Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

Эсен болуп, эстей жүр


Өткөн жылкы 6-7-апрелдеги окуяларды “Азаттык” үналгысынын кабарчылары ыкчамдык менен чагылдырып турушкан.

Учурда илимий иш менен алектенип жаткан “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Бекташ Шамшиев 7-апрелдеги кандуу окуянын от алышына “Форумдун” жанына чогулуп жаткан элге карата күч түзүмдөрүнүн калпыс мамилеси себеп болду деп эсептейт:

- Эл көбөйө баштагандан чочулап, милиция анда чогулган адамдарды автобустарга күчкө салып тыга баштаганда чатак тутанып кетти. Милиция кызматкерлери кулакты тундура турган каражаттарды жардырып, элди дүрбөтүп, бул акцияга катышы жок адамдардын деле көңүлүн буруусуна жана алардын кыжырдануусуна шарт түзүштү. Мурдагы А. Акаев да, кийинки К. Бакиев да өз кызыкчылыктарын элдикинен жогору койгонунан улам ушундай нерселер чыгып кетти.

Өткөн жылы 7-апрелде Ак үйдө болгон “Азаттыктын” кабарчысы Каныгүл Элкеева анда мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун маалымдалып, бирок өтпөй калган жыйынына күбө болгон:

Данияр Үсөнов
- Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун маалымат жыйынын эки сааттай күттүк. Маалымат кызматы "азыр келет, азыр башталат" деп журналисттерди кармап турушту. Бирок ал келген жок.

Анткен менен кийин биздин тааныштар "Данияр Үсөновдун маалымат жыйынын УТРК көрсөтүп, силер алды-артыңарды карап эле отурдуңар го" дешти. Кийин билсек журналисттерди тасмага тартып алышып, Д. Үсөновдун мурдагы күнү сүйлөгөн сөзүн чаптап эле "маалымат жыйыны өтүп жатат" деп КТРден берип жаткан экен. Көрсө биз Ак үйдөн чыкканда ызы-чуу башталып калган экен.


Ал күнү эртең менен “Форумдагы” окуяны чагылдырууга барган “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Эдил Сапарбек уулу чагылгандай тездикте көп санда чогулган демонстранттар андагы күч түзүмдөрүн жарып өтүп, жаалданган топ менен бирге Ак үйгө чейин баргандыгын мындайча эскерди:

- Форумда чогулган эл ИИМ менен УКМК кызматкерлерин таш бараңга алып кубалап жатышкан экен. Анан эле элдин агымы Ак үйдү көздөй багыт алып, тартылып алынган аскердик унааны алдыга салып жөнөдү. Аянтка жеткенде унаанын үстүндөгү бир жигитти атып түшүрүштү. Ошондон кийин ызы-чуу башталып, Ак үй жактан бир атканда онго жакын адам кулап жатты. Бирок жарадарларды коопсуз жайга жеткирип коюп, кайра аянтты көздөй чабуулга өтүп жаткан адамдар көз алдыман кетпейт.

7-апрелде борбордук аянттагы окуяга көз салган “Азаттыктын” Өзбек кызматынын кабарчысы Гүласал Камалова Борбор Азиянын башка эли үчүн мүнөздүү болбогон, адаттан тыш окуянын күбөсү болгондугуна таң калуусун жашырбайт:

- Менде таң калууну жараткан нерсе - кыргыз элинин бийликтен коркпой нааразылыгын айтып чыкканы болду. Эгерде Өзбекстанда мындай толкундап чыгуулар болсо бул жердегиден да каардуу, мындагыдан да кандуу жол менен, 2005-жылдагы Анжиян окуясындай болуп басылмак. Ал жакта мындан да көп адам окко учмак. Бирок мен 7-апрелде аянттагы элдин аларга карата бийлик ок атып жатса да, коркпой Ак үйдү көздөй жулунуп жатканына таң калдым. Артка жылышат да кайра эле алдыга чабуулга өтүп жатышты. Алар Анжияндагыдай таркап кетишкен жок.

Жигиттердин Ак үй тараптан жамгырдай жааган окту көздөй кайра чуркагандыгын мурдагы президент Курманбек Бакиев оппозиция андагы адамдарга башты айланта турган каражаттарды колдонгон деп айтып чыкканы бар.
Бир аз ылдый болсом ок мен отурган жактагы терезеге тиймек экен.


Бирок окуяга баштан аяк аралашып жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Дилденбай андай ой-жоруулар менен макул эмес.

- Эгерде алар маңзаттын же алкоголдук ичимдикти колдонгон болсо, биз ошолордун арасында жүрдүк, бизге байкалат болчу. Канды көргөндө адамдар өздөрүн кармап тура албай жатышты. Мен өзүм коркунуч эмне экендигин унутуп коюп, алардын арасына кантип аралашып кеткенимди билбей калыпмын. Анткени ачууга ууккан жаштар “биздин бийлик бизди атып жатат” деп колуна таш-кесек алып чуркап жүрүштү.

Борбордук аянттагы кандуу окуя “Азаттыктын” кабарчыларынын коопсуздугуна коркунуч алып келген учурлар да катталган. Кабарчыларды аянтка жеткирип, ал жакта күтүп турган айдоочу Бахтияр Амантаевдин унаасына ок жаңылган:

- Мен Токтогул менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерге унаамды токтотком. Аянт жакты бир аз карап туруп, жамгыр жаап киргендиктен кайра машинага кирип отурдум. Анан эле “даң” деген үн чыгып кулагым тунуп калды. Чыксам машинанын алдыңкы жагына ок тийип, ал кадалып калыптыр. Бир аз ылдый болсом ок мен отурган жактагы терезеге тиймек экен.

Талас, 7-апрель, 2010-жыл
6-7-апрелдеги Таласта болгон окуяларды “Азаттыктын” кабарчылары Замира Кожобаева жана Жанарбек Акаев чагылдырып турушкан. Замира Кожобаева башында демонстранттарга күч колдонгон бийликтин күч түзүмдөрү андан эки-үч эсе артык жообун алгандыгын мындайча баяндады:

- Элге милиция туруштук бере албай калган учурда андагы тартип сакчыларына кыйын эле болду. Аларды ИИБ имаратында жашынып жатышкан жеринен сууруп алып чыгышып, кубалап уруп, тепкилеп жатканын көрдүм. Айрымдарын ажыратып алып, ал жерлердеги элдин үйлөрүнө жашырууга кол кабыш кылып жүрдүк. Мында эми жаалданып калган адамдарды да түшүнсө болот. Анткени алар башында милициядан токмок жешти да.

Кыргызстандын тарыхында кандуу издер менен калган апрель окуяларын чагылдырган материалдарды “Азаттыктын” интернет барагындагы архивден окуй аласыз.
XS
SM
MD
LG