Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Бишкекте калың жааган кар күрөлбөй, жылдагыдай жол тыгындарынан сырткары быйыл кулаган бактар чоң көйгөйгө айланды.

Төрт күн аралыгында сексенге чукул дарак тамыры менен кулап, эки жүздөй бактын бутагы сынып түштү. Кулаган бактар машинелерди басып калды. Адистер шаар бийлиги бак-дарактарга талаптагыдай кам көрбөгөндөн улам ушундай кырдаал жаралганын айтып жатышат. Тиешелүү жетекчилер илимпоздордун сын пикирин четке кагууда.

Бишкектин тургуну Дамир жол боюнда кулаган дарактар, сынып түшкөн бутактар учурда айрыкча айдоочулар үчүн зор түйшүк жаратып жатканын кеп кылды:

- Аябай эле тоскоолдук болуп жатат. Бутактар сынып түшүп, жолду бөгөп калды. Ушундан улам жолдордо тыгын пайда болуп жатат. Бир жагынан жол да тайгалак болуп турат. Азыр өтүп баратсам бутак сынып түшүп, бир машинанын капталын кыйшайтып кетиптир. Буга ким чара көрөрүн билбейм. Мындай окуялар шаарда кадам сайын эле кездешип жатат. Мен айдоочумун, дарактар кулап калганын көп эле көрүп жатам.

Дамир акыркы жылдары борбор калаада дарактар куурап, кулап жатканы көп кездеше баштаганын айтып, кээ бирөөлөр шаардагы курулуш иштерине тоскоолдук кылган бактарды ушундай жол менен азайтууну көздөп калышкан окшойт деген божомолун ортого салды.

Бишкек "Жашылдандыруу" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравердин маалыматына караганда, мындай кырдаалдын келип чыгышына аба ырайынын өзгөрүшү - башында кар аралаш жамгыр жаап, күн сууп, жалбырагы түшө элек бутактар оорлошуп калганы себеп болду:

- 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин калаа тургундарынан 410 арыз түшүп, "Жашылдандыруу" ишканасы 194 бутак жана 73 даракты жолдон тазалады. Дарак кулаган учурда 38 автоунаа жабыркаган. Кулаган дарактардын баары буга чейин куурап калган бактар эмес. Алар кадимкидей эле өсүп жаткан жашыл дарактар болчу. Негизинен кулаган дарактар клен, кара жыгач, тал-теректер. Булар жамгыр аралашкан кардан улам кулады.

Сергей Кравер чынар, кара жыгач, мажүрүм тал оор кардан улам басылган салмакты көтөрө албаганын, экинчи себеби кулаган дарактар 60-70-жылдары отургузулган эски бактар экенин эске салды.

Улуттук илимдер академиясынын Токой институтунун ага илимий кызматкери Нургүл Айбашеванын айтуусунда, Бишкек жетекчилиги бак-дарактарга кам көрүү боюнча илимий адистер менен иштешпегенден улам жогорудагыдай көйгөйлөр келип чыгууда. Айрыкча дарактар буталган, кесилген учурда көптөгөн эрежелер сакталбай калат:

- Бутаганда кайсыл бутагын алыш керек, кайсынысын коё туруш керек экенин билген атайын адистер бар. Туура эмес буталган учурда дарак алсызданат. Булар деле тирүү организм. Ачылган, кесилген жеринен дарактын сөңгөгүнө зыяндуу заттар кирет. Ал жерден оору пайда болот. Мындай учурда дарактагы суу алмашуу начарлай баштайт. Анан курт-кумурскалар түшөт. Ушундай себептерден улам алсыз, начар болуп калган дарактар жаратылыштын азыркыдай шарттарына туруксуз болуп калат.

Айбашева шаардагы жөө адамдар баса турган жолдо тегереги цементтелип, жайкысын суу жетпей калган бактар жылдан жылга начарлап баратканын айтып, алыда дагы далай дарак тамыры менен омкорулуп түшөрү анык экенин кошумчалады.

Анткен менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун агроному Жаныбек Жумалиев окумуштуунун айтканына кошулбайт. Адистин ырасташынча, учурда Бишкектеги буталган дарактардын кесилген жерине боёк сүртүлүп, жараты жабылууда:

- Биринчиден, бактар салмагын көтөрө албай ошонун негизинде сынды. Экинчиден, жыгылган бак-дарактардын көбү ийне жалбырактуу бактар. Мисалы, Эркиндик гүлбагында, Жибек Жолунда, Тоголок Молдодо. Бул жерлерде арча отургузулган эле. Эркиндик гүлбагынан эле ушул сыяктуу сексендей бак сынып түштү. Ал эми чоң бактардын тамырлары башындагы оор салмакты көтөрө албай сынып түштү.

Катуу шамалдын чыгымдары такталууда

8-июндагы катуу шамалдан Чүй облусунда эки киши каза таап, Бишкекте үчөө ар кандай жараат алды.

Илимдер академиясынын мурдагы вице-президенти, академик Биймырза Токторалиев акыркы мезгилде Бишкек мэриясы менен адис илимпоздор тобу дарактарга илимий негизде кам көрүү, зыянкечтерден арылтуу боюнча атайын долбоор баштаганын ортого салып, ал ушул жазда ишке кирерин белгиледи:

- Бутаганда да өзүнүн эрежеси, жол-жобосу бар. Туура эмес кесилген жерден дарактын өзөгүнө бактерия, козу карын кирип, дарактын андан аркы абалынын начар болушуна себепчи болот. Дарактардын зыянкечтерин жок кылышыбыз керек. Быйыл бизден мэрия ушул багытта жардам сурап жатат. Белгилүү деңгээлде каражат бөлөлү деп турат. Буюруса биздин колубуздан келет. Чет мамлекетте жүргүзүлүп жаткан тажрыйбалар менен маалыматыбыз бар. Андыктан жаңы багытта, жаңы технологияларды колдонуп иштешебиз деген оюм бар.

Токторалиев азыр шаардагы илдетке кабылган дарактар климаттын алмашуусун көтөрө албай сынып, кулап бүлгүнгө учурап жатат деген пикирде.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Жашылдандыруу" ишканасы Бишкек шаарында адам өмүрүнө коркунуч жараткан үч миңге чукул дарак бар экенин кабарлаган. Коомчулукта Бишкекте көп жылдан бери картайган дарактар кыйылышы менен катар жаңыларын тигүү, өстүрүү иши тегиз жүрбөй жатканы сындалып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG