Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Жалал-Абад, Наманган, Ош, Анжиян, Баткен, Фергана... Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган бул аймактардан эки өлкөгө келин болгон миңдеген аял бир топ жылдан бери төркүнүнө каттай албай, кусалык менен күн кечирип келет.

Көз жашы көлгө айланган Барно

Июндун жылуу кечи. Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймак. 45 жаштагы Барно Тургунова 10 жашар баласын жетелеп Ферганадан Ошко келе жатат.

Барно Өзбекстанда кезинде биз аны менен телефон аркылуу байланышып, Кыргызстанга келер учурун тактап, чек ара аймагында жолугуштук.

Каарманыбыз Оштун Араван районунан Фергананын Кува районуна 23 жыл мурун келин болуп барган. Андан бери өзбек жарандыгын алууга жасаган аракети натыйжа бере элек. Паспорт алайын деген үмүттө Кыргызстандын атуулдугунан да чыгып кеткен.

- Чек ара аймагында бирөөнүн үйү бар экен. Тамаркасынын жарымы Өзбекстанда, жарымы Кыргызстанда жайгашыптыр. Ошолор эки жакка адам өткөрөт экен. Алар чек арадан өтүүгө жардам бергени үчүн киши башынан 4000 сомдон акча алат. Пул берип, өтүп келдик. Эми эптеп бир күнү кайра Өзбекстанга өтүп алсам болду,- дейт Барно.

Талаа-таштагы коркунучка, чек арачылардын каарына кайыл болуп, суу кечип, тикендүү жолдорду аралап келатат. Анын бир гана максаты бар – бир туугандарынын дидарына тойсо болгону...​

Барно кокус чек арадан өтө албай калсам да алда-кандай болот, бөөдө сарсанаага салбайын деп, келатканы тууралуу жакындарына кабар берген эмес.

Талаа-түздөгү жол азабын айтпаганда, бул сапар ийгиликтүү болду. Аскерлерге кармалып калбаганына сүйүнүп, туугандарын көрүүгө ашыгууда.

Ал ата конушуна келген кезде шеринеге чогулган коңшу аялдар эми тарайлы деп турушкан. Алыстагы кыздын төркүнгө күтүүсүз кирип келиши апасы Чыныгүл эжеге гана эмес, коңшу аялдарга да белек болду. Көз жаш төгүштү, сагынычын жазышты...

Жылдарга созулган кусалык

Барно 1990-жылы келин болуп кеткен. Өз укугун жакшы билбегени үчүн Кыргызстандан каттоодон чыгып, өз учурунда Өзбекстанга каттоого тура алган эмес. Паспорт керек болгон учурда, тагыраак айтканда, 2000-жылы гана документ алууга аракет кылган. Бирок дагы эле ала албай жүрөт.

Мурун чек арадан өтүү оңой кезинде ата-энесин, бир туугандарын көргөнү тез-тез келип турчу. Бирок 2005-жылдан бери көзөмөл катаалдашып, туулган жерине келбей калган. Паспорт алуу үчүн мамлекеттик органдар жетишерлик кеп-кеңеш бербей жатканына кейийт. "Паспорт столдо иштегендерге, бийлик өкүлдөрүнө биз өгөй бала сыяктуубуз. Арманымды уктура албай келем",- деген Барно быйыл сагынычка чыдабай, жашыруун жол менен кичи мекенине келүүнү чечкен экен.

-1972-жылы төрөлгөм. Он беш жыл мурун Өзбекстанга турмушка чыккам. Ал кезде менде Кыргызстандан алган паспортум бар эле. Өзбекстандан нике күбөлүгүн берип жатканда “паспортту каттоодон чыгарып келгиле” деп айтышты. Катоодон чыгарып бардым, бирок Өзбекстанга катоого тура албадым. Бир топ жыл документсиз жүрдүм. Анан мага “Өзбекстанда жашап жатканы чын” деген тактама беришти. Анын эч кандай юридикалык күчү жок. Ишембиликке, талаага жумушчу күчү керек болсо, чакырышат. Бирок паспорт беришпейт. Кыйналам. Он жыл мурун күйөөм да дүйнөдөн өткөн.

Барнонун айткандарын угуп отурсаң бооруң ооруйт. Ага кантип жардам берсем экен деп, түмөн ойго кептелесиң.

- Чек арадагы азаптарды кантип айтып түшүндүрүп берсем экен? Суу кечип, ылай кечип келдим... Аскерлер кармап алса, камап коюшат. Мурда деле бир жолу туулган жериме келгенге аракет кылгам. Бирок өзбекстандык чек арачылар кармап алып, камап койгон. Эки сутка камакта отуруп, анан кайра үйүмө кеткем. Туулган жериңди сагынасың, тууган-урукту, ага-иниңди көргүң келет.

Каарманыбыз үч-төрт жыл мурун Өзбекстандан паспорт алууга катуу киришкен. Жалгыз бой. Кеңешейин десе бир туугандары алыста. Түз эле паспорт столдо иштеген айымдан барып көмөк сураган экен:

- Башында Кыргызстанга кайра кетип калсамбы деп ойлогом. Паспорт столдо иштеген бир эжеге жардам сурап кайрылгам. Кандай кызматта иштейт, билбейм. Ошол жерде жооптуу адам. Балдарымдын жарандыгы бар, паспорт алышкан. Мага да беришет деп ишенгем. Чоң кызымды күйөөгө узатып, небере көргөнүм менен атуул болгонго акым жок.

Ошол паспорт столдо иштеген эже менин суранычымды угуп, бир окуяны айтып берди. Анжиянда көзү азиздердин мектеби бар. Кыргызстандан бир көзү көрбөгөн кыз ошол мектепте окуп, классташы менен турмуш курган экен. Балалуу болушкан соң кыздын паспорту Кыргызстандыкы экендигин билип калышып, өкмөт адамдары аларды ажыратып жибериптир. Баласын балдар үйүнө алып кетишиптир. Паспорт столдо иштеген эже “документ алууга аракет кылсаңыз, сизди да өлкөдөн чыгарып салышат. Чоң балдарыңыз бой жетип калганы үчүн тийбейт, бирок кичинекейиңизди балдар үйүнө тапшырып салат. Минтип кыйналбай, балаңызды балдар үйүнө берип, Кыргызстанга өтүп кете бериңиз” деди. Баламды кантип көзүм кыят? Кантип мен аны балдар үйүнө тапшырып, бул жакка келип алам?

Барно үч перзентти - эки кыз, бир уулду жалгыз өстүрдү. Чоң кызын күйөөгө берип, азыр небере да көрүп калган кези.

Бала кездеги көчөлөр...

Каарманыбыздын бала кези, жаштыгы өткөн үй-жай азыр өзгөрүп кеткен. Бирок анын изи калган көчөлөр ошол бойдон турат. Туулган жериндеги ар бир өсүмдүктүн жыты ал үчүн кымбат.

- Картайып калганымды байкадым. Бул жактагы мен тааныган кишилердин көбү улгайыптыр. Туугандарымдын балдары, инилеримдин баары чоңоюшуптур. Айтып атпаймынбы, 2005-жылдан бери такыр келбей калдык. Он жыл оңой убакыт эмес да. Тагдырымды ойлоп, Өзбекстандагы мындай эрежени карап отуруп коркуп кетем. Мындан ары кандай болот? Азыр менин күчүм-кубатым бар. Он жылдык сагынычымды жазганы келдим. Дагы он жылдан кийин эмне болот? Кантип келип, кантип кетем? Ошону ойлоп зээним кейийт. Силер чек ара өткөрүү пунктуна барып, өзү туулуп-өскөн жерге өтө албай саргайып отурган аялдарды көрсөңөр, менин абалымды ошондо түшүнөсүңөр. Арасында чоң-чоң аялдар бар. Эки-үч күндөп, бир жумалап чек арадан тигил же бул жакка өткөрө турган ортомчулардын үйүндө отурушат. Кезегин күтүшүп... Мен да ушинтип өтүп келдим, ошентип кайра кетем...-дейт көкүрөгү кирдеген каарманыбыз.

Барно паспорт ордуна көтөрүп жүргөн, эч кандай юридикалык күчү жок “Өзбекстанда жашап жатат” деген тактама менен чек арадан өткөнгө уруксат беришсе экен деп тилейт:

-Мага берген тактама аркылуу чек арадан өтүп, туугандарымды көргөнгө уруксат берип коюшса, эч качан мыйзам бузуп, жашыруун жол менен жүрбөйт элем. Кыргызстандагы жакындарым жиберген телеграмма менен кадимкидей келип-кетмекмин. Бир туугандарым чакыруу кат да беришти, бирок ал жараган жок. Мен мыйзамды бузуп, жашырынып келип-кеткенге мажбурмун. Эми эмне болот билбейм. Баарын тагдырымдан көрдүм.

Шайлоого катышуу - кол жеткис бийиктик

Жашы кырктан өткөнү менен каарманыбыз ушул убакытка чейин бир да шайлоого барган эмес. Добушкана кандай болорун да көрбөптүр. Эч бир саясий өнөктүккө жаран катары салымын кошо албагандыктанбы, айтор, ал үчүн депутат же президент шайлоо эң кол жеткис бийиктик, чоң максат:

-Бир да жолу шайлаган эмесмин. Ушул жашка келгенге чейин же Каримовго, же башкасына добуш берген жокмун. Тизмеге да кошпойт бизди. Менин да шайлагым келет. Адамдарга окшоп, шайлоо участкаларына баргым келет. Шайлоо түгүл, балдарым окуган мектепке ата-энелер чогулушуна барганга да укугум жок. Менин ордума абысыным барат же кайнилерим барат. Эгер мен барсам, “документиң кана?” деп сурашат.

Барно сыяктуу Өзбекстандын аймагында паспортсуз жүргөн кыргызстандык келиндер миңдеп саналат. Бири бирин тааныгандар жолугушуп калган учурда ал-ахыбалдан мурун “документ алдыңызбы?” деп суроо адатка да айланып калыптыр:

-Минтип жашаган болбойт экенда. Качанга чейин ушул абалда күн кечирем? Чоңдордон суранат элем, мага да паспорт берип коюшса... Адамга окшоп чек арадан ары бери каттап жүрөт элем. Уурунун кейпин кийип түндө жашырынып жүрбөй... Аскерлер кармап алышса атып салышат, “Өзбекстанды сатып жатасың” деп. Чоңдор ырайым кылып, бизге окшогондорго паспорт берип коюшсун...

Ал айласыздан Кыргызстанга жашыруун жол менен келип, төркүнүндө үч күн конокто болду. Анан кайра Өзбекстанга, келин болгон журтуна жөнөдү. Кайрадан ошол камыштуу талаалар, тикен, суу, ылай баскан жолдор...

Ата мекенине эми качан келери белгисиз...

Мекени көзүнөн учкан Барчынай

Дагы бир каарманыбыздын аты-жөнү Барчынай Касымова. 12 жыл мурун Өзбекстандын Анжиян облусунан Жалал-Абаддын Ноокен районуна келин болуп түшкөн. Кыргызстандан паспорт алуу максатында өзбек жарандыгынан чыгып келген. Бирок атуулдук алуу аракетинен эмдигиче майнап чыга элек:

-2003-жылы келин болуп келгем. Ошондон бери ата-энемди көрө албайм. Ушундай кыйын жагдайда жашап жүрөм. Сагынам, кыйналам. Чек арадан өтүп, көрүп келейин десем, паспорт керек. Балдарыма жөлөк пул албайм. Акча жок болуп, тиричиликтен кыйналган учурлар көп кездешет. Өзбекстандан каттоодон чыгып кеткем. Он жылдан ашуун убакыт өтсө да, Кыргызстандан жарандык алуу аракетимден пайда жок...

Барчынайдын төрт баласы бар. Алды он жаштан өттү. Бирок, алар апасынын туугандарынын өздөрүн эмес, сүрөттөрүн да көрүшө элек. Таята-таенеси баштаган тайлары менен телефон аркылуу сүйлөшүп турат.

- Сагынганда ыйлайм. Башка айлам да жок. Телефондо сүйлөшөм, бирок бетме-бет көрүшүп, дидарлашкан башка эмеспи... Жашыруун жолдордон өткөнгө корком. Кармап алса камап, айыппул салат. Аны төлөгөнгө акчам жок. Талаага чыгып иштеп, күйөөм менен эптеп балдарды чоңойтуп жатабыз.

Бирөөгө билгизбегенге аракет кылам. Күйөөмө арманымды айтканым менен анын колунан эмне келмек эле? Чек арадан өткөрүп коё албайт да. Же Кыргызстандын, же Өзбекстандын жараны эмесмин. Же Орусияга барып иштей албайм, же Бишкекке баралбайм. Айласыз, начар абалдагы адаммын,- дейт Барчынай.

Арманга толгон күндөр

Көкүрөктөгү кусалык, жарандык алуу көйгөйү Барчынайды барган сайын жашоого болгон кызыгуусун кетирип, бир туугандары менен көрүшүү үмүтүн өчүрүп жаткандай:

- Чыдабай кеткен учурларымда күйөөм менен урушам. Ошентип бугумду чыгарам. “Эмнеге тийдим экен?” деп бушайман да болом. Бир туугандарым менен телефондо сүйлөшүп алып да ыйлайм. Анткени, жүз сом акча салсам, 3-4 мүнөт сүйлөшкөнгө араң жетет.

Барчынайдын күйөөсү Худайберди Жоробаев устачылык кылып үй-бүлө багат. Документ көйгөйү менен шаардан шаарга чуркаганга чамасы чакталуу. Жарандык алуу жараяны тууралуу маалыматы дээрлик жок. Айылдарга келип, ушул көйгөйдү иликтешсе экен деп жогорку бийликтерге үмүт артат:

- Аялымды кайра Өзбекстанга кетирип жибере албаймын да. Төрт-беш балалуу болуп калдык. Кредит алып, ишкерлик кылайын десем да аялымдын паспорту керек. Паспорт столго дээрлик жыл сайын барам. Былтыр да айылга адистер келишкен. Бирок жетиштүү маалымат ала алган жокпуз. Айыл аралап жеткиликтүү түшүндүргөн адам жок,- дейт Худайберди.

Барчынай жарандык алып алса, жок дегенде балдарына 200-300 сом жөлөк пул тийип, тиричилик керектөөсүнө колдонуп турар белем дейт:

- Балдарыма жөлөкпул алгым келет. Көчөгө чыксам, аялдар почтадан акча алып жаткан болот. Суктанып карап өтүп кете берем. Төрт балалуу болсом да эмне үчүн жок дегенде бирөө үчүн акча ала албайм? Акым жокпу? Кыргызстанда ким үчүн, эмнеге жашап жүрөм? Билбейм... Бийликтегилерден суранам, мага паспорт бергиле! Балдарымдын урматы үчүн да паспорт бергиле! Мен Кыргызстандын жараны болууну каалайм. Он жылдан ашуун убакыттан бери ушуну гана суранып келем! Жашыруун жолдордон барууну каалабайм, корком! Талааны көрөм, балдарымды көрөм, бирок ата-энемди көрө албайм. Түнү-күнү ойлоном, мен да энемди көрөр бекем?...

“Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жарандык ала албай жүргөн он миңден ашуун өзбекстандык келин бар. Өзбекстанга түшкөн кыргызстандык аялдардын саны да ошого тете...

Эки өлкө тең жарандык алуу боюнча тийиштүү мыйзамдарды иштеп чыккан менен аны ишке ашыруунун механизмдери жолго коюлбаганын адистер сындап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG