Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Парламент комитети Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитети мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырды. Референдум өткөрүүнү дайындоо мыйзамы тууралуу “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев баяндама жасады.

Ошондой эле комитет чечиминде мыйзам долбоору боюнча алты фракциянын лидерлери өздөрүнүн пикирин билдирүүсү тийиштиги өзүнчө пункт менен жазылды. Мындай сунушту “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев киргизди. Ал эми Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаеванын сунушу менен Референдум тууралуу мыйзам долбоору парламенттик угууга чыгарылмак болду. Комитет чечимине ылайык, аталган мыйзам долбоору парламенттик угууга 7-октябрда чыгарылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG