Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Президент Роза Отунбаева АКШда иш сапары менен болду. Коалиция кыл учунда турганы айкын болду. Сот Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиевди актады.

Коалициядагы кризис

Жазгы талаа жумуштары башталаар алдында Кыргызстанда жылдагыдай эле саясий кризистин эпкини келе баштады. Саясий кризистин биринчи толкуну “Ата Мекен” партиясынын “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабановду коррупцияга байланыштуу айыптоосу менен келди.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын ошол эле Бабановду “Мегаком” боюнча айыптоосу, ага кошул-ташыл моралдык сокку болуп калды.

“Ата Журт” фракциясынын жоон топ депутаттарынын коалиция жетекчилигине нааразычылыгы башкаруучу коалиция тароо алдында экенин тастыктагансый.

“Республиканын” демилгеси менен түзүлгөн коалициянын курамында 77 депутат бар. Коалициянын бузулушу үчүн кеминде 17 депутат андан чыгууга тийиш. “Ата Журттун” депутаттары тастыктагандай, коалициядан чыгууга 19 депутат даяр турат. Ошондуктан коалициянын бузулушу өтө реалдуудай көрүнөт.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марат Султановдун айтымында, мына ушул катаал реалдуулук өкмөт башчы менен анын биринчи орун басарын 11-мартта парламентке келүүгө аргасыз кылды:

- Премьер-министр өзү келсе, биринчи вице-премьер-министр убакыт таап келип атса, анда өзүңөр деле мындай бүтүм чыгарсаңар болот. Ачыгын айтканда 19 добуш бар. Бул коалицияны бузууга жетет.

“Ата Журттун” коалициядан чыгууга даярдыгын билдирген депутаттары "өкмөт башчы жана биринчи вице-премьер-министр биз менен кеңешпей, эсептешпей, биздин пикирди укпай жатат" деген дооматтарды коюшкан. Андан сырткары өкмөт башчы коалиция куралып жатканда убада кылгандай бир айдан кийин өкмөттүн жаңы структурасы сунушталган жок. Алмазбек Атамбаев коюлган дооматтарды негиздүү деп таап, кечирим сураган.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Нариман Түлеев коалиция оор абалда турганын тастыктады:

-22сине чейин убакыт бердик. Коалиция боюнча катуу сөз болду. Депутаттар айткандай чын эле коалициянын тагдыры кыл учунда турат. Көп суроолорду койдук. Ошол суроолорду 22-мартка чейин аткарбаса, анда биз коалициядан чыгабыз деген талапты койдук.

“Ата Журт” фракциясы өзүнүн жабык жыйынында кабыл алган чечимдерди жарыялаганга чейин “Республиканын” өкүлү Канатбек Исаев коалиция тараган жок деп билдирген эле:

- Көпчүлүктү түзгөн фракциялардын Жогорку Кеңештеги коалицияда буга чейин да суроолор болгон. Бүгүн да ошондой суроолор пайда болуп, сүйлөшүүлор болду. Бирок коалиция тарайт деген сөздөр чындыкка жатпайт.

Бирок Канат Исаевдин сөзү бүгүнкү күнгө карай чындык болгон менен, ал жакынкы күндөрү тескерисинче айланып кетиши ыктымал.

Башкы себеп президенттик шайлоодобу?

Коалициянын кыйроосунун башкы себептеринин бири - алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу. Парламенттеги фракциялар ал шайлоого өз талапкерлерин катыштырууга аракет жасашууда. “Ата Журт” фракциясы өз талапкерин тандап алганын, бирок анын ысымы азырынча айтылбай турган билдирди.

Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн фракциялар жана парламентке кирбей калган күчтөр өкмөт башында турган саясатчынын президенттик шайлоого катышпай, адилет жана таза шайлоонун өтүшүн камсыздаш керек деген турумда болууда. Алар өкмөт башчы президенттикке талапкер болсо административдик жана башка ресурстарды пайдаланат, натыйжада талапкерлер ортосунда адилет таймаш болбойт деген пикирде турушат.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого катышары күтүлүп турат. Ал эмес башкаруучу коалициянын макулдашуусунун жашыруун бөлүгүндө Атамбаев президенттик шайлоого кетсе, анын ордуна өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабанов келери макулдашылганы кабарланууда.

Өкмөт башчы президенттик шайлоого катышпайт деген формулага “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов макул болууда. Ал өкмөт башчылыкка барууга даярдыгын, ал эми президенттик шайлоого катышпасын билдирүүдө.

Өкмөт башчы шайлоого катышпаган көрүнүш Кыргызстанда өткөн жылы парламенттик шайлоо учурунда колдонулуп, өлкөдө салыштырмалуу таза жана адилет шайлоо өтүүсүнө шарт түзгөнү эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тарабынан белгиленген.

АКШга сапар

Ички саясатта мына ушундай буркан-шаркан окуялар болуп жаткан аптада тышкы саясатта да олуттуу окуялар орун алды. Президент Роза Отунбаева бир нече күнгө созулган сапар менен АКШда болуп, ал жерде президент Барак Обама баш болгон АКШнын алдыңкы жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп келди.

АКШга сапар учурунда президент Роза Отунбаевага Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин “Каарман аял” сыйлыгы ыйгарылды. Бирок ал Мутабар Тажибаеванын кадамы менен оңтойсуз учурга кабылды. Өзбекстандык укук коргоочу Тажибаева 2007-жылы “Каарман аял” сыйлыгын алган. Ал Роза Отунбаевага сыйлыктан ыйгарылышына кескин каршы чыгып, ал эмес өзүнө берилген сыйлыкты тапшырарын билдирип чыкты. Тажибаева Роза Отунбаева июнь коогалаңында өзбек тектүүлөрдү коргоого чара көрбөдү деп нааразыланууда.

Бирок саясий жактан алганда Роза Отунбаева Кошмо Штаттардан толук колдоо алганы маалым болууда. Вашингтон Кыргызстанга демократияны чыңдоо, коопсуздукту бекемдөө багытында жардамын аябасын билдирүүдө.
Баткенде база курулат

Отунбаева жолугушуулардын биринде Кыргызстан Баткенде антитеррордук машыгуу борборун курууга жана чек ара кызматын бекемдөөгө АКШдан каражат сурап жатканын жашырган жок:

- Баткенде база куруу күн тартибинде калып жатат. Мен кыргыз-тажик чек арасына санаам өтө тынч эмес. Бул маселе боюнча биз Москва менен да иштешип жатабыз. Бирок АКШ да жардам караштырып жатабыз. Биз антитеррордук машыгуу борборун курууну каалайбыз. Биздин чек ара кызматы да өтө олуттуу жардамга муктаж.

Президент Роза Отунбаева менен АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфоллдун жолугушуусунда, Макфолл мырза АКШ тарап коопсуздукка байланыштуу бир катар долбоорлорду жакын арада сунуштаарын билдирген.

Талдоочулардын баамында, ал долбоорлордун арасында Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө бул долбоордун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен АКШ өткөн жылы эле иш баштап, бирок токтоп калган.

Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги өткөн жылы март айында борборду куруу үчүн 5.5 млн. доллар бөлүнөрүн билдирген.

Талдоочу Валентин Богатырев антитеррордук борборду АКШ кура турган болсо Кыргызстандын бул жактагы өнөктөштөрүндө суроо пайда болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Баткенде антитеррордук машыгуу борбордун курулушу Кыргызстан үчүн жакшы. Бирок биз жакшы билебиз, антитеррордук борбордо ар кандай багыттагы адистер болот. Алар машыктыруу эле эмес, башка иштер менен да алектенет деген күмөндөр болот. Ошондуктан Орусия, Кытайда кооптонуулар болот. Сөзсүз болот. Анын үстүнө Орусия өзү да биздин түштүктө баңги заттарын ташууга каршы борбор курууга кызыкдар болуп келатат.

Президент аппаратындагы стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Молдалиев америкалыктар Баткенде антитеррордук борбор курушуна орус тарап каршы болбош керек деген пикирин айтты:

- Эгерде чек аранын коопсуздугу сакталса орустарга жаман болобу - маселе мына ушунда. Өздөрү айтып жатат, "Баткенде чек араңарды тоспосоңор наркобизнесиңер каптап кетти, террорчулар келип атат, мунун баары түз Москвага келип атат" деп бизди коркутуп атпайбы. Баткенге антитеррордук борбор курулса ал жалаң эле Кыргызстан үчүн болбойт. Ал регионалдык борбор болот.

Молдалиев Орусия өзү АКШ менен мамилесин оңдоп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин мурунку төрагасы, генерал Рашид Тагаев мындай иштерде абдан этият болуу керек деген пикирин айтты:

- Мунун артында өтө көп саясат, оюндар бар. Муну жакшы талдап, ойлоп, кыргызда айтылгандай “жети өлчөп, бир кесиш керек”. Биз ири уюмдарга мүчөбүз. ШКУга, ЖККУга киребиз. Булардын көз карашы бөлөк деп ойлойм. Ошон үчүн азыраак зыян алып келе тургандай кылып, "кичинээрек бир бармакты кесиш" керек. Ар түрдүү көз караштар, тирешүүлөр, оюндар болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн муну акыл-эс менен калчап, макулдашып, анан кийин кылса болот эле деген ойдомун.

Искак Масалиев акталды

Коалиция ичиндеги окуялар (коррупция боюнча териштирүүлөр ж.б.) жана 1-май райондук сотунун Искак Масалиев жана Үсөн Сыдыков боюнча чечими Кыргызстан өзгөрүү жолунда экенинен кабар берди. Булардын ар бири Кыргызстан үчүн белги бере турган окуялар.

Анткени мурдагы президенттер учурунда коррупция боюнча айыптоолор тийиштүү натыйжасыз, парламентте кеңири талкуусуз, талкуу болсо да олуттуу иликтөөсүз кала берчү. Көбүнэсе “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калчу. Маселен, "Манастагы" май куйуучу ишкерликте коррупция боюнча Акаевдин уулу Айдар Акаев, күйөө баласы Адил Тойгонбаев, андан кийин Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев шектелип, бирок жабык бойдон калып келген.



7-апрелдеги окуядан кийин Убактылуу өкмөттүн айрым жетекчилери, азыр бийлик башында тургандар Транзиттик борбордогу кирешелүү ортомчулукту колдон чыгарбай келди. Бирок ал көзөмөлдөө алардын башына “таяк” болуп тийчүдөй болуп турат.

Мурунку президенттер учурунда саясий оппоненттерди абакка салуу өнөкөт болуп келген. Акаев учурунда Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров отургузулду. Курманбек Бакиев кезинде Исмаил Исаков сегиз жылга кесилди.

Ал эми азыркы бийликке кайсы бир деңгээлде саясий оппонент болгон Искак Масалиевди сот актады. Үсөн Сыдыков болсо шартту түрдө кесилди. Алар өткөн жылы май айындагы башаламандыкка байланыштуу оор беренелер боюнча айыпталып жаткан эле.

Искак Масалиев өзү соттун өкүмүн күтүлгөн чечим катары баалады:

- Бул күтүлгөн чечим болчу. Анткени мыйзамды, тергөө дегенди түшүнгөн адамга мындан башка чечим болушу болбойт эле. Ошондуктан мен ыраазычылыкты билдирем. Ал эми саясий күрөштү улантып аткам, мындан ары да улантамын.

Мамлекеттик айыптоочу Искак Масалиевди 14 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG