, “Жетимен” журналында иштеген. Соңку күндөрү “Жаңы Ала-Тоо”журналында иштеп жаткан.

Анын калемдештеринин бири, публицист Эсенбай Нурушев Алым Токтомушевдин айрыкча кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошконун белгилейт:

- Алым ага кыргыз журналистикасынын ичинде бараандуу ысым болчу. Өмүр бою басма сөздө иштеди. Өзгөчө “Кыргыз маданияты” гезитинде чоң эмгек кылды. Бул гезитте анын адабиятчы катары бир канча материалдары басылган. Кезегинде алар өтө кызыктуу чыгып, коомчулукта талкууланып турар эле. Өзгөчө поэзия жанрын ийне-жибине чейин жакшы билген. Токтомушев кыргыз журналистикасын да жогорку деңгээлге көтөрдү.

Эсенбай Нурушев муну менен бирге Алым Токтомушевди жаш чагынан бери билерин, ал адам катары да мыкты инсан болгонун кошумчалады.

Ал эми коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев болсо маркумдун бетке чабарлыгын эстеп отурду :

- Туулмак бар өлмөк бар дегендей асыл адамдар да өтөт тура. Алым Токтомушев акыркы 20-30 жылдын ичинде Кыргызстандын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чыдап, күрөшүп жүргөн эң бир таланттуу адамдардын бири болду. Масалиев мезгилинен тартып Акаев, Бакиевдин учурунда ачуу чындыкты тайманбай бетке айтып келген эр жүрөк, кыраан журналист эле да.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев мындан сырткары Алым Токтомушев коомдук иштерге да жигердүү катышып, атуул жана журналист катары кыргыз демократиясынын калыптанышына чоң салым кошконун айтат.

Калемдештери Алым Токтомушев өз ишмердүүлүгүндө журналистикада да, акындык өнөрдө да өз шакирттерин тарбиялай алганын белгилеп келишкен.

“Жаңы Агым” гезитинин редактору Аскер Сакыбаева Алым Токтомушевдин шакирттеринин бири:

- Акыркы мезгилде Алым байке ооруп жүргөн. Ден сооолугу начар болчу. Жубайы, акын Шербет Келдибековадан айрылуу да ага катуу тийген. Биз Алым байкени чындыктын, акыйкаттыктын, кесипкөйлүктүн символу катары көрчүбүз. Мен ал кишини акыркы мезгилге чейин устатым катары урматтап келдим. Алым байкенин артында айтылып кала турган көптөгөн сөздөрү бар. Азыр мен өз сөзүмдү анын төмөнкү саптары менен аяктап койсом:

Тиленип элден алган батасыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар кимиң кеткен сайын ойлой берем.

Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Аскер Сакыбаева Алым Токтомушевдин токсонунчу жылдардын башында “Асаба” гезити аркылуу чыгып, коомчулуктун кызыгуусун туудуруп келген “Жолбүгүн” рубрикасы “Жаңы Агым” гезити аркылуу бүгүнкү күнгө чейин уланып, өз окурмандарын таап келгенин кошумчалады.

Маркумдун “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары жарык көрүп, ал улуттук адабиятта аз жана саз жазган акын катары өз ордун тапкан. Окурмандарга анын “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу китеби да кеңири белгилүү. Ал адабиятка акын катары Беганас Сартов, Табылды Муканов, Аман Токтогулов, Тургунбай Эргешов, Жолон Мамытов өңдүү күчтүү муун менен келип кирген.

Токтомушев окурмандарга котормочу катары да белгилүү. Ал Пушкиндин "Полтавасын”, Саадини, Лермонтовду, казактын Магжанын, жөн акын даай алгыс Пастернакты, Рилькени кыргыз туюмуна жеткирген, Достоевский, П. Чаадаев, В. Розанов, М. Пришвиндин жандептерлеринен үзүндүлөрдү кыргызчалаган.

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн. Быйыл 67 жашта эле. Сөөгү эртең, 26-июлда Бишкектин тоо тарабындагы Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG