Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Сариев Текебаевдин камалышы боюнча президентке кайрылды


Темир Сариев
Темир Сариев

Экс-премьер-министр, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.

- Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргызстандын президентисиз. Баарынан мурда Кыргызстанда туруктуулук сакталышына сиз кызыктарсыз. Мен өлкөдөгү туруктуулук бузулушун каалабайм, ошондой эле сизди туруктуулукту сактоого чакырам жана үмүт кылам. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - бардык тараптан мыйзамдуулукту сактоо” – деди Темир Сариев.

Билдирүүдө Сариев тергөө иштерин жүргүзүүгө биринчи кезекте Өмүрбек Текебаев өзү кызыктар экенин белгилеп, ага коюлган күнөөлөр азырынча тастыктала электигин айтты.

Ал Өмүрбек Текебаевди көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы деп, президент менен катуу күрөштө болуп келгендиктен саясатчынын камалышында саясий боёк бар экенин кошумчалады.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.

Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG