Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

БУУ эксперттери Азимжан Аскаровду абактан бошотууга чакырууда


Азимжан Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек. Бул тууралуу бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети тараткан билдирүүдө айтылат.

"Саясий активист жана журналист Азимжан Аскаров тез арада абактан бошонушу керек, себеби ал мыйзамсыз камалган, өтө оор шартта кармалган, кыйноого жана ырайымсыз мамилеге кабылган жана соттук териштирүү үчүн өзүн коргоого тиешелүү деңгээлде даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган" деп айтылат комитеттин эксперттеринин билдирүүсүндө.

​Ошондой эле БУУ комитети Аскаровдун Кыргызстанга каршы арызын карап чыгып, ал боюнча өкүмдү жокко чыгарууга үндөдү.

Билдирүүдө "Жалалабаддык укук коргоочу Аскаров 10 жылдан бери өзү жашаган Базар-Коргон шаарында күч органдары менен абак кызматкерлеринин адам укугун бузган фактыларын каттоого алып жүргөн. 2010-жылдын 15-июнунда этникалык зомбулук окуяларынан кийин кармалган жана улут аралык кастыкты, башаламандыкты козуткан, окуя учурунда мерт кеткен милициянын офицерин өлтүрүүгө катышкан деген айып боюнча соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган" деп айтылат.

Курамына 18 көз каранды эмес эксперт кирген комитеттин белгилешинче, Кыргызстан Аскаровго карата Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактты бузду. "Кыргызстан Аскаровдун арызданууларын ыкчам жана натыйжалуу териштирүүнү камсыз кылган эмес".

"2013-жылкы териштирүү маалында 100гө жакын күч, сот, прокуратура кызматкерлери суралган, бирок Аскаровдун адвокаттары, аны абакта кармалган шартын көргөн укук коргоочулар, туугандары суралган эмес" деп айтууда эксперттер.

Корутундусунда алар "зарыл болсо жаңы соттук процесс жүргүзүлүшү керек" деп билдиришти.

Кыргызстанда Аскаровго 2010-жылы июнь окуясында улуттук казчылыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG