Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Барактыктар чек араны ачууну талап кылууда


Барак айылынын жашоочулары, 25-январь, 2013.
Барак айылынын жашоочулары, 25-январь, 2013.

Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы - Барак айылынын калкы чек ара ачылбай жатканына нааразы.

Айылдын бир катар тургундары чек ара жабык болгонунан улам гуманитардык каатчылык болот деген датын "Азаттыкка" билдиришти.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылынын Кыргызстандын негизги аймагы менен байланышсыз калганына бир айдай болду. Баткендеги чек ара жаңжалынан улам Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына кеткен жолдорду бекиткенден кийин өзбек тарап да Барак айылына өтчү Бирлешкен өткөрмө бекетин жаап койгон.

Барактын тургуну Алмаз Каримов кыштактын тургундары чек аранын ачылышын талап кылып, чек ара бекетине карай жөө жүрүшкө да аттанышканын айтты:


Барак айылынын тургундары, 25-январь, 2013.
Барак айылынын тургундары, 25-январь, 2013.
- Эмне айла кыларыбызды да билбей калдык. Чек ара тарапка жүрүш жасайбыз деп чыктык эле, айыл башчыбыз менен участкалык милиция артка кайтарды. Ушул көйгөйдөн улам адамдардын бири-бирине сөзү да жакпай калды. Бала-чакабыз менен ушинтип изоляцияда отурабыз.

Алмаз Каримовдун айтымында, сырт менен катнаш токтогондуктан, аймакта азык-түлүк жетишсиздиги жаралуу коркунучу пайда болууда.

- Мен тиричилик кылуу үчүн Кара-Сууга барып, такси айдап, бала-чакамды бакчу элем. Жол жабылгандан бери ал жумушум токтоду. Айылдаштарым жыйнап алган жүгөрүсүн жана башка эгиндерин, малын алып барып, сатып акча кылышчу. Азыр тиричилик токтоп, камалып жатабыз. Эгер бирөө-жарым ооруп калса, айыл башчыбыз чек арачылар менен сүйлөшүп, чыгарып жатат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 25-январда гана Кыргызстандан барактыктарга гуманитардык жардам жеткирилген. Ошондон бери ал жакка жардам өтө элек. Ал ортодо айрым гуманитардык жардамдар сатылганы да жашоочулардын нааразылыгына себеп болуп жаткандай:

- Гуманитардык жардам үчүн ун, кир жуучу каражаттар жана кийим-кече берилген. Калган нерселерди акчага эле сатып алдык. Биз кечке ун жеп жата берет белек? Бизге суу май, күрүч, макарон, картошка, пияз керек. Кечке нан жеп жүрө бербейбиз да...

Барак кыштагы караган Кара-Суу райондук акимчилигинен билдиришкендей, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылга ун, кир жуучу каражаттарды, дары-дармектерди жана кийим-кечелерди берген. Ал эми калган азык-түлүк жашоочулардын суроо-талабына жараша базардан алынып, акчага сатылган.

Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Өзбекстан менен учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда жана Барак айылындагы кырдаал облус бийлигинин көзөмөлүндө:

- Мен айыл башчысы менен күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүп, айылдагы кырдаал боюнча маалыматтарды жетиштүү деңгээлде алып турам. Январдын этегинде гуманитардык жардам жеткирилген. Бул маселе чындыгында аябай татаал болуп турат. Аны чечкенге аракеттер жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөр натыйжасын берип, бирден-экиден чек ара бекеттери ачыла баштады. Буйруса, жакынкы күндөрү Барак айылындагы маселе оң жагына чечилет деп турабыз.

Андан сырткары Баракка чек араны ачуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын Чек ара кызматынан да "Азаттыкка" билдиришти.

Кара-Суу районуна таандык болгон Баракка жол январдын башында Баткендин Чарбак айылында чыккан чек ара жаңжалынан кийин жабылган. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавына өтчү бекеттердин бири - Вуадил 1-февралда ачылды. Андан сырткары Ош жана Жалал-Абад облусундагы негизги өткөрмө бекеттери да ачык.
XS
SM
MD
LG