Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Кыргызстан-Азербайжан: алака жанданды


Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаевди тосуп алууда. Бакы, 30-март, 2012.
Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаевди тосуп алууда. Бакы, 30-март, 2012.

Азербайжан Кыргызстанда кара майды кайра иштетүүчү завод курганы жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бакыдагы эки күндүк расмий иш сапары маалында айтылды. Анда жалпысынан алты документке кол коюлуп, эки өлкөнүн 20 жылдай убакыт өксүп калган мамилеси жанданганы белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Бакыдагы расмий иш сапарында маңзатка каршы биргелешип күрөшүү, чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу, соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, салык мыйзамдары боюнча документтерге кол коюлду.

Бирок бул сапардагы эң негизги сөз - Азербайжандын Кыргызстанда кара май иштеткен завод куруу планы тууралуу жүрдү.

Кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бакыдан Бишкекке кайтаарда журналисттер менен жолугушуп, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып бул заводду курууга өзгөчө маани берилип жатканын айтты:

- Бул иш биздин эгемен жолубуздагы чоң кадам болот эле. Негизи 250 миллион долларлык инвестиция экен. Азербайжан тарап андай кадамга даяр. Ачык айтайын, акчасы деле бар, көрүп атасыңар абдан бай мамлекет. Бизге окшоп 20 жылды текке кетирген жок. Бирок логистика жана башка маселелер бар. Аларды азыр тактап жатабыз. 30-апрелде өкмөттөр аралык комиссия чогулганда, бул маселелерди кайра тактайбыз. Бирок ага чейин адистер келет. Күйүүчү май боюнча, энергетика, банк иштери жана башка бир топ тармактар боюнча адистер келет. Керек болсо эл аралык "Тамчы" аэропорту боюнча да сүйлөштүк, аны да бир көрөлү дейт. Кадимкидей, бир туугандай жардам берели деп атышат. Мен азери элине абдан ыраазы болдум.

Атамбаев жолугушууда “Залкар” банкты сатуу боюнча кеп козголгонун да кошумчалады.

Президент Орусия менен өнөктөш болуудан коомайлап, түрк мамлекеттери менен алака-катышты бекемдегенге өттү деген жоромолду четке кагып, Кыргызстан кайсы бир мамлекеттен насыя, күйүүчү май же көгүлтүр отун алуу үчүн тизе бүкпөйт деген пикирин дагы бир жолу белгиледи.

Жолугушуулар маалында Кыргызстан менен Азербайжандын алака-катышы 20 жылдай убакыт өксүп турганы баса белгиленип жатты.

Азери президенти Илхам Алиев эки тараптуу мамилелер мындан ары өр аларына ишеним артты:

- Бир нече ай мурунку биздин жолугушуубуз мамилелерибиздин жанданышына алып келди. Биздин түзүмдөрдүн жана компаниялардын ортосунда байланыштын пайда болушу, сиздин бул жакка сапарыңыз эки тараптуу мамилелердин өнүгүп жатканынын далили. Бүгүн биз алдыдагы саясий, эконмомикалык жана инвестициялык саясат боюнча 10 жылдык мамилелерибизди аныктап жатабыз.

Бакы шаарында кыргыз президентинин эки күндүк сапары учурунда оболу тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда жолугушуу өттү. Кыргыз президенти азери парламентинде да сөз сүйлөдү. Сөзүнүн басымдуу бөлүгү түрк дүйнөсү, түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигин чыңдоо, бири-бирин колдоо тууралуу болду.

Атамбаев кыргыз тили байыркы түрк тилиндеги сөздөрдүн көпчүлүгүн сактап калган деп айтып, кээ бир мисалдар менен азери депутаттарын күлдүргөнгө да үлгүрдү:

- Силер мисалы “тозок” жана “бейиш” деген сөздөрдү арапча айтасыңар. Бизде болсо илгерки түрк сөздөрү сакталып калган. “Тозок” деген” тузак” ал эми, “бейиш” бул иш жок жер дегенди билдирет. Эски сөздөрдүн керемети эмнеде? Аларда маани бар. Мисалы силер “сүйүү” дегенди кантип айтасыңар? Биз болсо “ашыктык” дейбиз. Адам сүйгөндө ашып-ташат.

Бул сапардан кийин эми азери мамлекетинин өкүлдөрү Бишкекке байма-бай каттаганы жатат. Август айында Азербайжан президенти Илхам Алиев өзү Кыргызстанга расмий сапар менен келмекчи. Июнь айында болсо Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер ассамблеясынын жыйынынын алкагында жолугушуулар өтөт.

Антсе да айрым талдоочулар Бакы сапары жана андагы чечимдер тууралуу түрдүү пикирди айтып жатышат. Мисалы Кыргызстанда баасы 250 миллион долларлык кара май иштекен завод куруу планын пантүркизм менен байланыштыргандар да жок эмес. Анткени Бакы үчүн заводдун экономикалык пайдасы деле жок, негизинен саясий гана чечим болуп саналат дейт эксперттер.

XS
SM
MD
LG