Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Тар жол, тайгак кечүүдөн өткөн Төлөмүш ага


Төлөмүш Жакып уулу иш учурунда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Төлөмүш Жакып уулу иш учурунда. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Төлөмүш Жакып уулу ”Азаттык” үналгысынын алгачкы журналисттеринин жана жетекчилеринин бири болгон.

Төлөмүш Жакып уулу он жети жашында Улуу Ата мекендик согушка аттанып, фашисттик армиянын туткунуна түшүп, далай кордук көрүп, кийин “эл душманы” деген жалган жалаага кабылган. Согуштан кийин Батышта жашап калган Төлөмүш Жакып уулу отуз жылдай убактысын “Азаттык” радиосуна арнаган. Ал ар күнү “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн коңур үнү менен баштап турган.


Төлөмүш Жакып уулу тууралуу радиобаянды бул жерден угуңуз




1967-жылы “Азаттык” радиосунун “Түркстан редакциясы” экиге бөлүнүп, анын бирөө “Түштүк Түркстан” деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде уктурулган. Экинчиси “Түндүк Түркстан” редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. Бул учурда кыргыз тилиндеги берүүлөрдү Төлөмүш Жакып уулу жалгыз даярдап турган.

1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы “Азаттык” үналгысын) Төлөмүш Жакып уулу 1984-жылга чейин жетектеген.

2003-жылы Нью-Йоркто «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолукканыбызда ал АКШга кетээрде Төлөмүш Жакып уулун өз ордуна калтырганын, ал далай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин, тар жол, тайгак кечүүдө да кыргыз деген атты сактап калганын айткан эле:

- Кийин Америкага кетишти чечтим. Төлөмүш агаңдын билими жетишпесе да, менин ордума түркмөндү көтөрүп, түркмөндүн ордуна катчы кылып кыргызды коюп, Төлөмүш ошондо калды. Байкуш көп кордуктарды көрдү. Кандай күндөрдү баштан кечирсек да кыргыз деген атты сактап калдык.

25 жыл “Азаттык” радиосунда кабарчы, акыркы жылда жетекчи болуп иштеген Мамашарип Казы Төлөмүш Жакып уулун устатым, мекенине чындап күйгөн патриот инсан эле деп эскерет:

- Азаттыкка барганда Төлөмүш ага мага кыргызчаны жана радиожурналистиканы үйрөттү. Ошону менен өстүм. Төлөмүш аганын мага көп пайдасы, жардамы тийген. “Азаттык” радиосунда Төлөмүш ага жалгыз кыргыз эле. Жалгызсырап жүргөн үчүн чындап бир тууган инидей кабыл алып, каякка барса да мени алып жүрүп, мага үйрөтүп, түшүндүрүп, кыргызчаны үйрөнүүмө жардам берди. Абдан жакшы, алтын киши эле. Кыргызстан үчүн Төлөмүш Жакып уулундай күйгөн адамды мен эч жерден көргөн эмесмин.

Нарын райондук элге билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Кенжебай Кыдыров атасы Кемел Кыдыров Төлөмүш Жакып уулун окуткан мугалим болгонун айтып берди. Ал Совет доорунда атасы “Азаттык” үналгысын жашырынып угуп жүргөнүн, 1992-жылдын майында Төлөмүш Жакып уулу өз мекенине келгенде ага жолукканын эскерди:

- Атамдын сүрөтүн көрсөтүп, тааныйсызбы десем: “ооба, тааныйм, бул адам менин мугалимим болгон, сен кимиси болосуң” - деп сураган. Анан экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Чүй өрөөнүнө барып калдык. Рахманкул хан менен үйүндө түшкөн сүрөтү бар экен. Көрсө Төлөмүш агай Рахманкул ханга жылына эки жолу барып жолугуп турчу экен.

Нарын районунун мурдагы акими, коомдук ишмер Төлөбек Өмүралиев 1992-жылы Төлөмүш Жакып уулу айылына келгенде тосуп алышканын айтып, кыргыз элин, туулган жерин сагынганын, топуракты жыттап, көзүнө жаш алганын мындайча сүрөттөп берди:

- Мен Төлөмүш аганы Долондун түшө калган жерде тосуп алып, эл-журту менен бир нече жолугушууларды уюштуруп, оозмо-ооз сүйлөшкөм. Ал кишини айткан сөзү бар, “жер ушунчалык көп экен бирок жалкоо экенсиңер” деген. Мен ушул сөздү азыркы күнгө чейин эстейм. Айылына жакын калганда менин “Волга” машинамды “токтотчу” деди. Жерге түшөөрү менен кан басымы көтөрүлүп кетти го деп ойлодум. Карасам ал киши жерди кучактап өөп, жыттат, ыйлап жатыптыр. Анан мен топуракты сагындым деп айткан. Адамга өйдө карап сүйлөбөгөнү, токтоо мүнөзү, Батышта көп жыл жашаса дагы кыргыз тилин, дилин унутпаганы, мекенчилдик мүнөзү мага абдан жаккан.

Төлөбек Өмүралиев жаш муундарга анын атын калтыруу үчүн айылдагы мектепке атын берүү, музей ачуу демилеси көтөрүлүп, бирок учурда бул маселе дале чечилбей ара жолдо турганына кейиди.

Нарын облусунун мурдакы губернатору Кемелбек Ашыралиев Төлөмүш Жакып уулу мекенине келгенде кызыктуу жолугушууларды өткөргөнүн айтып, жаңы уюшулган облустун муктаждыгына кошумчам деп 1000 доллар бергенин эскерди.

Дагы бир кызык окуя. Кыргыз эл артиси, маркум Асек Жумабаев 1967-жылы Канададан “Азаттык” үналгысынын башында тургандардын бири Азамат Алтайга жолугат. Андан 1943-жылы Улуу Ата мекендик согушта өлдү делген айылдашы Төлөмүш Жакып уулу тирүү экенин “Азаттыкта” бирге иштешерин угуп, ага салам айттырат.

Асек Жумабаев Канададан келери менен СССРдин коопсуздук комитети күтүүсүз жерден Москвага чакырат. Барары менен ага Асанакун Асанбаев деген жаңы паспорт берилип, коопсуздук комитетинин эки кызматкеринин коштоосунда Төлөмүш Жакып уулуна жолугууга Германияга, Мюнхенге барат. Учурунда совет бийлигинин кийлигишүүсү менен Төлөмүш Жакып уулун эл душманы деп айтыптаган жердеши Асек Жумабаев кийин Кыргызстан эгемендик алганда экөө 1992-жылы жолугат. Айылдаштар бирин-бири кечиришип, чер жазыша сүйлөшүп, үч күн ырдап берип, үйүндө коноктогонун Асек Жумабаев эскерип калчу эле.

Төлөмүш Жакып уулу спортко да кызыгып, а түгүл Мюнхен шаарынын волейбол спорт клубунда ойногонун аны жакындан билгендер айтып, спортчу катары да эскерип жүрүшөт.

Нарын шаарынын тургуну, коомдук ишмер Зарылбек Аркулов Төлөмүш Жакып уулунун атын көчөгө, мектепке ыйгаруу керек деген пикирге кошулат:

- Бул киши тууралуу эски муундар билгени менен кийинки муундар толугу менен жакшы билбейт. Биз өзүнчө мамлекет болуп, эркиндикке, бийликке жетип, өз тагдырыбызды өзүбүз чечтик дегендин бир белгиси ушул. Кыргыздын үнүн чыгарып келген агабызга биз таазим кылып эскерүүгө милдеттүүбүз. Менимче, мунун аркасында чоң-чоң эскерүү кечелери өтүп туруусу зарыл. Айылына көчөнүн атын, мектептин атын берсек дурус болор эле.

Төлөмүш Жакып уулу Нарын районуна караштуу Байгазак айылында 1926-жылы туулган. 1992-жылы декабрда Мюнхенде каза болгон. Жубайы Майра Жакып келини Бактыгүл деген ысым менен “Азаттык” радиосунда 20 жыл диктор, кабарчы болуп иштеген. Учурда кыздары Тилек, Зайна жана Жамийла менен Мюнхенде жашайт.

Төлөмүш Жакып уулунун 80 жылдыгына карата Нарын шаарындагы музейде жеке бурчу ачылган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG