Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Сталинди көргөн Теңир-Тоонун темир мүнөз айымы эле...


Күмүш Суранова небереси Нурлан (солдо) жана журналист Кубат Чекиров менен.
Күмүш Суранова небереси Нурлан (солдо) жана журналист Кубат Чекиров менен.
Атпай кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанымал, чарбалык жана коомдук ишмер, персоналдык пенсионер, акын, жаштарга өмүрү өрнөк болуп, нуска кептерин айтып келген Кутман энебиз - эки доордун күбөсү болгон - Күмүш Суранова апа жөнүндө эскерүү биз үчүн кыйынга турууда. 89 жашка чыкса да демдүү-күчтүү, кайратынан жазбаган калыс, мээрман эне эле. Күмүш апа аз күн мурда дүйнө салды.

Күмүш апа 1924-жылы Нарын районунун Эчки-Башы айлында төрөлгөн. Атасы Суран жылкы багып, кызын ат жалын тартып мингенге эртелеп үйрөтүп, тоо койнунда тың, эр мүнөз кылып тарбиялаптыр.

Өзү айтып калчу эле. Улуу ата мекендик согуш учурунда 7-класс билими менен чарба ишине аралашып, Эчки-Башы айылында китепкана башчысы, табелчи, жылкы ферма башчысы болуп иштегенин, 2 жылдык партиялык мектепте окуганын, кийин Казан-Куйган айылдык кеңешинин төрайымы, партиянын Нарын райкомунун бөлүм башчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болуп иштегенин, андан кийин 14 жыл Коммунизм колхозунда башкарманын төрайымы болуп иштеп, эмгеги менен республикага гана эмес союзга чейин таанылганын айтып калчу эле. Күмүш апанын эл, журту үчүн ак кызмат кылганын биз үчүн үлгү, өрнөк болчу. Анан 1971-83-жылдары Он-Арча айылдык кеңешинин төрайымы болуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Өзүнүн "Баскан изге кылчаюу" аттуу мемуардык (2006-ж.) китебинде согуш маалындагы тылдагы кайнаган эмгек, өмүрүнүн оор күндөрүн төмөнкүдөй эскерет: "Согуш залакасы жоого аттангандар менен тылда калгандар үчүн бирдей эле болду көрүнөт. Фронтто жоокерлер окоп казып, бөлөк элде, бөтөн жерге канын төксө, тылда карыялар, аялдар, жаш өспүрүм балдар керээли кечке кезерип талаада иштеп, эмгегине жарым тыйын албай орок оруп, чалгы чаап, боо боолоп, моло таш менен эгин бастырып, аны сапырып, үрөндүк эгин камдап, калганын мамлекеттин кампасына ат-өгүзгө жүктөп жөнөтүп турдук. Элден кап, аркан жыйнап тапшырып, жолдо оогон жүктү түзөтө албай, шолоктоп ыйлаган күндөр ушул бүгүн дале эстен чыга элек. Жээрибизге нан, ичээрибизге жарма эле болсочу. Керээли кечке талаада иштеп, күүгүмдө кайра үйгө келгенде түн ичинде үлбүрөгөн чырактын жарыгында жүн тытып, жип ийрип, тери ашатып кол кап, байпак түйүп, жоокерлерге посылка жиберип турчубуз"... Бул Күмүш апа эскерген ошол күндөрдүн бир гана үзүмүдүр.

Согуш аяктаган соң, Күмүш апабыз эмгек жолун андан ары улап, колхоздун башкармасынын төрайымы, айылдык советтин төрайымы, райондук аткаруу комитетинин төрайымы болуп, чарбалык жана мамлекеттик иште узак жылдар үзүрлүү эмгектенип, элдин алкышына, урмат-сыйына татыктуу болгон. Орто билим менен калып калбай, ордо калаабыздагы республикалык жогорку партиялык мектептен окуп, анан ветеринардык адистикке да ээ болгон. Эл-журту үчүн кылган талыкпаган эмгекте күндү күн дебей, түндү түн дебей, ысыкта чаңкап, 40 градус суукту тоготпой, өнөктүк түмөн түйшүк иштерин уюштуруп, "Коммунизм" колхозун областта алдыга чыгарган мээнети өкмөт тарабынан да баасын алып, Күмүш апабыз СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы", "Эмгектеги каармандык" медалдары, "Айыл чарбасынын отличниги" төш белгиси менен сыйланган. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусунан "Кутман эне" наамын алган. Нарын областынын ардактуу атуулу. 1995-жылы Москвада өткөн Жеңиштин 50 жылдыгына арналган параддын катышуучусу, 1995-жылы Пекинде өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конгрессине делегат болгон. Күмүш апабыз көркөм сөз баккан нускалуу чыгармачыл адам эле. Анын: "Бакыт берген партиям"(1967-ж.), "Баба дыйкан" (1971-ж.),"Айылдык кеңештин иштери жана камкордуктары" (1987-ж.), "Он-Арча" ырлар жыйнагы (1993-ж.), "Өмүр чыйыры" (2002-ж.), "Баскан изге кылчаюу" (2006-ж.), "Ыйыгым - элим, Мекеним" (2009-ж.), "Уялашыма" (2010-ж.) китептери жарык көргөн. Ушул ийгиликтер менен сыйлыктар жөн салды саналган, айтылган супсак сөздөр эмес, булардын артында кылымга тете жашалган өтөлгөлүү, ырыска шерик байсалдуу өмүр турат. Чоң чарбага башкарма болуп көп жылдар иштеген эмгек жолунда кээ бирөөлөрдөй "тойгончо жеп, өлгөнчө карганып", материалдык байлык топтогон эмес. Ыйман-ынсап, мекенчилдик, улуттук ар-намыс, адамдык ариетти туу тутуп, руханий байлыкка гана таазим кылып келген. Жакшы адамдардын шарапаты өмүр жолунда көп тийгенин Күмүш апа узун сабак сөз кылып айтып берип отурса, анын ушу жашындагы эске тутуу жөндөмүнө, акылынын тунуктугуна, сөзмөрдүгүнө таң берип, таңгалып, бир чети анын бийик адамдык сапатына, калыстыгына, "Хандан, бектен кайра тартпаган" өткүрлүгүнө баа берип, биздин апабыз деп сыймыктанып калчу элек, аттиң...

Өз кезегинде советтик адеп-ахлак, мораль, жоопкерчилик азыркыдан кыйла эле бийик болгонун ким танат? Чарбалык иштерге байланыштуу райкомдун биринчи секретары Бөжөковду КПСС БКдан, Кыргызстан КП БКдан келген өкүлдөрдүн көзүнчө катуу сындаганын эстеп, күлүп калчу эле. "Болору болду, ашыкча айттым го?"- деп, үйдү көздөй аттын башын буруп, орто жолго жеткенде артымдан чабармандар жете келишип, чоңдорго кошуп конок кылышканы эсимде" - дейт. Калыс сөздөн тайбай, "кошоматка кой сойбогон" эр мүнөзү бааланып, карапайым эмгекчи элдин мүдөө-талаптарын аткарууда, мансаптуулардын алдында курчтугу нечен жолу өз пайдасын берген экен. "Өзү үчүн эмес, эл камы үчүн жүгүрүп, малчылардын турмуш-шартын оңдоп, үйлөрдү курдуруп, айылга клуб, мончо, соода түйүндөрүн салдырууга жетишип, борбордон техника, жүк ташуучу авто унааларды чарбага алдыртып дегендей. Ошондой талыкпаган аракеттер өз жемишин берип, "Коммунизм" колхозунда малдын башы тез өсүп, айдоо аянттары кеңейтилип, каналдар ондолуп ирригациялык иштер өз деңгээлинде аткарылып, алыскы жайлоолорго, кыштоолорго жолдор салынган. Учурда өзү салдырган каналга “Күмүш Суранованын аты берилип, “Эмгекчил, “Куйбышев” чарбаларынын кайрак жерлерине 40 жылдан бери суу барып, ар жылы түшүм алган сайын Күмүш апаны эстеп жүрүшөт. Өмүр жолунда кыргыз элине кызмат кылган, жаңы тарыхыбызда өз орду бар мыкты, чыгаан эр-азаматтар, уул-кыздар: Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов, ошондой эле Социалисттик Эмгектин Баатырлары; Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Телегей Сагынбаева, дагы С.Бегматова, К.Кондучалова, Ж.Ташыбекова, Роза Отунбаева, Роза Айтматова жана башка аттары аталбай калган элге төбөсү көрүнгөн эл жакшылары менен замандаш, үзөңгүлөш болгонун сыймыктануу менен айтып, ар биринин адамдык бийик сапаттарын, айткан убадаларын аткарган, терең билимге маданияттуулукту эриш-аркак алып жүргөн инсандардан экенин эстеп, узун сабак аңгеме кылып берчү эле...

...Саяпкер күлүк таптап, чоң жарышка кошкон сымал өзүнүн өтөгөн татыктуу өмүрүндө Күмүш апа өмүрлүк жолдошу, маркум Борбодой уулу Даниярдын салымы зор болгонун айтып, абышкасын айкөл адам эле деп оозунан түшүрбөй мактап калчу. Экөө 44 жыл бирге өмүр сүрүшүп, ачуу менен таттууну бирге татып, эки уул, эки кыздын сүйүктүү ата-энеси, неберелердин урматтуу чоң ата, чоң эне, таята, таенеси болушканын, өмүрлүк жары эзели өйдө карап, ага орой сүйлөп, көңүлүн оорутпаганын, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгонун, чарбанын ишин жакшы билгендиктен, көп акыл-насаат, кеп-кеңештерин бергенин, ага аттын мыктысын тандап мингизгенин, саяпкердик өнөрдү аркалап, чапкан күлүктөрүнө байге алгандарын айтып, абышкасын жакшы маанай менен эскерип калчу эле, жарыктык...

Совет заманында партиялык жана чарбалык иштерде жетекчи болгон ардагер Күмүш Суранова Москвадагы чоң жыйындарга катышып, Сталиндин көзүн көрүп, Хрущев жана кыргыз ишмерлери Исхак Раззаков, Болот Мамбетовдор менен жолуккан учурлары болгонун да айтып, мындай деп эскергени али эсимде.

- Кремлдин Георгиев залында Улуттар Совети менен Союздар Советинин кошмо заседаниесинде отурган элек. Бир маалда эл орундарынан туруп дүркүрөтө кол чаап, "Сталин келди" деген күбүр-шыбыр тарады. Согончогумду көтөрүп, мойнумду созсом да ал кишини көрө албайм. Жанымда отурган Мамбеталиев деген киши Булганин, Молотов, Ворошиловдордун алдыңкы катарында өзүнчө отурган ачык күрөң кийимчен, муруттары калкайган кишини көрсөттү. Мен көзүмдү албай тиктеп отурдум, бир кыймылдап же сүйлөшүп койбойт. Бир маалда танапис болду. Чуркап чыгып, Сталин менен көрүшчүдөй ылдый түшсөм, буфет экен. Сталин болсо көрүнбөйт. "Свинина нет, баранина есть" деп орусчаладым. Бул "чочко этин жебейм, кой этин бер" дегеним эмеспи. Эптеп бирдеме алып жеп, эми кантип өйдө чыгам, сессиядан кечикпегей элем деп эки жагымды карасам, тээ алыскы бурчта тамак ичип жатышкан Раззаков, Сүйөркуловдорду көрө койдум. Сүйүнүп, алар басканда артынан ээрчидим. Раззаков жылмайып: "Кызым, кайдан?"-деди. "Сталин менен көрүшөйүн деп чуркап чыктым эле, агай. Ушул жакка келет деп ойлогом",-десем экөө күлүп калышты. "Ал киши отурган жеринен өйдө же ылдый лифт менен жүрөт. Канткен менен да сен азаматсың!"-деп далымдан сылап койду, деген эле Күмүш апа.

Анан да ар бир майрам сайын улуу башын кичик кылып, бизден мурда 2-3 күн озунуп, куттук айтып, жакшы каалоо-тилектери менен кошо батасын берчү эле. Жакшылык-жаманчылыкта “ -ай Макешов мени унутпай ала кетип, кабарлап тур, кайра үйгө өзүң жеткиресиң! Колуктуң жакшы жердин кызы, айтылуу Кыдыр акенин урпактарынан экен, кадырына жет,- деп батасын берип, кеп-кеңештерин айтып турчу эле. Коңултактап, өз энем өлгөндөй, кайгырып кабыргам сөгүлүп турам... Пендечилик кылып, көр-тирликтин айынан Сизден дагы далай кеп-кеңешиңизди укпай, жай олтуруп айылдаштарым, чоң энем Шаарба, апам Керез жана башкалар тууралуу аңгемелешпей калганыма өкүнүп турам...

Турмуштун нечен катаал сыноолорунда майышпаган, эрки күчтүү, адамгерчилиги менен элди алган өмүрү өрнөк, Теңир-Тоонун темир мүнөз асыл айымы - Суранова Күмүш апабыздын жаркын элеси анын замандаштарынын, туугандарынын жана бала-чакасынын эсинде түбөлүккө сакталат. Бул эскерүүм, Сиздин өмүрүңүздүн бир үзүмү гана болду. Айрыкча аялзаты, айымдар үчүн Сиз өрнөк, үлгү элеңиз...

Кабыл Макешов
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG