Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Келечектин куттуу дарбазасы


Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги.
Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги.
Кыргыз элинин турмушунда жылдыздай жанып жымыңдап турган эң бир ооматтуу мезгилдерде да, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө коркунуч туулуп, калк башына күн түшүп турган эң бир оор кезеңдерде да, дегиси эң бир жооптуу, эң бир урунттуу убактарда ар дайым Манас руху айбарланып, урпактарын ар дайым колдоп, коргоп алга сүрөп келген. Ар дайым ушундай болуп келген. Бул Манас дүйнөсүнүн керемет касиетине байланыштуу, Көк Теңирден түшүп турган купуя куттуу күч.

«Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып эл кылдым», «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет», - деген Айкөл Манастын даанышман осуяты ар дайым эсибизде турат. Биримдигибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап ынтымактуу болууга, жаркын келечекке үндөгөн бул кеменгер саптар эгемендүү мамлекетибиздин 20 жылдыгын белгилеп жаткан учурда да өзгөчө бир күч менен айбарланып, жаңыланып жаңырыктап турду.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын майрамдоонун ыйык рамазан айына, орозо айтка туш келгендигин, таланты менен ааламды таңыркаткан дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана кыргыз рухунун кудуреттүү колдоочусу болгон Айкөл Манас Атабыздын эстелигинин борбордук Ала Тоо аянтына орнотулуп, эгемендик күнүндө ачылыш аземи болгондугун келечегибизге өзүнчө бир жакшылыктын жышааны деп билдим. Айкөл Манастын айкелин ачуу аземинде кайдан жайдан топ куштун капылет пайда болуп, эстеликтин үстүнөн ары-бери чарк айланып учуп турушу тегин жерден эмес. Купуя сырдуу дүйнөдө биздин билгенибизден биле элегибиз көп. Көк Теңирдин пенделерге оңой менен чечмеленбес өзүнчө сыры, өзүнчө мыйзамы бар. Ал чексиз аалам койнунда өзүнүн айбаттуу шоокумун салып, таңкаларлык гармониясы менен айбарланып, кээде бууракандап албууттанып толуп ташып чыкса, бирде ачуу чабытынан жана түшүп ажайып мээримин салып, оомал-төкмөл дүйнөнүн жакшылыгын ыроолоп, теңир менен үндөшүп, боорлошуп кетип турган керемет күчүн купуя шардана кылып тургандай.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк деңгээлде майрамдоо учурунда да ар кимге эле оңой менен көрүнө бербеген купуя сырдуу кубулуштар байкалган. Аалам кыйырынан пайда болгон айбарлуу дүйнө, а балким ата бабалардын арбагы, Айкөл Манастын айбаттуу кошуну улуу мааракеге Көк-Теңирден кайкып келип көз салып тургандай сезим болгон. Он сегиз миң аалам оңой менен чечмеленбеген сырдуу дүйнөсү менен шоокумданат. Ырас, «Ай күнгө мүлдө барабар, арбагы тирүү Манас бар».

Элибиздин көптөн күткөн тилеги орундалып Ала Тоо аянтына Айкөл Манастын айкелинин орнотулганы, бул окуянын ыйык рамазан айында мамлекетибиздин эгемендик күнүндө өзгөчө аян, сүйүнөрлүк белгилер менен коштолуп турмушка ашканы өзүнчө бир жакшы жышаан берип, келечекке болгон үмүтүбүздү арттырат. Өлкөбүздүн турмушундагы ушул зор окуяны утурлай Манас дүйнөсүн үйрөнүү жана кадырлоо боюнча мыйзамдын кабыл алынышы да өзгөчө жакшы жөрөлгө. Буга чейин мындай мыйзамды кабыл алууга эч бир бийлик, эч ким батына алган эмес. Буюрса, бул мыйзамдын коомдук турмушубуздагы мааниси өзгөчө зор, келечеги кең болот. Элибиздин бактысы, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн Манас руху айбарланып жакшылыгын арттыра берсин. «Өңгөнү коюп Манасты айт» деген нусканын мааниси канчалык терең экенине ой чаргыталычы.

Айбарланган Манас рухунун ооматы артып Айкөл Манастын айкели ордо калаабыздын чок ортосунан, Ала-Тоо аянтынан орун тапканы керемет рух сүрөп Манас өзү келгендей болду. Манас дүйнөсү айбарланып шоокумун салып турду. Биз ар дайым жакшы ойлоого, керемет дүйнөнүн сырларын кабылдай билүүгө үйрөнүшүбүз керек. Айкөл Манастын руху менен айбарланып жакшылыктарга умтулушубуз керек. Айкөл Манастын элеси ар кимибиздин дараметибизге жараша, туюмубузга жараша жан дүйнөбүзгө чагылышып түшүп туруучу өзгөчө касиеттүү керемет кубулуш.

Бул айкелде Манастын 20-25теги курагы чагылдырылган. Айкөл Манас тулпарын алкынтып тизгинин бек кармап, үзөнгүнү чирене тээп, илгери үмүт менен Ала-Тоосуна, калайык калкына көз салып турат. Манас ынтымакта жашоонун, биримдиктин, айкөлдүктүн, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоонун, ал үчүн жакшы мамиле күтүүгө чакырган, элдерди достоштуруунун символу эмеспи. Айкөлдүн ырайында да акылгөйлүк менен мээрим жана сабырдуулук чагылдырылган. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап, бактылуу келечегин камсыз кылуу үчүн эң алды ар дайым Айкөл Манастын осуяттарын туу тутуп даанышман ой менен жашап, сабырдуу болушубуз керек.

…Ала-Тоо аянты ээси келгендей айбарланып шаңкайып, шаңдуу да, сүрдүү да көрүнө түштү. Дүйнө жүзүн керемет таланты менен дүңгүрөткөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, ааламды таң калтырган касиеттүү руху бар Манас Атабыздын айкелинин орнотулганнына шүгүрчүлүк келтирип сүйүнүшүбүз керек. Бул окуя мамлекетибиздин 20 жылдыгындагы өзгөчө куттуу баян, жакшы иш башы болуп калды. Буюрса, мындан ары рухубузду кубантып жакшы саамалыктардын чабыты шаңшып чыгып, улуттук дөөлөттөрүбүздүн сыймыгын арттырган азаматтык иштердин ооматы жүрө бермекчи.

Ушу кезде борбордук аянтка тургузулган эстеликтерге ар ким өз оюн айтып жатат. Кандай айтса ал ошол адамдын жеке пикири. Жакшы ойлосок, жакшы айтсак сөз нугу, ой чабыты ошол жакка кетет. Жакшыны жакшы кылмак да өзүбүздөн. Сабыр кылып, жакшы ойлонгонго, жакшы тилек кылганга не жетсин. Баарына эл тараза, мезгил өз баасын берет.

Эң башкысы кыргыз элинин көптөн күткөн тилеги орундалып Ала-Тоо аянтына Айкөл Манастын, дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду. Мына ушунун өзү жаркын келечекке куттуу дарбазанын ачылганы деп ойлосок болот. Кең мааниси ушунда жатат. Азыр элибиз Манастын осуяттарын аткара алуучу, анын жолун улантуучу айбаттуу, акылгөй лидер, эл башчы качан чыга келер экен деп жакшылыкка тилек кылып турган чагы.

Чексиз ааламда айбарланып турган Манас рухунун турмушубузга куттай түшүп, бактыбызга ооматы артып жакшылыктын жышаанын жандырып турганын сыймыктануу менен байма-бай айта берүүчү сөз удулу келди.

Мендибек Асылбеков, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун «Манас Руху» сыйлыгынын лауреаты.
XS
SM
MD
LG