Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Акимов: Эки дөөнүн урушун көрүп жатабыз


Турат Акимов
Турат Акимов

Президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деп айыпталып издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качып кеткени иликтениши керектигин айтты. Ал Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырды.

Бул тууралуу саясат талдоочу Турат Акимовго “Азаттык” суроо салды.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качып кеткени иликтениши керектигин табыштаган маселе азыр көтөрүлүп жатканы сизди кандай ойлорго түрттү?

Турат Акимов: Ушуга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көп кылмыш жасаган деп айтылып, жазылып келатат. Ошондуктан 2010-жылы эле баарын билген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жаңы Конституциянын жобосун жазып бүткөндөн кийин 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбейбиз деп чечип, кылмыштын эскилик мөөнөтүн киргизип коюшкан. Алар эмне үчүн он жыл Баш мыйзам өзгөрбөсүн деген? Себеби кылмыштын мөөнөтү эскирип калышын күтүшкөн. Эми болсо Атамбаев Конституцияны өзгөртүп жатканына каршы алар саясий согуш жарыялашты.

Эгерде Конституциянын 41-беренеси боюнча азыркыны өзгөртпөсө, анда биз Азимжан Аскаров маселесин четке чыгарышыбыз керек. Эгерде Аскаров БУУнун тиркемеси менен чыгып кетсе, бул кайрадан Атамбаевдин өзүн сотко берип, дайынсыз Аскаровду камаганы үчүн жооп берип калат. Эгерде ал жерден Кадыржан Батыров дагы чет өлкөгө жатып алып, интервьюлардын бере баштаса, Атамбаевдин да, Убактылуу өкмөттүн да былыктары чыгат. Бул жагдайдын бардыгын Атамбаевдин командасы билип жатат.

Эсиңиздерде болсо, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган убакта Кадыржан Батыровго байланыштуу көптөгөн документтер дагы жоголуп кеткен. Ошондуктан Атамбаевдин бул иште шеги болгон үчүн ушул иштен баштап жатат. Себеби Өмүрбек Текебаев бир нече күн мурун Атамбаевге сөөмөй шилтеп, “күнөөм болсо далилдеп бер” – деди. Натыйжада азыр эки дөөнүн урушун көрүп жатабыз. Эми Атамбаев өз бийлигин колдонуп, Текебаевдин чакырыгына аргумент, фактыларды даярдап кирди. Президенттин оозеки сөз менен сүйлөп кала бергени бүттү, бүгүн ал иш менен далилдөөгө киришти.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн же Текебаев-Атамбаев тирешинен кимдер утуп атат, кимге пайдалуу болуп жатат бул тиреш?

Турат Акимов: Бул жерден терең иштерди казып кирсе Убактылуу өкмөттүн бардык максаттары ачыкка чыгат. Алар 2020-жылдан кийин дагы өздөрүнө ылайыктуу адамдарды бийликке калтыруу максаттары бар эле. 2017-жылкы президенттик аттанууга Роза Отунбаевадан баштап, Өмүрбек Текебаев, Элмира Ибраимова да чыгышы керек болчу. Себеби Текебаев буга чейинки интервьюларынын биринде "Атамбаевдин мураскери туура кадр болсо колдойбуз" - деп айтып өткөн. Бул сөз Атамбаев Убактылуу өкмөт менен кеңешип өз мураскерин бекитиши керек дегенди түшүндүрөт. Бирок андан кийинки жагдайды бардыгыбыз эле көрүп жатабыз, Атамбаев эч бир Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен кеңешпей, өз алдынча Баш мыйзамды өзгөртөм дегенинен саясый кырдаал курчуп келатат.

“Азаттык”: Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтеп, бул иште Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүлүп атат, бул топ ишти аягына чейин тергеп чыкканга канча мөөнөт керек дейсиз.

Турат Акимов: Эгерде суракты бат, ыкчам өткөрүп койсо бир-эки айдын ичинде эле бул иштердин бардыгы чечилет. Эгерде тергөөчүлөрдүн маалыматы туура болсо, бир айдын ичинде эле ачыкка чыгып калат. Прокуратурада жоголгон документтерге өзөктөр чыгып, тергөөчүлөрдүн кагаздары даяр болсо, ишти аягына чыгаруу көп убакытты албашы керек.

XS
SM
MD
LG