Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Үй деп үлүшкө киргендер соттошууда


Үлүшкө киргендер алданып калганын айтууда
Үлүшкө киргендер алданып калганын айтууда

Бишкекте батир сатып алам деп үлүшкө киргендердин маселесинен улам социалдык чыңалуу пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу коңгуроо каккан укук коргоочулардын айтуусунда, учурда жүздөгөн жарандар курулуш компанияларына акчасын алдырып койгонун айтып арызданууда.

  • Бишкек шаарынын тургуну Аида Жумабаева жаңы салынган кабат үйдөн батир алам деп чогулткан акчасын былтыр “О.P.P.S. STROI” курулуш компаниясына алгачкы төлөм катары төгүп, калганынан бир жыл ичинде кутулуп, үйлүү болуп калам деп үмүттөнгөн. Бирок келишимде жазылган мөөнөттүн жарымы өтүп кеткени менен алигүнчө бир да кирпичи коюла элек дейт:

- Үй баштала элек. Ноябрга чейин бүтөбү-жокпу, арсар. Бүтпөйт деле окшойт. Кийин билип калдым, көрсө акчасын 100% төлөп коюп, 3-4 жылдан бери ала албай алданып жүргөндөр бар экен.

Аталган компания 2011-жылы негизделген экен. Көк-Жар конушунан жер алып, башкаларга караганда арзаныраак там салып беребиз деп, өзүн катуу жарнамалаган. 9 кабат үйдөн 11ди салмак. Буга арабиялык инвестор жардам берери айтылган.

Алдандык деп арызданып жүргөн жарандардын айтуусунда, элден чогулткан каражаттын жалпы суммасы 3 миллион доллардан ашты, бирок убада кылынган батирлерден азырынча дайын жок.

Компаниянын кеңсесине бара берип тажаган топ жакында милицияга кайрылып, алардын арызынын негизинде “О.P.P.S. STROI” компаниясынын жетекчиси Руслан Хамдамов кармалган. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаевдин айтуусунда, ага карата кылмыш иш “алдамчылык” деген берененин негизинде козголду:

- Кардарлардан акча чогулткан. Үйдү баштап коюп, бирок акчаны өз кызыкчылыгына жумшап коюп, Арабиядан келген инвестициядан жок, же үйдөн жок калдык деген кардарлар кайрылган. Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголуп, азыр тергөө жүрүүдө.

Хамдамовдун өзү же жактоочулары менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына ага карата жалпысынан 25 арыз түшкөн. Учурда Хамдамов өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен жүрөт. Бирок укук коргоочулар соттук териштирүүдөн майнап чыгарына көзү жетпей турат.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу “Вигенс” борборунун жетекчиси Владимир Плужниктин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, үлүшкө киргендердин укугун, милдеттерин так аныктаган, жоопко тарта турган мыйзымдык база Кыргызстанда жок. Алданган жарандардын айынан өлкөдө социалдык чыңалуу чыгышы ыктымал дейт ал:

- Кыргызстанда бүгүнкү күндө үйдү үлүшкө куруу тууралуу мыйзам жок. Жакын арада да болбойт, себеби курулуш компанияларынын пайдасына лобби бар. Андыктан маселени сот аркылуу чечүү дээрлик мүмкүн эмес. Биздин уюмдун божомолуна караганда, жакын арада үлүшкө киргендердин көйгөйүнө байланыштуу өтө чоң социалдык чыңалуу пайда болушу ыктымал.

Курулуш компанияларына лицензияны Архитектура, курулуш, турак жай агенттиги берет. Бирок бул мекеме куруу иштеринин сапатына гана жооп бергендиктен кардарларга берилген убаданын аткарылыш мөөнөтүнө жооптуу эмес, буга кийлигише да албайт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, буга чейин парламенттин курулуш комитетин жетектеп келген Иса Өмуркулов жарандардын укугун коргой турган механизм жетишсиз деген пикирге кошулбайт. Куруучу менен кардардын ортосундагы жеке мамиле тууралуу сөз болуп жаткандыктан ар бир жаран акчасын берер алдында ал компания тууралуу сураштырып, маалымат алуусу керек дейт депутат:

- Жоопкерчиликти алып жаткан куруучу менен келишим түзүлөт. Өкмөттүк структуранын тиешеси жок бул жерде. Экөөнүн жеке мамилеси. Мыйзамда жазалоо чаралары камтылган. Биринчиден, көйгөйгө айланат деп ажиотаж кылуунун кереги жок. Экинчиден, ар бир адам акчасын берерде алданып калбаш үчүн жакшылап ойлонушу керек да.

Кыргызстанда 2010-жылдан кийин башталган курулуш активдүүлүгү соңку бир нече жылдан бери кайра солгундап калды. Экономикалык кризистин айынан элдин төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп, үй, батир сатып алуучулар азайды, үлүшкө кирип алгандардын көбү да акчасын төлөй албай кыйналууда.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 150дөй курулуш компаниясы бар. Алардын 35ке жакыны ЖИА ассоциациясынын курамында. Бирикменин курулуш комитетинин жетекчиси Нарбек Абдуллаевдин айтуусунда, бул ассоциацияга мүчө компаниялар арасында соттошууга чейин баргандары жок, бирок жалпы курулуш рыногундагы абал дагы эле туруксуз бойдон калууда:

- Негизинен 2014-жылы курулуш бизнеси өтө кирешелүү болуп жатканын көргөндөр баштап алган. Көбү өзүнүкү жок болгондуктан, үлүш акчага ишенип баштап алган. Ошолор азыр кыйналып жатат. Былтыр батир сатуу 50% азайды. Саткандар да кыйналууда, себеби үлүш акча толук түшпөй жатат.

Жарандардын үй-жай менен камсыз болушу ар бир өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Иштегендердин көпчүлүгүнүн маянасы аз, жумушсуздук өкүм сүргөн Кыргызстанда батир сатып алуу оңой эмес. Бир чарчы метр аянттын баасы 600дөн 1500 миң долларга чейин жетет. Андыктан “биздики арзан, чарчы метрин 500 доллардан гана сатабыз, акчасын 2 жыл бөлүп-бөлүп төксөңөр болот, үстөк пайыз кошулбайт, күрөөнүн да кереги жок” деген жарнаманы көргөндөр топтогон каражатын өздөрү алып барып, тобокелдикке барып жатканынын бир себеби да ушунда.

Буга чейин "Анкомон строй", «Master Group», “Иска строй” компаниялары да кардарлардын үлүш акчасын алып, убадасын аткарбай жатканы тууралуу интернетте маалымат тараган.

Албетте, курулуш рыногунда дээрлик 15-20 жылдык тажрыйбасы бар, кардарлар менен ийгиликтүү иштеп, пайда көрүп келаткан да команиялар жок эмес. Бирок алар саналуу гана.

XS
SM
MD
LG