Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Мертинип жолдо бүлүнгөн КЫРГЫЗ...


Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов
(Орусияга иштегени баратып, Казакстанда жол кырсыгынан ажал тапкан 16 мекендешибиздин жаркын элесине)

Жашайм деп кетип кашайган КЫРГЫЗ
Кудайлап боздоп чыңырган КЫРГЫЗ,
Куу жолдо калып кырылган КЫРГЫЗ…
Үмүтү кокус кыйылган КЫРГЫЗ...

Баласы кошо мерт болгон КЫРГЫЗ,
Чачылып сөөгү эт болгон КЫРГЫЗ.
Өлкөсү деле өгөйлөп, бөлүп,
Өз элге кээде чет болгон КЫРГЫЗ

Мекенин таштап сүрүлгөн КЫРГЫЗ,
Мертинип жолдо бүлүнгөн КЫРГЫЗ...
Аргасыз тентип, ар кайда кетип,
Ак үйдөн эчак түңүлгөн КЫРГЫЗ…

Ач белде калып азайган КЫРГЫЗ,
Айласын таппай такалган КЫРГЫЗ…
…Кош болгун эми бир боорум менин
Жашайм деп кетип кашайган КЫРГЫЗ!!!

Зайырбек Ажыматов, акын, 09. 05. 12
XS
SM
MD
LG