Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Урушпай эле жашайлычы...


Кыргызстанда адамдар ашкере орой болуп бараткандай сезилет. Корсулдаган, жектеген, ызырынган эле киши. Сыртта, үйдө, айылда, шаарда, маршрутта, кафеде, базарда айтор бардык эле жерде орой мамиле, сөгүнмөй... Мисалы, коомдук транспортто баратып бирөөнүн бутун байкабай тепселеп алган көрүнүштү эле алалы.

- Көзүң жокпу!

- Өзүң ары турбайсыңбы анан, жолду тоспой!

- Былжыраган акмак!

- Өзүң акмак!..

Кайым айтышуу кээде көпкө созулат, же бирөөсү бараткан жерине жетип түшүп калганда гана токтойт. Жашы менен карысы, орусу менен кыргызы, окуучу менен пенсионер болсун сөзсүз сөз кайтарып калмай.

"Кечирип коюңуз, байкабай калыпмын", - деп сылык кайрылып, жылмайып кечирим сурагандар сейрек. Базарга барсаң: - Алсаң ал, болбосо кармалай бербей коюп кой!

Интернеттеги социалдык тармактарда да атайын бирөөгө сын тагып, аны катыра сындап, урушуп, жамандап ырахат алгандардын саны көбөйдү.

Акыркы кезде кесиптештерим, досторум менен кафеге тамактанганы барган сайын мелдеше кетчү болдум. –Эй достор, келгиле байкап көрөлү, ушул официант кыз тамак алып келип, "тамагыңыз таттуу болсун!" - деп жылмайып коёбу же жокпу деп талашабыз. Тилеке каршы көпчүлүк официанттар тамакты тарс этип алдыңа коюп кетип калат. Алар көпчүлүктү түзөт.

Акыркы кезде сылык-сыпаа, токтоо, кичипейил адамдарга суусап, ошондой кишилерге жолуксам маанай бир аз көтөрүлө калчу болду.


Ажырашасыңбы, эшик ачык!


Жакында эле өз айылыма барып, жаштардын бири-бири менен сүйлөшүп алгандай жубайлары менен ажырашып атканына зээним кейиди. “Кетирдим, эмне андан башка кыз түгөнүп калыппы?” - дешет. Аялга орой мамиле мындай турсун, аялын эсин оодара чаап, анан аргасыз ажырашкандар да жок эмес. Айылдагы келиндерге боор оорубай койбойт, айрымдарынын кайненеси тынчын алганы аз келгенсип, күйөөлөрүнөн көңүл жылытаарлык сөз укпай, “кеткиң келсе, эшик ачык!” деп ороңдошот. “Кыргыз баатыр элбиз, эй!” деп мактанганыбыз мактанган, ошол баатырлык мүнөзүбүзгө бир аз кичипейилдикти да кошуп алсак ашыкча болбойт беле...

Мына, азыр эле жаңылыктардан көрдүм. Президент Атамбаев быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялап, үй-бүлө институтун өнүктүрүү, коомдо ишенимди, калыстыкты, кайрымдуулукту жана кечиримдүүлүктү чыңдоо, этникалык саясат программасын кабыл ала турган болуптур.

Эми, ишке ашса экен деген тилектер. Болбосо, кечиримдүү болгонго, бирөөгө жылуу сөз айтып, жылмайып коюуга акча деле кетпейт го акыры?

Ырчы Каныкей айткандай, “Келгиле, жашайбыз!” Бир аз күндүк өмүрүбүздө сен оруссуң, сен өзбексиң, сен кыргызсың деп улутка бөлүнбөй, сен оштук, бул нарындык деп жер-жерге бөлүнбөй жөн эле, жакшы өмүр сүрөлүчү! Жылмайып, кечиримдүү болуш баарыбыздын колубуздан келет, анан баарыбызга өзгөчө жарашып, жашообузду бир аз жеңилдетет болуш керек? Урушпай эле жашайлычы, кандай дейсиз?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG