Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Элчи Ибраимов: Түркиядан технологияны алабыз


Президент Атамбаевдин Түркиядагы иш сапарында эки тараптуу кызматташуу талкууланып, бир нече документтерге кол коюлмакчы. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов "Азаттыкка" кыргыз-түрк мамилери тууралуу кеп курду.



Азаттык: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Анкарага келүүдө. Президенттин алгачкы расмий сапар менен Түркияга барып жатышы Кыргызстандын жаңы администрациясы бул өлкө менен кызматташууга өзгөчө маани берет дегенди туюндурабы?

Э.Ибраимов: Кыргызстан тышкы саясатын тең салмактуу жүргүзүп келет. Кыргызстандын жаңы президенти Алмазбек Атамбаевдин визити башка өлкөлөр менен катар Түркия менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берилээрин гана билдирет.

Азаттык: Жалпысынан алганда эки тараптуу мамилелерди кандай мүнөздөйт элеңиз?

Э.Ибраимов: Кыргызстан менен Түркиянын кызматташуусу жогорку деңгээлге жеткен. Былтыр эки өлкө ортосунда стартегиялык кеңеш түзүү тууралуу макулдашылган. Саясий чөйрөдө биздин өлкөлөр ортосунда башы ачылбаган бир да суроо же маселе жок. Социалдык тармакта да кенен алака түзгөнбүз. Быйыл биз Түркияда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүүнү пландап жатабыз. Азыр биздин мамлекеттик мекемелер, анын ичинде элчилик, экономикалык кызматташууну арттырууга басым жасашат. Бул жерде сөз чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу тууралуу жүрүүдө. Бирок бардыгын эле финансы менен байланыштырууга да болбойт.

Биз биринчи кезекте жөн гана каражатты эмес Түркиянын алдыңкы технологияларын алып келүүнү көздөп жатабыз. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын мисалга келтирсем болот. Бир нече жыл мурун түркиялык ишкерлер Таласта төө бурчакты сатып ала башташкан. Ушундай эле долбоорду азыр пахта өндүрүү тармагында ишке ашырууга аракеттенип атабыз. Түркияда пахтанын буласын кайра иштетүү, кездеме чыгаруудан баштап, кийим тигүүгө чейинки өндүрүш абдан өнүккөн. Кыргызстанда өстүрүлгөн пахтаны Түркияга экспорттоо жагын караштырып жатабыз. Бул - бир гана мисал. Жалпысынан алганда, кайсы чөйрөдө болбосун, Түркиянын алдыңкы тажрыйбасын Кыргызстанда пайдаланууну максат кылабыз. Биринчи кезекте технологиялар менен инвестицияларды тартууну көздөйбүз.



Азаттык: Президент Атамбаевдин бул жолку сапарынын жүрүшүндө конкреттүү келишим, документтерге кол коюлабы?

Э.Ибраимов: Ооба, биз 3 документти иштеп чыктык. Биринчиден, Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтыктын жаңы баскычы жөнүндөгү биргелешкен мааракелик декларация. Былтыр Кыргызстан эгемендүүлүгүн 20 жылдыгын белгиледи. Быйыл болсо эки өлкө ортосунда дипломатиялык алаканын түзүлүшүнө да 20 жыл болот. Андан тышкары 2012-2013-жылкы кызматташтыктын планына кол коюлмакчы. Биз ошондой эле эки өлкөнүн жарандарына укуктук жардам берүү тууралуу ратификациялык документтер менен алмашуу протоколун даярдап бүттүк.

Азаттык: Мунун бардыгы декларативдик гана документтерби?

Э.Ибраимов: Жок, эмне үчүн? Юбилейлик декларация – бул мындан аркы кызматташтыктын багыттарын аныктаган абдан маанилүү саясий документ. Алдыңкы 10-20 жыл ичинде ал кызматташтыкты өнүктүрүүнүн өзөгүн түзмөкчү. Кызматташтыктын планында болсо конкреттүү иш-чаралар каралган. Мен айткан акыркы протокол болсо эки өлкөнүн укук коргоо органдарына биргелешип иш алып баруусуна жол ачат. Башкача айтканда, бардык документтердин эки тараптуу мамилелер үчүн мааниси өтө чоң.

Азаттык: Укуктук жардамга муктаж Кыргызстандын жарандары элчиликке көп кайрылабы?

Э.Ибраимов: Биздин жарандарыбызды консулдук жактан коргоо иши менен Түркияда эки дипломатиялык мекеме – Анкарадагы элчилик жана Стамбул шаарындагы башкы консулдук алектенишет. Албетте, бизге кайрылган жарандарыбыздын маселелери көңүл сыртында калбайт. Бирок андай учурлар көп болот деп айта албаймын. Атайын статистика жүргүзбөйбүз, бирок айына 1-2 киши кайрылат. Мен биздин жарандар бул өлкөнүн тартиптерин же мыйзамдарын бузган олуттуу маселелер жөнүндө гана сөз кылып атам.

Азаттык: Түркиянын түрмөлөрүндө Кыргызстандын жарандары барбы? Бар болсо канча киши отурат?

Э.Ибраимов: Ооба, бар, бирок так санды айта албаймын. Себеби ал өзгөрүп турат. Элчиликтин көмөгү менен алардын айрымдарынын бошотулушуна жана мекенине кайтарылышына жетиштик. Азыркы учурда элчиликте 7дей киши жөнүндө маалымат бар.

Азаттык: Алар майда бир тартип бузуубу же олуттуу кылмыш үчүн айыпталгандарбы?

Э.Ибраимов: Бул негизинен тартип бузуулар үчүн камалгандар. Кээде көз боемочулук учурлар да жолугат. Маселен, кыргызстандык бир аял башка бирөөнүн кредит картасын колдонгондугу үчүн кармалган.

Азаттык: Түркияда Кыргызстандын канча жараны бар? Же тагыраак айтканда, элчиликтин каттоосунда канча киши турат?

Э.Ибраимов: Мен дароо эле тактоо киргизип кетсем. Баардык эле жарандарыбыз консулдук каттоого турушпайт. Биз 1 миңден ашуун студентти каттоого алганбыз. Алардын арасында Түркиянын билим министрлиги аркылуу бюджеттик окуу жайларда окугандар менен катар жеке жол менен келип, акысын өздөрү төлөгөндөр бар. Түркиянын жарандары менен үйлөнгөн 100дөй мекендешибиз бар.

Азаттык: Ар кыл контракттар менен иштеп жаткандар көппү?

Э.Ибраимов: Андайлар азырынча өтө аз. Бүгүнкү күндө биздин каттообузда көп болсо 10 киши турат.

Азаттык: Буга чейин Түркияда окуган кыргызстандык студенттер билеттер кымбат, кээ бирлери үйлөрүнө жылдап бара албай жүрүшкөнүн айтып, даттанышкан эле. Менин билишимче, "Түрк аба жолдору" кампаниясынан тышкары азыр Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамында Кыргызстандын да компаниялары учуп калды.

Э.Ибраимов: Ооба, туура айтасыз. Буга чейин бул багытта жалаң гана "Түрк аба жолдору" жүргүнчүлөрдү ташып келген. Былтыртан тарта кыргызстандык "Бишкек эйрвэйз" компаниясы каттамдарды аткара баштады. Ушу тапта эки өлкө ортосунда авиатармакта түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизип, компаниялардын санын көбөйтүүнү көздөп атабыз. Тактап айтканда, Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамында 3-4 компания учуп турса, атаандаштык пайда болот да, биздин болжолубузда, билеттердин баасы арзандайт.

Азаттык: Ал эми студенттерге билет сатып алууда жеңилдик берүү маселесин ким чече алат?

Э.Ибраимов: Бул татаал маселе. Биздин алгачкы студенттер Түркияга окууга келе баштагандан тартып эле пайда болгон. Эмне дегенде, эки өлкө ортосунда учкан авиакомпаниялардын бардыгы менчик компаниялар. Бирөө да мамлекеттин карамагына кирбейт. Биз бир нече жолу студенттер үчүн билеттерди арзандатып берүүгө жетишкенбиз. Бирок бир сезон же бир жылдан кийин баягы эле баага кайтып келишкен. Ошон үчүн азыр башка жолду тандап алдык. Бир нече авикомпания уча баштаса, баалар да төмөндөйт.

Азаттык: Былтыр апрель айында Кыргызстан менен Түркия “Жарандардын өз ара каттоосу тууралуу” келишимге кол коюшкан. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул – виза режими жеңилдейт дегенди билдиреби?

Э.Ибраимов: Туура, былтыр апрелде жетишилген келишимге ылайык, биздин өлкөлөр ортосунда иш жүзүндө виза режими жоюлган. Бирок ал күчүнө кире элек. Кыргызстан документти бардык мамлекеттик процедуралардан өктөрүп, ратификациялаган. Келишим азыр Түркия парламентинде каралып атат. Ратификациялык документтер менен алмашкандан кийин, 30 календардык күндүн ичинде келишим күчүнө кирет. Бул жерде дароо тактоо киргизүү абзел. Макулдашуу туристтик максат менен каттаган адамдарга гана тиешелүү. Түркияда иштөө үчүн сөзсүз жумушка уруксат жана жумушчу виза алуу керек.

Азаттык: Документ күчүнө киргенден кийин кыргызстандыктар Түркияга көбүрөөк каттайт деп ойлойсузбу?

Э.Ибраимов: Келишим Кыргызстанга барган түрк жарандарынын санын жана тескерисинче, Түркияга келген кыргызстандыктардын санын бир аз арттырат деген ойдобуз. Бирок бул сандар радикалдуу түрдө өсөт деп күтпөйбүз.

Азаттык: Анда жаңы келишимдин кандай мааниси бар?

Э.Ибраимов: Бул келишим Түркиянны аймагында узак мөөнөттө калууга муктаж болгон адамдарга ошондой мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт.

Азаттык: Анда Түркияга визасыз барып, ошол жерде иштеп калган мыйзамсыз мигранттар көбөйбөйбү?

Э.Ибраимов: Мен жогоруда айткандай, сөз туристтик визалар жөнүндө жүрүүдө. Мыйзам чегинде иштеп калуу үчүн уруксат алуу керек. Бул эреже күчүндө кала берүүдө. Биз бул багытта иштеп атабыз. Президенттин визити учурунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушмакчы. Өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Тышкы иштер министрлигинин карамагына миграция маселелери да өткөрүлүп берген. Биз бул маселени козгойбуз. Түркиялык жарандар да Кыргызстанда жашап, иштөө үчүн мурункудай эле жумушка уруксат алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG