Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Чек арада жоголгон жоокердин туугандары коомчулукка кайрылды


Кыргыз-тажик чегинде "Карамык" тозоту. 2012-жыл, август.
Кыргыз-тажик чегинде "Карамык" тозоту. 2012-жыл, август.

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен жоголуп кеткен жоокердин жакындары жардам сурап коомчулукка кайрылды. Анын туугандарынын бири Назир Исмаиловдун айтымында, жоокердин аты-жөнү - Баридинов Бексултан Садирдинович. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну. 19 жашта. 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу "Карамык" тозотунда кызмат өтөп жаткан.

Ал 23-августтан бери дайынсыз. Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана туугандарынын жарым айдан бери уланып жаткан издөө иштери азырынча натыйжа бере элек. Тажикстандык чек арачыларга бул боюнча маалымдалып, алар да өз аймагында издеп жатышат.

Расмий кабарларга ылайык, жоокер кар аралаш жамгыр жаап, туман түшүп турган учурда Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан бойдон кайра келген эмес. Колунда "Калашников" автоматы болгон. Ал жолунан адашып кетиши ыктымалдыгы айтылган.

Бул окуяга байланыштуу чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча командалык башкаруу курамы кызматтан бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG