Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Орусия Кыргызстандын түштүк аймагында дагы бир аскердик база курууну пландаштырууда.

Орусия Канттагы аскердик базаны питлотсуз учактар менен бекемдөөнү жана 2017-жылы Ошто дагы бир аскердик база ачууну чечти.

Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ошто база ачуу боюнча эки өлкө 2013-жылы келишимге жетишкен. Бирок бул боюнча кыргыз коомчулугунда ачык маалымат жок. Болгону Орусиянын Кыргызстанга берчү аскердик-техникалык жардам гана бүйүрдү кызытып келатат.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2017-жылга карай түштүк жергесинде орус аскердик базасын ачуу боюнча келишим бардыгын тастыктаган жок. Коргоо министринин биринчи орун басары Замирбек Сүйөркулов 2009-жылы ал кездеги Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев менен орус президенти Дмитрий Медведев Ошто база ачуу боюнча кол койгон меморандум гана бар экенин белгилейт:

- 2009-жылы Медведев менен Бакиев меморандумга кол койгон. Ал ниетти гана билдирген документ. Андан кийин эч нерсе болгон эмес. Эч нерсе жок.

2013-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында эки саммит болгону белгилүү. Ал саммиттердин бири май айында Бишкекте болгон. Анда президенттер бейформал саммитке чогулган. Президенттер Ооганстандагы, Сириядагы кырдаалдарга тынчсыздануу билдиришкен. Ошол эле жылы күзүндө экинчи саммит Орусияда болуп, Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. Бирок быйылкы жылы апрель айында Дүйшөмбү шаарында болгон ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынында 2013-жылдагы чечим актарылбай жатканы айтылган. Орусия болсо 70 млрд. рубль өлчөмүндө Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүгө убада кылган.

Бул келишимдерде Кыргызстан аймагында аскердик база ачуу жөнүндө сөз болбогону байкалып турат.

Бирок Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Исмаил Исаков Орусия Ошко аскердик база ачууга мурдатан эле кызыкдар болуп келгенин белгилейт:

Исмаил Исаков

Исмаил Исаков

- Алар ошол жерде отурукташып калганга аракет кылып келатышат. Анткени ал жерден үч багытта иштесе болот. Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай. Ошондуктан орус тарап аракет кылып, база куралы деген максаттары болгон.

Орусиянын түштүктө аскердик база куруу максатына Өзбекстан каршы чыккан. “Азыркы кезде да өзбек тарап каршы чыгат”деп кошумчалады Исмаил Исаков.

Аскердик маселелер боюнча эксперт, запастагы полковник Сыргакбек Дүйшеев дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалды эске алганда түштүктө орус аскердик базасынын болушу туура деп эсептейт. Ал Йемен, Сауд Арабиясы, Сирия, Украинадагы жаңжалдардын бул жакта жайылышына жол бербеш керек дейт:

- Ошол жаңжал биздин Фергана өрөөнүн каптап кетпесин деген ойду эске алганда, мен аскер адамы катары, базанын курулушуна каршы эмесмин. Чындыгын айтканда, билинбегени менен Фергана өрөөнү жана ага чектеш жерлер опурталдуу жер.

Атайын кызматтардын мурунку генералы Марат Иманкулов болсо Орусия аскердик базасын Баткен тарапка жайгаштырса, максатка ылайыктуу болот деген пикирде. Анткени 1999-жылдагыдай окуяларга жол бербеш үчүн ошол жакты бекемдөө кажет.

Канттагы аскер база

Канттагы аскер база

Орусиянын Канттагы аскердик базасына учкучсуз учактардын жайгаштырылып жатышы жашыруун деле болбой калды. Депутаттар аларды жайгаштыруу боюнча жаңы келишимдин кереги жок дейт. Анткени Кантта аскердик база ачуу боюнча келишимде учуучу объектер боюнча жоболор бар.

2013-жылы Кыргызстан парламенти “Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин аймактарында аскердик инфраструктураларды жайгаштыруу боюнча” протоколду ратификациялаган. Ал протоколдо уюмга кирген өлкөлөрдүн территориясына уюмга кирбеген өлкөлөрдүн аскердик базасын жайгаштыруу жөнүндө сөз болгон. Ага ылайык, ЖККУга мүчө болгон кайсы бир өлкө өз жерине башка мамлекеттин аскердик базасын орноштурууну кааласа, анда ал уюмга мүчө болгон башка өлкөлөрдүн макулдугу менен болушу керек. Бул протокол мына ошол кезде "Манаста" жайгашып турган АКШнын Транзиттик борборуна каршы багытталганы маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG