Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53
Азыркы кезде элет чал-кемпирдин, өспүрүмдөрдүн гана конушу болуп калгандай таасир калтырат. Кайсы айылга баш бакпа мектептеги өспүрүмдөрдү жана небере жетелеген чал-кемпирди кезиктиресиң. Айыл калкы минтип иргелип калганына деле көп болду. Баягыдай эле чет жердеги уул-кызын жана алардан келчү жашыл акчаларды күтүп күн кечирүүдө. Антпеске деле айла жок. Себеби айылдагы жашоо муктаждыктарын канааттандырбаган абалга ким түтмөк. Жумуш жок, жер иштеткенден майнап чыкпаса, жашоо кайда гана чабыттатпайт дейсиз.

Ошентип коомдун күчтүү катмары айылдан ар жакка кетип, башка түшкөн мүшкүлдү кечирип жүрүшөт. Айтор айыл катмары бир убактагы Улуу Ата Мекендик согуштагы учурду элестетип, чал-кемпирлер, жаш балдар калган сыяктуу, эптеп кылдырап өз турмушунун арабасын сүйрөшүүдө (ошол карт катмар да бош убактыларында «карта» чаап, «камок-самок» дегенден жана саясаттан алыс эмес). Жакшылыктарга, той-топурга, ж.б. барып калсаң кары-картаңдар менен жаш балдардын гана кызматта турганын көрөсүң. Кыскасы кадимки жан багуу күрөшү, замандын жаңы шарттары ушуга кептеп койгондой.

Жер эне элетке чакырат

Илгери ушундай сөз болор эле. Көрсө, ал кезде айыл чарбасы өнүгүп турган экен да. Азыр элет жеринин негизин түзгөн талаачылык, дыйканчылык мурдагыдай эмес, өтө эле солгундап калган. Кирешесинен чыгашасы көп дыйканчылыктан пайда таппай, айыл эли жер иштеткенге көп кызыкдар эмес. Кээ бирөөлөр үчүн бул көрүнүшкө кара жумушка жарамдуу жаштардын сейректиги өбөлгө болсо, кээ бирөөлөр дыйканчылыкка керектүү күйүүчү май, үрөндүн кымбаттыгын, жер азыгы - дары-дармектердин тартыштыгын, техникалык муктаждыктарды себеп катары карайт. Кээ бирөөлөр мамлекеттин агрардык саясаты жөнгө салынбагандыктан дыйканчылыкка кедергисин тийгизүүдө деп белгилешет.

Дыйкандардын айтымында, кылган мээнет акталбайт. Бардыгы кымбатка туруп, өндүргөн продукция текейден да арзан түшкөнүн, буга мурдагыдай уюшкан коомдун жоктугун, башаламандыктан көтөрүлө албаган мамлекеттин тунжурап турганын билдиришет.

Москва «билим мекени» болбой калган

«Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат» деген накыл кеп бар эле кыргызда. Бирок азыр анын мааниси башкача болуп калгандай. Учурда акчаң барбы, билимдүүсүң, акылдуусуң, байсың жана колуңда ишиң бар, депутатсың, министрсиң. Эгерде акчаң жок болсо, акылдуу да, билимдүү да боло албайсың.

Илгери десек да жарашчудай, бир кездерде Москвага баргандарды билим алып кайтат деп гана түшүнүшчү. Азыр Москва «билим мекени» болбой калган. Азыр айрыкча Москва сыяктуу чоң шаарлардан билим алуу оңой олтоң маселе эмес. Анын үстүнө демократиянын шарданы көпчүлүк жаштарды билим алуунун башка нугуна буруп койду. Эмгектенип, бир нерсе билип алууну эмес, акча сарптап, эптеп диплом алуунун оңой жолун көп ойлонушат.

Буга сырттан окугандарды мисал келтирсе болот жана ушул көрүнүштөрдөн улам билим, интеллект жоголуп, өзүнүн фамилиясын туура жаза албаган студенттерди окуткан окутуучуларга пайдалуу болуп жатканын түшүнсө болот. Ал эми өзүнүн эмгеги менен билимге ээ болгон айрым жаштарга ылайыктуу иш табылбаганынан улам алар деле башка кесипти аркалап, же чет өлкөлөрдөн жумуш издеп кетүүдө.

А мамлекет болсо билимдүүлөргө шарт түзүп бере албай, же мамлекеттен сырткары кеткен жаштардын укук маселелерин, эмгекке керектүү документтерине жеңилдиктерди камсыздап бере албай, кайсы мамлекет күчтүү көрүнсө, ошого карап тиш кашкайтып жылмайгандан башка амал таппай турат. Тескерисинче, өз балдарын өгөйлөтүп, бөтөндөргө «отуну менен киргизип, күлү менен чыгартып» жатат.

Мээнет баскан миграция

Ишке жарамдуу калктын көбү жана иштесе ишке, жесе ашка тойбой турган жаштардын баары байлык, бакыт издеп, бөтөн элге жер оодарып кезип кетишкенине да топ жыл өттү. Бүгүн да чет мамлекетке агылган жаштардын саны арбын. Миграциянын деңгээлин мыйзамдуу түрдө жөнгө салууга мамлекет кандай гана чараларды көрбөсүн «миграциялык тагдыр» чет мамлекетке кеткен ар бир адамдын жеке тагдыры бойдон калууда.

Калктын басымдуу бөлүгү билимдүү деп эсептелгени менен Орусия, Казакстан же кайсы мамлекет болбосун өз мыйзамынын негизине таянып, мигранттарга мамиле жасаары белгилүү. Байыйбыз, жашообузду оңдоп келебиз деген нечендеген адамдын тилеги таш каап, кайгылуу тагдырга тушукканы да, ар кандай оңой акча табуу амалын көздөгөндөр да, адам сатып алдагандар да мигрант эсептелет барган жеринде.

Албетте акчаны ашыра таап, алдына машина, үстүнө эки кабаттап там салып, ата-энесине ай сайын акча салып тургандарды көрүп, миграциянын пайдасын кайсы бир деңгээлде көрүп жатканыбызга ынанасың. Ошол эле учурда алыста эмне себеп болгонун так билбей, бүдөмүк ойлорго тушугуп, уул-кызын күткөн ата-эне, жаш балдардын санааркаганын көрсөң көңүлүң чөгө түшөт. Ар кандай себептер менен кыйылган кырчын өмүрлөрдү көргөндө ар ойго келесиң.

Ошол мигранттардын укуктары, эркиндиктери, ал эле эмес айыл жериндеги айрым өз алдынча иш, бизнес жасаган жарандардын укук-милдеттерин коргогон, колдогон күчтүн, мамлекеттин алсыздыгы, жаштыгы сезилгенде онтоп, үшкүрүп аласың.

Кыргыз өлгөнгө да "той жасайт"

Кыргызда тойсуз бала төрөлбөйт, тушоо кесмейин бала баспайт. Анан баласы эр жетсе жыйнаган мал-мүлкүн сарптап үйлөп, той өткөрөт. Кары ата-энеси кайтса, күрүлдөтө мал союп, аны акыркы сапарга узатат. Ара чолодо дос-жоро, тууган-урук, тага-жээн, жээк-жаат болуп отуруп, оголе көп той-тамаша, шаан-шөкөттөр өтөт. Негизи жакшы каада, жакшы салт. Бирок муну да өз ыгы менен өткөрсө.

Мындай чыгашага дүйнө жүзү боюнча бир эле кыргыздар чыдайт болуш керек. Бир үй-бүлө бир жылда кем эле дегенде 10 тойго барат. Алды ат, арты 100 доллар кошумча кылышат. Ал эми атасына аш берип, эки жүздөп, эки күндөп конок күткөндөрчү. Айтор, Орусиядан келген эсеби сан жеткис акчалар мына ушундан артпайт сыягы.

Анан замандын шарпасыбы, соңку кездери кыргыз жаштарында жаңы өнөкөттөр пайда болду. Башка жактан каржалып, иштеп келишип, шашылыш үйлөнүшөт да кайра эртеси эле кетип калышат. Анан эле ал жакта мурдагы аялы келип алган болот да, акчанын көзүн аябай дүңгүрөтүп той кылып алган кийинкиси (жада калса документтештирүүгө үлгүрүшпөгөндүктөн) өтө оор ыңгайсыз абалда калат. Кайран келин, мээнет, акча…

Элет эртеңин күтөт

Жогорудагылардын баарына ой калчап отуруп, ушул мүнөздөгү жашообуздун эртеңи эмне болоор экен деп туруп каласың. Абдан олуттуу маселе. Албетте жасалып, жаңырып, үмүт арткан иштер да жок эмес. Бирок дээрлик элеттеги көйгөйлөрдүн башы көп убакыттан бери ачылбаганы, социалдык, чарбалык, кылмыштуулук ж.б. маселелердин дале күч бойдон өзгөрүүсүз калышы ачык эле байкалат.

Бийлик өзү менен өзү болуп, бар нерсени талашып отуруп, элеттен абдан эле алыстап калганынын натыйжасындай сезилет. Үстүртөн караганга элет кызыктуу, балким шаңдуу көрүнөр. Ичинен карап талдасаң, чети оюлбаган маселелер, мисалдар толтура. Суусу, свети, ооруканасы, көпүрөсү, жолу, унаасы, алыстыгы, кымбаттыгы, чек арасы, уурулары ж.б… Дагы жакшы эл өзүн-өзү көтөрүүнүн жандалбасында.

Эми эмне дешибиз керек? Адаттагыдай эле убактылуу көрүнүш, өтөт-кетет, убакыт баарын жеңет дейбизби? Негизи элеттин көпчүлүгүндө деле ушул ой, башка арга калбагандай… Анан эмне кылышсын, өкмөтүңүн өкчөлгөнү бүтпөсө… Көч бара-бара түзөлөөр деп үмүт арткандан башка айла жок.

Арстанбек Садыр уулу,
Сузак району

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG