Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Шаардык сот депутат Түлеев боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеев боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Былтыр райондук сот Бишкектин экс-мэри Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта мэр болуп иштеген кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылган. Түлеев менен кошо айыпталган мэриянын беш кызматкери 5-10-13 жылга чейин эркинен ажыратылган эле. Шаардык сот аталган кызматкерлерге чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет. Ал 2012-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта.(BkA)

XS
SM
MD
LG