Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

22-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон 1924-жылдын 22-апрелинде Пишпек станциясына келген. Кара-Кыргыз автономиялык областынын Аткаруу Комитети 1925-жылдын 22-апрелинде Бүткүл Союздук Борбордук Атаруу Комитетине өтүнүч кат менен кайрылды.

«Интергельпо» аталган өндүрүш кооперативи Кыргызстан экономикасынын калыптанышына зор салым кошкону малым. Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон 1924-жылдын 22-апрелинде Пишпек станциясына келген.

Кыргызстандыктар интернациалдык топту шаңдуу тосуп алган. «Интергельпочулар» Кыргызстан аймагында кооперативдик кыймылды жайылтышып, анын натыйжасында жаңы экономикалык мамиленин калыптанышына жол ачылган. Алардын арасындагы спортсмен жана альпинисттер болсо өлкөнүн дене тарбиясынын өсүшүнө түрткү бергени маалым.

Кара-Кыргыз автономиялык обласытынын Аткаруу Комитети 1925-жылдын 22-апрелинде Бүткүл Союздук Борбордук Атаруу Комитетине өтүнүч кат менен кайрылды. Кайрылууда Кара-Кыргыз автономиялык областын РСФСР курамына кабыл алынышы жана анын аталышын Кыргыз автономиялык Советтик Социалисттик Республикасына өзгөртүү маселеси козголот. Автономиялык областтын Аткаруу Комитети мындай мазмундагы кайрылуу жалпы карапайым калктын өтүнүчүнө ылайык кабыл алынгандыгын жана анын кабыл алынышы жагдайы «ирегелеш орун алган Кытай менен Индостандагы эзилген калктары үчүн саясий өрнөк болоору» белгилеген.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылып, 22-апрель күнү болсо үч почта-пассажирдик автобустар Фрунзеден Рыбачьеге карай багыт алышкан.

Сталин орноткон тоталитардык бийлик маалында Кыргызстандын ички саясий абалы курчуп, айрыкча интеллигенция арасындагы кармаш күч алган. Касым Тыныстановдун «Академиялык кечелери» театрда коюла баштагандан тарта, ал чыгармачыл адамдар арасында кайчы пикирлердин жаралышына жол ачкан.

А. Токомбаев «Академиялык кечеси тууралуу» жана «Академиялык кечесинин тыянагы» деген эки макаласы 1933-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жарык көргөн. Өзүнө карата айтылган бул сын-пикирлерге жооп иретинде жазылган Касым Тыныстанов «Мен баскан жол менин чыгармам, менин бетим» деген макаласын жазган. Эки чыгармачыл адамдар арасындагы кайым айтышуу Аалы Токомбаевдин «Мазмуну социалдык жана боруму улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңдалып жатат» деген 1934-жылдын 22-апрелиндеги докладында жыйынтыкталды.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандагы саясий кырдаал анархиялык абалга жетти. Калктын бийликке, укукка жана укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголду.

Парламенттик шайлоо маалында укук тышындагы иштерди жасагандыгын айыптаган топ, апрель айында Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылып, аталган мекеменин кашында митингдерди өткөрүштү. Алар бир канча ирээт Жогорку Сотту басып алууга аракет жасашып, акыры 22-апрелде 80 чамалуу адам мекемеге кирип, башкы укук органынын ишин токтотту. Жогорку Соттун иши, имаратты басып алган топту укук коргоо органдары июнь айында күч колдонуп чыгарганга чейин токтоп турду.

Бул күнү таанымал окумуштуу, география илимдеринин доктору, академик Кайып Оторбаев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG