Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Футбол: Кыргызстан-Австралия 1-2

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын беттеши өттү. 2-1 эсебинде австралиялыктар жеңгени менен кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөттү.

Кыргызстан-Австралия курамалары 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунун 2-квалификациялык тандоо оюндарынын алкагында ойноду.

Дүйнө чемпиондугуна экинчи айлампалык тандоонун оюндары 11- июнда башталган. Кыргызстан “В” тайпасында Бангладеш, Тажикстан, Иордания жана Австралия курамалары менен бир тайпага бөлүнгөн. 2016-жылдын март айынын аягына чейин аталган командалар үйдө жана конокто ойношот. Алгачкы беттешинде Кыргызстан мындан беш күн мурда Бангладеш өлкөсүнүн футболчуларын 3:1 эсебинде утуп алган. Бул күнү Тажикстан менен Иордания курамалары ойноп, тажик футбочуларын иорданиялыктар 3:1 эсебинде уткан эле. Бангладеш курамасы менен беттешке чейин кыргыз футболчулары бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында машыккан. Ага чейин бир катар машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрүштү.

Улуттук курамага Кыргызстанда төрөлүп, европалык клубдарда ойноп жүргөн бир нече футболчулар чакырылган. Алардын арасында Германдияда жашап, ойноп жүргөн Виктор Майер (SV Meppen), Сергей Евлюшкин (KSV Hessen Kassel) жана Виталий Люкс (“Нюрнберг-2”), ошондой эле Польшанын Widzew клубунда ойногон Эдгар Бернхард дагы бар. Алгач кыргыз курамасында ойноп жүрүп, Казакстандын жарандыгын алып кеткен Антон Землянухин дагы кайрадан кыргыз футболчуларынын катарына кошулду.

00:56 17.6.2015

00:17 17.6.2015

23:50 16.6.2015

23:49 16.6.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG