Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Өнөр адамдары: Гезиттер тагдыр менен ойнобосун


Кыргыз гезиттерине нааразы болгон өнөр адамдары 16-июль, 2013-жыл
Кыргыз гезиттерине нааразы болгон өнөр адамдары 16-июль, 2013-жыл

Өлкөдөгү таанымал өнөр адамдары артисттерди "сары прессадан" сактаган мыйзам зарылдыгын айтып чыгышты.

Алар журналисттердин алдында артисттердин, ырчылардын укугун коргоо үчүн атайын мыйзам иштелип чыкса дешет.

“Сары басма сөз” же орусча айтканда “Желтая пресса” деген эмне? Басма сөздүн ушактарга, сенсацияларга, аңыз кептерге, жаңжалдарга негизделген түрү. Андагы маалымат билим байлыгы катары эмес, көңүл ачуучу товар катары чыгат. Бул “сары гезитке” википедияда берилген аныктама.

Бишкекте маалымат жыйынга чогулган артисттер “сары басылманын” иши жүрсүн деп эмне жеке турмушубуз курмандыкка чабылышы керекпи?" деп суроо коюшту. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева "журналисттер акчанын айынан бирөөнүн тагдырына кол салууда",- дейт.

Калича Сейдалиева
Калича Сейдалиева
- Бир журналист кыз менден интервью алган. Текстти мага окутушун суранганыма карабай жарыялап салыптыр. Акырында “кандай ролдорду ойногуңуз келет?” деп сурады. Мен тигиндей, мындай аялдын образын жараткым келет десем, балчайтып баш темасын “Карыганыма карабай сүйүүнү ойногум келет” деп жазып коюптур. Жолдошумдун алдында “антип айткан эмесмин” деп актандым. Ал эми журналист ошону ойлобойт дагы. Алар акча үчүн тагдыр менен ойношот. Бирок ага эч бир журналисттин акысы жок.

Кайсы бир гезит башкы бетине “Жумалиев карыганда жубайы Роза Аманова таштап кеттиби?” деген аталышты чыгарган. Ичиндеги кабарда “байлык талашып кырылышканга чейин барышыптыр дешет” деп жазылып, аягы “артистти катыным дебе дечү беле?” деген собол менен бүткөн. Бул кабарга ызаланган Роза Аманова Свердлов райондук сотко кайрылган.

- Булар менин сүрөтүмдү коюп, аргументсиз, фактысыз жазып пайда таап жатышат. Мага чалып сураган да жок. Мындай журналисттерге теңелбей эле койолу, бийик бололу деп келатабыз. Бирок качанкыга чейин ошентебиз? Артист – бул өнөр адамы да. Биз дастан жаттайбызбы же ушулар менен эле соттошуп жүрө беребизби? Анда иш кылбай эле ар бирибиз гезит ачып алып каалаганыбызды жазып отура берели.

​Өнөр адамдары жалпы эле азыркы журналисттердин маданий жана адамгерчилик сапаты төмөн экенин белгилеп, калемин коомду тарбиялоого эмес, аны ичтен иритүүгө колдонуп жатат деп нааразы болушту. Эмгек сиңирген артист Юрий Бобков келини, ырчы Жанетта Бобкованын үч жыл мурун Испаниядагы фестивалда сыйлык алуусунда күмөн санаган гезит менен болгон окуясын эскерди:

Коомчулукта кыргыз гезиттери ушакка ыктап баратканы көп айтыла баштады
Коомчулукта кыргыз гезиттери ушакка ыктап баратканы көп айтыла баштады
- “Супер-Инфо” гезити “Жанета өзүн таанытуу үчүн баарына даярбы?” деп жазгандан кийин гезитке барып кечирим сурап койгула десем, макул дешкен. Аны кылбаганда маалымат жыйын өткөргөм. Андан соң Испаниядан келген сертификатты көрсөтсөк да, гезит “андай фестиваль жок, андай конкурс жок” деп жазып жатты. Жанета ошол учурда циркте машыгып жатып кулап кетти, колу-буту сынды. Албетте, ойлонуп атып стресс болду.

Артисттер атын атаган “Учур” ( үстүбүздөгү жылдын 2-июлунан тарта жабылган), “Супер- Инфо” гезит жетекчилери комментарий берүүдөн баш тартты. “Алиби” гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев кыргыз басма сөзүнүн мазмуну азыркы коомдун жана саясаттын деңгээлине жараша болуп жатат деп эсептейт:

- Өнөр адамдарынын жеке турмушуна кийлигишип, төшөгүнө чейин жазгандарга мен да нааразымын. Биздин гезит ага жол бербейт. Бирок журналисттик деңгээлибиз чынында төмөн болуп жатат. Анткени атаандаштык, базар, нусканын аз сатылышы, окурмандардын аз болушу, журналисттерди даярдоо, каражаттын тартыштыгы баары бири-бири менен байланышта болуп жатат. Каражаттын аздыгынан деңгээли төмөн журналисттерге күнүң түшөт.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев эки жактын тең кемтигин белгиледи:

Марат Токоев медиа-эксперт
Марат Токоев медиа-эксперт
​- Артисттердин деле арасында таланттуусу бар, эптеп-септеп жүргөнү бар. Журналисттерде да мыкты жазгандар, курсагы үчүн жүргөндөр кездешет. Чындыгында артисттердин элге таанылуусунда журналисттердин да үлүшү чоң. Ал эми азыркы 16 беттүү гезитти чыгаруу үчүн 2-3 гана журналист иштейт. Анын баарын толтуруш керек, кенен изилдегенге шарт түзүлгөн эмес. Ошондон улам санына көңүл буруп ушакка барып жатышат. Анын үстүнө каражат, убакыт коротуп, тактап жазган журналист менен укканын жаза салган журналисттин айлыгында айырма жок.

Өнөр адамдары бийликтерге кайрылып, искусство адамдарынын укугун коргогон мыйзам болсо дешет. Алардын арасында далай белгилүү артисттер, жазуучулар, актерлор, ырчылар бар. Журналисттердин жоопкерчилиги өлкөнүн бир катар мыйзамдарында көрсөтүлгөн. Мурда жалаа жабуу боюнча кылмыш иши каралган, 2010-жылы ал жобо алынып салынган. Азыр абийирге, ар-намыска жана иш беделине доо кетиргендиги боюнча акчалай жазалар бар.
XS
SM
MD
LG