Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Таятамдын алмасы


Бул сүрөттөгү бай түп алма дарагы 50 жашка чыгып калды. Аны таятам тиккен. Өмүрүндө бир дарак тигип, уул өстүрүп жана үй салган эркек гана чыныгы эркек болот дешет. Меннн таятам Кочкорбай Алайдагы тоолуу айылда эң биринчилерден болуп мөмө-жемиш багын өстүрүп, шиферленген там салып жана 3 уул өстүргөн.

Таятамдын көзү өтсө да мен жыл сайын айылга барып, таятам өз колу менен өстүргөн бактан алма, алча, алмурут, өрүк терип жейм. Өзүм да жылда чырпык сайып келем. Бирок алар азырынча мөмөлөй элек. Качандыр бир аларга менин неберелерим чыгып, «Чоң атам өстүргөн дарак» деп сыймыктанышын каалайм.

Азамат Маматалы уулу, Ош шаарындагы "Олимп" мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу
XS
SM
MD
LG