Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Сыйлык берилбейт, күткөндөр нааразы


Кыргыз драма театрындагы спектаклден бир көрүнүш
Кыргыз драма театрындагы спектаклден бир көрүнүш

Айрым маданий ишмерлер кесиптик майрамында мурдагы жылдардай татыктууларга мамлекеттик сыйлык таратылбай калганына нааразы.

Былтыр мамлекеттик сыйлык берүүгө жаңы мыйзам кабыл алынып, анын жол-жобосу ирээтке келмейинче мораторий жарыяланган.

Кыргызстанда 2-ноябрда маданият кызматкерлердин күнү белгиленет. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын драма театрында да мамлекеттик сыйлыкты көптөн бери күтүп жүргөндөр бар.

Театр жетекчиси Мурат Кыдыралиевдин айтымында, артисттер адатта моралдык жана материалдык жактан колдоо үчүн сыйлыкка умтулушат:

- 70ке жакындап калган, 70тен өткөн артисттерибиз бар. Жыл сайын сыйлыкка көрсөтөбүз, жыл сайын жок. Мораторий жарыялангандан бери көрсөтпөй калдык. Бизде Нарында тоо шартына байланыштуу республиканын башка театрларына салыштырмалуу айлык көбүрөөк, бирок ошондо деле аз болуп жатпайбы. Кичине айлыгына, пенсиясына акча кошулганын, айрым бир жеңилдиктерин карап эле мамлекеттик сыйлык алууга умтулушат. Ушул эле нерсе үчүн кандай гана жол менен болсо да алыш керек дешет. Кандай гана жолдор менен алып атканын көрүп жатпайбызбы. Сыйлык берүүнү же таптакыр жоюш керек, же болбосо ирээти менен калыс бөлүштүрүп бериш керек. Болбосо ызы-чуу, нааразылык, чатактын баары ушундан чыгып жатат.

Кыргызстанда мамлекеттик наам берүүгө былтыр мораторий жарыяланган. Мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти Эрнис Апилов сыйлыктар боюнча мыйзам 1996-жылы кабыл алынганын жана ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын айтууда. Былтыр жыл башында президенттин жардыгы менен жумушчу топ түзүлүп, жаңы мыйзам долбоор даярдады. Ошондуктан жаңы мыйзам кабыл алынмайынча сыйлыктар убактылуу берилбейт, дейт Апилов:

- Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылы, 9-январындагы №1 буйругу менен мамлекеттик сыйлыктарды ирээтке келтирип, жакшыртуу максатында жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ мыйзам долбоор даярдап парламенттин кароосуна жөнөттү. Жогорку Кеңеш карап, жактырып, президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин, биз кайра мораторийди жоюп, мамлекеттик сыйлыкты берүү процессин баштайбыз. Ага чейин бир дагы адам мамлекеттик сыйлык менен сыйланбайт, ал эми азыр берилип жаткандар болсо мекемелердин сыйлыктары.

Жумушчу топтун курамында Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов бар. Анын пикиринде, мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартуу зарыл:

-“Мыкты экономист, мыкты юрист” деген сыйлыктар абдан көп. Бирок тилекке каршы, биздин экономиканын абалы жакшы эмес да. Ошондой эле искусство, маданият жаатында да сыйлыктар көп болуп жатат. Мурунку президенттин тушунда депутаттарга, саясатчыларга мамлекеттик сыйлыктар жөн эле берилген. Ошону иреттеш керек. Мамлекеттик сыйлыктарды жойбойбуз, бирок алардын санын кыскартуу керек.

Депутат жаңы мыйзамда сыйлык берүүнүн жол-жоболору ачык болоорун айтууда:

- Кайсы киши мамлекеттик сыйлыкты ала алат деген критерийлер болот. Процесс албетте ачык болот. Мисалы президенттин аппараты сыйлыкка көрсөтүлгөн киши, анын өмүр баяны тууралуу маалыматты коомго ачык жарыялайт. “Ушул киши, ушундай эмгектери үчүн сыйлык алып жатат”, деп ачык жарыялайт. Ушул өңдүү ачык процесстер болот. Биз ушундай өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.

Азыркыдай сыйлык берүү жөрөлгөсү Советтер союзунан калган. Коомчулукта соңку кездери сыйлыктын кадыр-баркы кеткени, коррупциянын булагына айланганы тууралуу пикирлер арбын айтыла баштаган эле.

XS
SM
MD
LG