Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Орус-украин кризисиндеги медианын таасири


Орусиячыл козголоңчулардын "Восток" бaтальону президент Путиндин телекайрылуусун көрүүдө, 29.05.2014

Орусиячыл козголоңчулардын "Восток" бaтальону президент Путиндин телекайрылуусун көрүүдө, 29.05.2014

Эксперттер өткөн аптада малайзиялык учактын атып түшүрүлүшү орус-украин кризисинин айрым жагдайларын ачыкка чыгарганын айтышууда. New York Times басылмасынын Орусия, Украина боюнча кабарчысы Эндрю Крамер "Азаттыктагы" маегинде Орусиянын жана Батыштын медиа каражаттары соңку окуяларды кандайча чагылдырып жатканына токтолду.

Крамер: Орусиянын телеканалдары украин армиясынын бул кырсыкка катышы бардыгын теориялык жактан негиздеген көп берүүлөрдү чыгарууда. Ошол эле маалда Украинанын чыгышындагы куралдуу козголоңчулардын дагы колунан мындай иш келээри айтылбай эле. Малайзиянын пассажирдик учагына чейин козголоңчулар зениттик-ракеталык техника менен учактарды уруп түшүргөнүн жарыялашкан. Анда “Бук” системасы колдонулган болушу дагы мүмкүн. Батышта мына ушул элементтерге көңүл бурулууда.

Малайзиянын учагына чейин козголоңчулар дагы бир АН-26ны атып түшүрдүк деп айтышкан. Ошол эле маалда орусиялык телеканалдар көрсөтүп жаткандай, Украинанын армиясында дагы зениттик-ракеталык система бардыгы талкуу жаратат. Бул фактыга дагы көз жумуп коюуга болбойт. Менин айтайын дегеним, бул жерде [Орусияда] украин армиясына басым жасалса, Батышта козголоңчулардын колундагы курал-жарак көп сөз болууда.

“Азаттык”: Украинанын жетекчилиги чыгыштагы куралдуу жикчилдерди “террорист” деп атады. Ал эми Кремлдин позициясын орус каналдары кандай чагылдырууда?

Крамер: Москвдагы телеканалдар украин жетекчилигинин билдирүүсүн айыптоо, карандай калп деп берип жатат. Бир нерсеге көңүл бурсак, Орусиянын саясатчылары тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоорун айтып жатышса, ошол эле маалда козголоңчулар украин армиясина такоот берсин деп аларды аскерий жактан колдоо уланууда. Орусиянын жардамысыз алар [козголоңчулар] ушуга чейин туруштук бере алмак эмес. Малайзиялык учак кулагандан кийин эки баскычтуу саясаттын бети ачылды, эми азыр мындай саясатты кайра карап чыгып, Орусиянын Украинага карата саясатынын курсун оңдоп түзөө зарылдыгы келип чыкты. Азыр Кремлдин алдында дипломатиялык, саясий багытты өзгөртүү, же козголоңчуларды ачык колдоо турат, иш кайсы өңүттө кетээри азырынча белгисиз.

“Азаттык”: Орус-украин кризиси башталгандан бери Орусиянын телеканалдары аша чапкан учурлар болду. Окуяга тиешеси жок кадрлар колдонулуп, бир киши эки жерде, эки башка сүйлөгөнүн көрдүк. Малайзиялык учак кыйраган трагедияны кандай чагылдырып жатышат?

Крамер: Орус маалымат каражаттары окуяны объективдүү берген учурлары дагы бар. Ошол эле маалда жалган маалыматтарды дагы берүүдө. Мисалы мамлекеттик телеканалдан “Украинанын истребители малайзиялык учакты атканын көрдүм” деген карапайым адамдын айтканын көрсөтүштү. Чынында жердеги адам 10 чакырым бийикте эмне болуп жатканын кантип көрмөк эле. Эми бул реалдуу эмес. Мисалы кээде такталып таразаланбаган маалыматтарды берген учурлар бар. Ошол эле учурда эгер бул француз телеканалы болсо анда Франциянын, АКШныкы болсо америкалыктардын, Орусияныкы орустардын көз карашына, түшүнүгүнө, салтына ылайык стандартта маалыматты чагылдырат эмеспи. Бирок Орусиянын мамлекеттик телевидениеси коомчулуктун эмес, Орусиянын бийлигинин көз карашын чагылдырып жатат.

“Азаттык”: Өзүңүз мисал келтиргендей, чет элдик медиа, анын ичинде АКШнын маалымат каражаттары малайзиялык учак кырсыкка кабылганы жөнүндө кабар тарары менен “орусиячыл жикчилдер атып түшүрдү” деп жазып чыгышты. Окуянын чоо-жайы дайын боло электе мындай маалыматка ишенсе болобу?

Крамер: Ишенсе болот, анткени бул логикалуу тыянак болуп жатпайбы. Украинадагы окуяларды жеринен чагылдырып жүргөн журналисттер козголоңчулардын колунда кандай курал-жарак бардыгын, Орусиядан эмне келгенин көрүп жатышпайбы. Мен жана айткандай соңку кезде алар бир нече учактарды атып түшүргөнүн сыймыктануу менен жарыялашпадыбы. 13 аскери бар учакты атып түшүрүп, командирин туткундашканын мойнуна алышкан, соңку жолу 7 миң метр бийиктикте бараткан учакты түшүрүштү. Логикалык ой жүгүртсөк, албетте, козголоңчулардын пассажирдик учакты аталы деген ниети жок болсо дагы аны адашып атып түшүрүштү. Эми мындан ары эмне болот? Алар ката кетирип, ушундай трагедияга забын болушканын мойнуна албайт. Орусия дагы эмне болгонун түшүндүрө албайт. Бул менин көз карашым. Ошол эле маалда украин армиясында дагы зениттик-ракеталык система бардыгын эстен чыгарбайлы, бардыгын кылдат иликтөө керек.

“Азаттык”: Сиз Москвада жашайсыз, күндө Орусиянын телеканалдарын көрүп, гезиттерин окуйсуз. Орусияда медиа өзүнчө “коркунучтуу курал” болуп калгандай сезилбейби?

Крамер: Менимче, журналисттин башкы милдети – бийликти сындап, ага каршы ой-пикирди чагылдыруу. Бул журналисттин патриоттук милдети. Бул мамлекеттик башкарууну жакшыртат, коррупцияга каршы күрөштө өбөлгө болот жана башка дагы көптөгөн позитивдүү салым кошот. Бирок Орусияда журналисттер башкача ойлонушат. Украиндагы согуш боюнча Кремлди сындаган көз караштарды өтө аз беришет. Эгер орус журналисттери дагы окуя боюнча ар кыл көз караштарды, ой-пикирлерди кеңири чагылдырса, анда өз өлкөсүнүн патриоттору болушмак.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG