Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

"Азаттыктын" мурдагы жетекчилеринин бири Нарын Айып менен маек

Нарын Айып 1993-2007-жылдары "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Германиядагы, Чехиядагы баш кеңселериндеги кыргыз бөлүмүнүн кызматкери, башкы директор орун басары, баш редактору болуп иштеген. 1990-жылы Москвада чыккан "Мүрөк" аттуу кыргыз тилдүү алгачкы эркин гезиттин ээси.

Өткөөл доордун таржымалы

“Азаттык”:
Сиз кесибиңиз боюнча физиксиз да. Анан кантип “Азаттыкка” келип калдыңыз?

Нарын Айып: 1990-жылы ноябрда мен Москвада “Мүрөк” деген гезит чыгардым. Ага чейин Москвада аспирантураны бүткөндөн кийин эле СССР Илимдер Академиясында иштеп калгам. Журналист болом, жазам деп ойлогон деле эмесмин.

“Азаттык”: Эгемендиктин желаргысы уруп калган кез анда...

Нарын Айып: Ары-бери болуп турган кез эле. Кайра куруу, КГБ бар, Компартия бар. Ошондуктан, гезиттин экинчи саны чыгар-чыкпасы арсар болуп турган. Биринчи санын Мюнхенге, “Азаттыкка” салып жибергем.

“Азаттык”: “Азаттыкты” мурда эле билчү белеңиз?

Нарын Айып: Угуп жүрчүбүз. Биякта жок маалыматтарды берчү. Экинчиден, тээтиги батыштан кыргыз тилинде берип атса, ким болсо да кызыгат да. Москва убактысы боюнча таңкы беште ойгонуп угуп алып, анан кайра уктачумун (күлүп). Анан телефон чалышты. Ошентип байланышып калдык.

Кыргызстандан бир кабарчы табат элем деп, СССРге биринчи болуп Аким Өзгөн келген. “Эй, сени ал жерден КГБ кармап, камап салат” деп да айтышкан экен. Эрдик кылган да, болбой эле келип, жергиликтүү адамдардан ишке алган. Эң биринчи Кадыралы Коңкобаевди тапкан. Ал кезде Москвада докторантурада окучу эле. Менин гезитимди алып, андагы макалаларды эфирге окуп турчу.

“Азаттык”: Негизи эле чет өлкөдөн чыккан кыргыз тилдүү радио жомоктой угулчу экен ал кезде, айтып отурушса. Андагы кыргыздар батышка ар кандай тагдырлар менен барып иштеп калышкан экен. Биринчи кезекте Азамат Алтайды айтып жүрүшөт...

Азамат Алтай

Азамат Алтай

Нарын Айып: Азамат Алтай албетте. Менимче, эң көп салым кошкон Төлөмүш Жакып уулу жана Аким Өзгөн. 1953-жылы “Азаттык” түзүлүп жатканда “Түркстан-1”, “Түркстан-2” деген бөлүмдөрүнө Азамат Алтай кирип калган экен. Бирок, ал бир айча иштеп, анан ордуна Төлөмүш Жакып уулун таап, өзү Америкага кеткен. Төлөмүш Жакып уулу 1953-жылдан тартып 31 жыл бою кыргыз бөлүмүн жетектеген. 1976-жылы "Эркин Европа/Азаттык" бириккенде кыргыз кызматын түзүүгө жетишип, ошого биринчи директор болгон.

Анан 1984-жылы пенсияга кетип атканда Азамат Алтайды кайра чакырышкан. Алтай беш жыл иштейм деген убада менен келип, беш жылдан кийин ордуна Аким Өзгөндү таап, калтырган. Ал радиого абдан көп салым кошту. Билимдүү, батыштын да, кыргыздын да турмушун жакшы билгени үчүн 90-жылдардагы кыйчалыш учурду көтөргөн.

Төлөмүш Жакып уулу

Төлөмүш Жакып уулу

Ал кезде суткасына “Азаттык” эфирге жарым саат чыкчу. 1993-жылы Баян Жумагулова менен Жаңыл Чытырбаеваны кызматка алгандан кийин программа бир саатка узартылган. Прагага көчкөндөн кийин штатыбыз кыскарганына карабай программаны андан да көбөйттүк. 1996-жылы эки саатка жетти. Кийин Венера Жуматаева менен Улан Алымкул уулу кошулган кезде жалпы программа беш саатка чыкты.

“Азаттык”: Негизи эле кыргыз кызматынын башка кызматтарга караганда тынымсыз иштеген тетик кызмат деген барк-баасы бар экен...

Нарын Айып: Ошентип айтышат. Бир эле мисалды айтып коёюн, жумуш тогузда башталса, Аким бир жарым саат эрте келип, “Нью-Йорк таймс”, “Лос-Анжелес таймс”, “Правда” сыяктуу белдүү гезиттерге эмнелер чыкты, бүгүн кандай материалдарды обого беришибиз керек - ар бир кызматкерге бардыгын даярдап койчу. Ошону үйрөнүп, кийин улантканга биз да аракет кылдык.

“Азаттык”: Сиз конкурска катышпай эле жеке чакыруусу менен иштеп калдыңызбы?

Нарын Айып: Жок. 1992-жылы Бишкекте өткөн сынакта тандалган үч адамдын экөө (Баян менен Жаңыл) барып, бирөө барбай калыптыр. Аким Өзгөн Москвага келгенде “Бишкекте сынак өткөрөт экенсиңер, аны биз билбей калат экенбиз, бу кандай?” деп таарыныч кылгам. Анан мени Мюнхенге чакырып барып, ошол жерден англис тилинде сынактан өткөрүшкөн. Анда биринчи талап – журналистика, экинчиси англис тилин жакшы билүү керек болчу.

Аксы окуясы кантип ашкереленди?

“Азаттык”: “Азаттыктын”, айталы, ошол сиз жетектеген кыргыз редакциясына кандай талап коюлчу эле?

Нарын Айып: Эл аралык маалымат каражаттарына коюлган эле кадыресе талап болчу. Бул жерде дагы бир айтып койчу нерсе, “Азаттык” 1953-жылы алгач түзүлгөндө батыштын чыгышка карата пропагандасынын куралы болчу.

Аксы окуясынын курмандыктарына арналган эстелик. Боспиек айылы, 17-март, 2012.

Аксы окуясынын курмандыктарына арналган эстелик. Боспиек айылы, 17-март, 2012.

Экинчиден, жетишпеген маалыматтар менен камсыз кылып туруу эле. Калганы жалпы маселелер. Бирок 1956-жылкы Мажарстан көтөрүлүшүнөн кийин “Азаттык/Эркин Европа" радиосуна тең салмактуу болбой калды деген катуу сын айтылып, ошондон кийин бейтараптык боюнча редакциялык катаал саясат иштелип чыккан экен. Эки же үч булактан алыш керек, ырбатпаш керек, тескерисинче мунасага келтирүү аракеттерин көрүш керек деген. Өзгөчө диний, улут аралык маселелер тууралуу миллиондогон адамдарга кабар берген журналист бир тараптуу маалымат таратуу, кээ бир фактыларды айтпай коюу аркылуу оңой эле ырбатып коет.

“Азаттык”: Сиз Мажарстанды айтып калдыңыз. 2002-жылкы Аксы окуясында сиз башкы редактор болчусуз. Бардык жоопкерчилик сиздин жана Бишкек бюросунун моюнунда эле. Азыр эми канча жыл өттү, тарыхка кетти. Аксы окуясын биз туура чагылдырдык беле?

Нарын Айып: Эгер “Азаттык” болбогондо окуялар таптакыр башкача нукта өнүгүп кетмек. Анткени өлгөн адамдардын ок тийген жерлерин бычак менен чукуп, колдоруна таш, бөтөлкө карматып, сүрөткө тартып, анан булар мас болуп алып мушташып, бири-бирин өлтүрүшкөн деген версия даярдашкан. Окуя жекшемби күнү, 17-мартта болуп жатат. Гезиттер ал кезде жумасына эки жолу чыкчу: шейшемби, жума күндөрү.

Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов Бишкектеги бюро башчы Кыяс Молдокасымовго чалып, ал үнүн кечки бештерде тасмага телефон аркылуу жаздырып, Прагага салат. Кабарчы ооруканага да барып интервью алыптыр. Интервью алгандардын бирөө эртең мененкиге жетпей өлүп калган. Үнүн дароо тазалап, жекшемби күнкү эфирге коштук. Анан мен отуруп алып бардыгын орус, англис тилдерине которуп, электрондук почта аркылуу таратып жибердим. Электрондук почта аркылуу жиберилген маалыматтар Америкадагы, Европадагы университеттерге, илимий изилдөө борборлоруна, Москвадагы маалымат каражаттарына, анча-мынча экспертмин дегендердин бардыгына жетчү.

“Азаттык”: Демек, Аксыны акыйкат чагылдырууда “Азаттыктын” ролу чоң болгон деңиз?

Нарын Айып: Абдан. Ошол эле күнү бүт дүйнө жүзү Боспиектин жанында бараткан адамдарга ок атылганын, өлгөн адамдарга бийлик күнөөлүү экенин дароо билди. Шейшембиге маалымат каражаттарына даярдалып жаткан расмий маалыматтар жокко чыгып калбадыбы. Кийин, май айында өкмөт башчы Николай Танаев маалымат согушунда “Азаттык” менен эркин маалымат каражаттарына уттурдук деп айтпадыбы.

“Азаттык”: Акаев да “Азаттык” маалымат террорун жасады деп чыкты эле...

Нарын Айып: Эми аны апыртып айтты. Эч кандай террор эмей эле болгон маалыматты таратып аттык да.

“Азаттык”: Бул эми “Азаттыктын” барк-баасынан да болсо керек, психологиялык кысымдарды эске албаганда, тигил же бул журналистке тикелей, ачык куугунтук боло элек. Бирок Аксы окуясында психологиялык басым күчтүү болгон. Коопсуздук комитетине барганыңыз эсимде.

Нарын Айып: 2002-жылы марттан күзгө чейин аябай катуу басым болгон. Айрыкча Ырысбай Абдыраимов катуу жабыркагандыктан, жөн эле эс алсын деп Прагага үч айга чакырганбыз. Тирешүү болуп кетпесин деп жайында Чарльз Карлсон экөөбүз Кыргызстанга келип, ар кайсы саясатчылар, депутаттар, министрлер менен, Коопсуздук комитетинин башчысы Калык Иманкулов менен жолугушуп, жөн салды пикир алыштык. Биз өз милдетибизди аткарып, болгонун болгондой берип атабыз, силер өзүңөр жыйынтык чыгаргыла деп сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин бир аз жумшаргандай болду.

Ал кезде популярдуулук жогору болчу аябай. “Азаттыктын” ар бир сөзү акыркы чындык катары кабыл алынып турган. Жоопкерчилик да ошончо болушу керек эле. Ошондуктан ката кетпегидей кылып, ар бир маалыматты үч-төрт жолу текшерип, кичине эле күмөн саноо болсо эфирден алып салып – бир топ эле так иштегенбиз.

“Азаттык”: Ал учурда “Ала-Тоо кабарлары” деген рубрикага артыкчылык берилчү. Сиз кабарларды орус, англис тилдерине дароо которчусуз. Бул өз демилгеңиз беле же талап беле?

Нарын Айып: Жок (күлүп). Бул менин жеке демилгем болгон. Бир жолу Замира Сыдыкова айтып калды. Брюсселге, Европарламентке барса жолуккандар “биз силерди билебиз, “Азаттык” жазып атат, кечээ силерде мындай окуя болгон, мурдагүнү бул болгон” деп айтып киришиптир.

Демократия орносо "Азаттык" жабылат

“Азаттык”: Мурда “Азаттык” радио деп эле таанылса, азыр эми мультимедиалык тармак катары өнүгүп кетип баратат. Бүгүн "Азаттык" эмнеси менен өзгөчөлөнүшү керек?

Нарын Айып: Айтылбай калгандарды, башкалар айтпаганды берип турса – ошондо баркы көтөрүлөт, эл угат.

“Азаттык”: Кыргызстандын басма сөз эркиндигине жол ачылган бүгүнкү шартта ошондой айтылбай калганы барбы, сиз иштеп жаткан КТРде, мисалы?

Нарын Айып: Бар. Албетте, бар. Эми КТРдин макамы башка да. Чын эле көп нерсени айта албайсың. Экинчиден, аудиториясы чоң болгондуктан, ар бир калпыс нерсени айтып койгондон ырбап кетиши мүмкүн дегенди ойлонуп туруш керек.

“Азаттык”: Сизди абдан талапкөй редактор деп билчү элек. Өзүңүздү “Азаттыкта” кандай редактор болдум деп ойлойсуз?

Нарын Айып: Илимий ишке байланыштуу болду окшойт. Мен Москвада биринчи илимий макаламды жазганда жазылган нерсени кантип оңдоп салса болорун көргөм. Жетекчим - Лев Соломонович Полак деген дүйнө билген атактуу окумуштуу болчу. Мен жаздым. Ал оңдоду. Диссертациянын негизи саналган беш-алты барактык биринчи макалам болчу. Аны “Химия высоких энергий” деген журналга алып бардым. Бир жумадан кийин чакырганынан барсам – тамтыгы жок. Мен жазгандан он эсе жакшы болуп калыптыр. Редакциялоо деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Сөздөрдү ордун алмаштыргандан эле мазмунга кандай өзгөрүү кирерин түшүнсө болот. Биздин Кыргызстанда окуган журналисттер андайларга көп көңүл бурбайт.

“Азаттык”: Менин да эсимде, ар бир жолу айрыкча “Ала-Тоо кабарларына” чыкканда, башкы темаларды алып чыкканда, экономикалык темаларда өзгөчө сандардан сактанчубуз. Биз угармандар үчүн эмес, сиз үчүн жазып жаткандай болчубуз. Бул мектептин бизге пайдасы тийди. “Азаттыктан” өзүңүз эмнени үйрөндүңүз?

Нарын Айып: Тажрыйба. Эл менен, жамаат менен иштешкенди үйрөндүм. Батыштын көз карашы такыр башка. Москвада мен он жети жылдай иштеп калдым. Ал жерде деле кичине эле туура эмес болсо дароо тирешмей, сүйлөшпөй коймой бар. Батышта сабырдуулук бар. Канча тирешүү болсо дагы мамиле түзүп, андан ары өнүгүү керек деген нерсе бар. Бирок эми андай идеалдуу нерсеге эч ким жете албайт экен, мүчүлүштүктөр болуп турат экен.

“Азаттык”: Азыр “Азаттык” башкаларга окшош эле болуп калды деп атпайсызбы. Кыргызстанга бүгүн ал керекпи?

Нарын Айып: Бул маселе 91-жылы чыккан, "Эркин Европа/Азаттыкты" жабыш керек, милдетин аткарды, СССР чачырады, идеология мындан ары жок болот деп. Фукуяма "тарых токтоду" деп айтпады беле. Ошо кезде Михаил Горбачев бул туура эмес, “Азаттыктын” мааниси азыркыдан да жогорулайт деп чыккан. Мунасасы ушундай болду – каражаты үч эсе кыскартылып, Мюнхенден Прагага көчүрүлдү. Чехиянын президенти, “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы Вацлав Гавел Праганын борборундагы эски федералдык парламенттин имаратын бекер, символикалуу түрдө айына бир крон акыга киргизди. Ошол бир топ каражатты үнөмдөп берди. Анан жаңы технология чыкты, компьютерге өттүк.

Вацлав Гавелдин "Азаттыктын" баш кеңсесиндеги сүрөтү. Прага, 17-декабрь, 2012.

Вацлав Гавелдин "Азаттыктын" баш кеңсесиндеги сүрөтү. Прага, 17-декабрь, 2012.

Мюнхенде биз магнитофон менен иштечүбүз. Тасманы кесип, чаптап дегендей. 1995-жылга чейин интернет деген эмне экенин билчү эмес элек. Анан 96-жылдын сентябрынан тарта жанагыдай кабарларды орусчага которуп, элге таратмай башталган. Кыргызча сайт болсо кечирээк, 2002-жылы ачылды. Жалпы радионуку мурдараак ачылган. Ал үчүн да качан жасайсыңар деп бир топ күрөшүп жүрдүк.

“Азаттык”: Ошентип, бүгүн “Азаттык” Кыргызстанга керекпи?

Нарын Айып: Керек, албетте. Анткени, өткөөл мезгил бүтө элек. Экинчиден, көп жетекчилер, мамлекеттик уюмдар көп нерсени ачык айтпайт. Пресс-конференция деген оору абдан күчтүү. Коррупция абдан тараган. Ага кээ бир жергиликтүү маалымат каражаттарынын тиши өтпөйт, айта албайт. Кээ бир журналисттердин, басылмалардын даярдыгы жетишпейт.

Тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгү бар болгон үчүн “Азаттык” ошолорду көтөрүп, айтылбай жаткан нерселерди алып чыкса, албетте, мааниси зор. Азыркы учурда көптөгөн саясатчылар жаппаш керек деп чыкканын ошол 91-жылга салыштырат элем. Бирок негизи жабылууга баратат да, мисалы, “Азаттыктын” чех кызматы сыяктуу.

“Азаттык”: Жабылды деген демократия биротоло орноду дегенди билдирет эмеспи.

Нарын Айып: Мисалы, антикоррупциялык кызмат сыяктуу. Күрөшүп отуруп жеңсе, ал кызматтын кереги жок болот.

“Азаттык”: Анда Нарын мырза, сизге рахмат. “Азаттыкка” он беш жылдай кызмат кылдыңыз. Бирибиз келет экенбиз, бирибиз кетет экенбиз, “Азаттык” көчү болсо уланып келатат. Жакшылык болсун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG