Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Өлкөнү өнүктүрүү формуласы


"Азаттык:" Бул ой жорумду Шеринебизге түшкөн пикирлердин арасынан сууруп чыктык. Аты-жөнүн жазбаган окурманыбыздын жакшы ойлору бар экен. Өзү кайра байланышка чыкпаган соң анын ой-пикир, сунуштарын өзүнчө бөлүп жарыялап коюуну эп көрдүк. Туура көрсөңүз Сиз да үн кошуп, ой бөлүшүңүз, окурман!

Кыргызстанда жумуш жасайм деген адамга иш абдан көп. Ар бир адамга беш-алты жумуш чыгат. Проблема - аларды баштоодо. Кыргызстан мага өзүнүн 100% потенциалынын беш эле пайызын колдонуп жаткандай сезилет.

Менде бир ой бар, ошону сиздерге сунуштай кетейин.

Жашым азыр отуз бирде, көптөн бери чет жерде жүрөм. Кыргызстандан башка дагы Америка менен Канаданын жаранымын, менин ишимe бул абдан чоң жардам болду. Бул мамлекеттерди жана элин абдан сыйлайм.

Ата-энем - орто катмардан. Мага үй же машина берген жок, жумушка да орноштурган эмес. Бирок абдан жакшы тарбия беришти - кичине кезимен эле "чоң максаттарды кой", "сен акылдуусуң" деп тарбиялашты. Үмүтүн үзбөй, моралдык жактан жардам берип келишти. Ошон үчүн мен аларга рахмат айтам. Балдарымды да ошентип тарбиялап жатам.

Чет өлкөгө биринчи келгенде колумда эч нерсе жок болчу. Окууну бүтүп, анан бир компанияда иштедим. Анан бизнес баштап, азыр үзүрүн көрө баштадым десем болот. Келечек мен үчүн абдан жарык, мен буга толук ишенем.

Кыргызстандын турмушуна кийлигишким келчү эмес. Бирок патриот эмесмин деп айталбайм. Мага Кыргызстан жагат, өз балдарымдын астында Кыргызстан үчүн уят болгум келбейт. Кыргызстандын өсө турган потенциалын көрүп турам, кыргызстандыктар жакшы жашай турган эл, бирок, өз күчүн, убакытын туура жумшабай, жашоону өзгөртүүнүн ордунда кечээки күндү карап, ордунда турат деген ойго келем.

Азыр менимче, кыргыздар үчүн Рубикон мезгили. Бул бир эле шанс - же Кыргызстан дагы алсырап, мамлекеттин абалы дагы төмөндөйт. Же экинчи жол - эл өзү өзгөртүп, жакшы жакка трансформация болуп, алдыңкы улуттарга кошулат. Мисалы, түштүк кореялыктар, же еврейлер ошондой мүмкүнчүлүктү колдонуп калышты. Жакында эле грузиндер да туура жолго түштү.

Мындай өзгөрүү абдан татаал, бирок жасаса болот. Эң негизгиси аны баары колдош керек.

Кыргызстандагы проблемалардын түбү экономика эмес, бийлик да эмес. Проблема - элдин менталитети. Үй-бүлөдөгү тарбия жана адамдын чөйрөсү (достор, коллектив). Эгерде элдин, мамлекеттин алга умтула турган так максаты жок болсо, анда эч прогресс болбойт. Кыргызстанда азыр ошондой вакуум.

Менимче, президент, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңеш азыркы технологиялык мезгилди эске алып, стратегиялык чечим менен баарына түшүнүктүү, кыргыздарды бириктире турган, бардык улуттар макул боло турган идеология иштеп чыгыш керек.

Менимче, азыр бир эле улуттук идея иштей алат. Ал - модернизация.

Мамлекттин модернизациясы - жаңы өзгөрүүлөр менен, коррупциясы жок, таза мамлекет жана атаандаш жаңы экономиканы куруу. Мамлекет көп вектордук саясатты жүргүзүшү керек. Мыйзам менен жашоо абдан керек, жакпаса да.

Улуттук модернизация - Кыргыз эли өнүгүшү үчүн тарых же динди эмес, илимди, билимди, прогрессти биринчи коюп, дүйнөгө ачык болушу керек. Бүгүнкү күнгө туура келбеген салттарды унутуш керек.

Ар бир кыргызстандык мыйзам менен жашап, өз ишинде чоң ийгиликтерге жетейин деген амбициялуу болсо, кыргыздар өз балдарына “сен акылдуусуң, сен чоң ийгиликтерге жетишесиң деп аффирмативдүү мамиле менен аларга колдоо берсе, өз күчү менен ийгиликке жеткен адамдарды баатыр катары кабыл ала баштаса, кыргыздар башка улуттардын да жакшы жерин уялбай үйрөнсө, көп тил билүүгө балдар жаштайынан ыктаса, анда бат эле оңолуп, коом алдыга жылат. Кыргызстан бир нече убакыттан кийин дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттерге кошулат.

Бирок мындай демилгени бийлик өзү башташ керек. 20 жылдан бери бизде эффективдүү бийлик болгон жок, эч кандай демилге жок, стагнацияга алып келди.

Азыркы бийлик ушундай өзгөрүүлөрдү баштап, өзү элди чакырып, анан профессионалдуу, креативдүү жаштарды чакырса, анда реаблитация болот. Антпесе кийинки муундун эсинде силер жаман атыңар менен гана каласыңар жана революциялар боло берет. Эмки сөз силерде...
XS
SM
MD
LG