Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарды


КСДП фракциясы депутат Жанар Акаевди өз курамынан чыгаруу чечимин алды. Буга депутаттын позициясы фракцияныкына туура келбей калганы себеп болду.

Депутат Жанар Акаевди КСДП фракциясынан четтетүү чечимин 23-марттын кечинде партиянын саясий кеңеши кабыл алган. Партиянын саясий кеңешине парламент спикери Чыныбай Турсунбеков төрагалык кылат жана анын өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган 36 мүчөсү бар. Саясий кеңештин чечимин парламенттеги КСДП фракциясы 24-мартта карап, кубаттады.

КСДПнын саясий чечими

Фракция лидери Иса Өмүркуловдун “Азаттыкка” ырасташынча жыйында Акаевди фракциядан чыгаруу чечими кабыл алынган. Ал КСДПнын батыл чечимин мындайча түшүндүрдү.

- Бул президент тарабынан эмес, саясий кеңеш тарабынан сунушталды. Маселе буга чейин да талкууланып келген, бүгүн эле чыга калган жок. Фракциянын көз карашы менен депутат Жанар Акаевдин көз карашы, позициясынын айырмасы ушундай чечимге алып келди. Фракция менен көз карашы келишпесе, анын чыгып кеткени өзүнө эле жакшы болду деп ойлойм. Саясий кеңештин жана фракциянын чечими менен аны чакыртып алдык.

Жанар Акаев фракция чечимди буйрукка ылайык кабыл алды деп, кесиптештерине таарынбай турганын, ишин эркин депутат катары улантарын, депутаттык мандатын тапшырбасын билдирди.

- Карандай калп менен кошоматчылык өкүм сүргөн жерде чындыкты айткан адамды экстремист катары баалашат. Бирок мен парламенттик ишмердигимди улантам. Менин калың шайлоочуларым бар. Менин тагдырымды бир ууч адам чече албайт. Биз миңдеген, керек болсо он миңдеген шайлоочулар менен кеңешебиз.

Акаев мындан тышкары КСДП фракциясы аны мүчө болгон депутаттык комиссиялардан да чакыртып алганын кошумчалады.

Жанар Акаев: Тагдырымды бир ууч адам чечпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев 24-март ыңкылабына арналган гүлбакка көчөт отургузуу малында журналисттерге Жанар Акаевдин мандаты боюнча комментарий берди. Өлкө башчысы “КСДП Акаевдин мандатын тартып алат” деген сөздөрдү ушак деп жокко чыгарды.

- Ал мандатын өзү гана өткөрүп бере алат. Экинчиден, Жанар Акаевди эл шайладыбы же КСДПнын арты менен өттүбү, муну эмки парламенттик шайлоодон көрөлүчү. Депутаттыкка өтө алабы, же жокпу? Ага чейин мындай ушактарды токтото туралы.

Акаев эркин депутат болот

Буга чейин айрым эксперттер Жанар Акаевдин өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, сөз эркиндиги боюнча парламентте сүйлөгөн сөздөрү бийлик башындагыларды катуу териктиргенин айтып келишкен. КСДП депутаты Кожобек Рыспаев Акаевдин 18-марттагы саясий укуктар жана сөз эркиндиги аттуу тынчтык жүрүшүнө катышып, журналисттерди коргоп чыгышы аны фракциядан чыгаруу себептеринин бири деп эсептеди.

КСДП фракциясынын чечимине, Жанар Акаевдин мындан аркы эркин депутат катары ишмердигине кыргыз мыйзамдары эмне дейт? Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Атыр Абдрахматова Жанар Акаев эркин депутат катары ишмердигин улантууга бир да мыйзам тоскоолдук жаратпасын айтууда.

- Баш мыйзамдын 73-беренесинде партиянын саясий кеңешинин жана фракциянын чечимине эч кандай юридикалык негиз жок деп даана, так жазылган. Андыктан бул саясий гана чечим. КСДП кабыл алган чечим юридикалык күчкө ээ эмес. Чечим бир гана Жанар Акаевди фракцияга кошпойбуз, жыйындарга чакырбайбыз, маалымат бөлүшпөйбүз дегенди гана билдирет.

Абдрахматова кошумчалагандай, эгер депутат өз каалоосу менен фракциядан чыгуу арызын жазса, анда ал дароо мандатынан ажырамак.

31 жаштагы депутат Жанар Акаев 2008-2015-жылдар аралыгында “Азаттыкта” кабарчы болуп иштеген. 2015-жылы алты ай президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. 2015-жылдын октябрынан тарта КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал парламенттеги социалдык комитеттин мүчөсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG