Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49
“Зыянкүл” эже

Кыргызстандагы ата-эне, тууган туушкандарыма телефон чалган сайын, “кумшекер, таттуу жебей элесиңерби, жебегиле, зыян; нанды кара ундан жасап атасыңарбы; ак нан зыян” деп какылдай берип “Зыянкүл эже” атка конгонума көп болду. Дагы деле эч кимди ынандыра албай келем. Айылдагы үй-бүлөмө же мени конокко чакырган ар бир тууган-туушкандын үйлөрүнө барган сайын туура тамактануу боюнча “лекция окуйм”.

- Кумшекер абдан зыян, таттууну колуңуздардан келишинче аз колдонсоңуздар жакшы болот...

- Балдар кумшекерсиз такыр чай ичпейт да.

- Эң сонун болот. Чай ичпегендери аябай жакшы. Чайдын курамында адамдын ден соолугуна зыян никотин жана башка заттар көп.

- Чай ичпей анан ачкадан өлүшсүнбү?

- Сүт ичишсин, суу ичишсин, айран ичишсин.

- Сүт-айранга да шекер салып бермейинче ичишмек беле?! Жөн эле сүйлөй бересиң.

- Үйгө такыр шекер койбой, такыр сатып албай койсоңор эле, ачка болгондо ичишет, анан көнүшөт ошого.

- И-ий, анда эл эмне дейт кокуй. Үйүндө шекери жок кагырап отурушат деп кеп кылышат да!

“Кеп кылышса эмне болот эле, ден соолук керек да” – деп баштайм лекциямды. “Ии, макул, макул” – деп кутулушат. Кайра кийинки жолу барганда дагы эле чайына кашыктап шекер салып отурушкан болот. “Макул-макул, шекер жебейбиз дебедиңер беле?”. “Балдар ыйлап көнбөй коюшту. Мейли жей беришсинчи. Кудай сактасын. Элдин баары эле жеп атпайбы”.

Шекер – уу зат

Бул макаланы калың элдин катмары карапайым эл окуп, ойлонуп калышаар бекен деген илгери үмүт менен жазып жаткандыктан, татаал, көпчүлүктүн тиши өтпөгөн илимий тилде жазбастан, жалпак тилде жазганга аракет кылам. Арийне, макалада берилчү маалыматтар илимге негизделип, илимде тастыкталган маалыматтар болмокчу.

Кумшекер. Бул зыянкеч адамдардын жашоосунда кийинки 300 жылга жетпеген убакытта пайда болгон зат. Тарыхта адамдар организмине керектүү шекерди табигый түрдө, таттуу жашылча жана жемиштер аркылуу алышчу. Адамзат кумшекерди иштетип чыгууну ойлоп таап алгандан кийин, аны ченемсиз өлчөмдө колдонушуп, ошонун айынан ар кандай оорулар келип чыгып жатат.

Белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун бир шакабасы эске түшөт. “...Азыр оорунун түрү көбөйдү. Илгери суук тийди, анан ысык өттү деген эки эле оору боло турган эле. Суугу кармаса сорпо ичип, ысыгы кармаса суу ичип айыгып кетишчү...”.

Шекердин зыян экенин билишип, окумуштуулар, дарыгерлер аны аз өлчөмдө колдонуш керектигин белгилеп келишсе да, кечээ жакында эле медицина, илим жактан эң алдынкы орунда турган АКШдагы бир изилдөө шекерди “расмий” түрдө уу зат деп атады. Тээ 60-жылдары тамекини акырындык менен адамдын түбүнө жетүүчү зыянкеч деп табышып, ошондон бери аны менен жигердүү күрөшүп келгендей эле, шекерди да мындан кийин мамлекет тарабынан көзөмөлгө алууну ойлонуп башташты. Шекерди кенен колдонгон дүйнөдөгү 170 мамлекетте кант диабети менен ооругандардын саны кескин арбып, андан каза тапкандар абдан көбөйө баштаптыр.

Шекер десем, чайга салган гана кумшекерди эле элестетип, “мен чайыма шекер салбайм, варенье салып ичем" дегендерди көп уккам. Варенье кумшекерден да күчтүү зыянкеч. Анткени ал жемиш менен кумшекердин кайнатмасынан келип чыккан. Жогорку температурада узак убакытка кайнаганда жемиштин бардык пайдалуу касиеттери өлүп, шекери эле калат.

Кыргызстан боюнча статистика белгисиз болгондуктан, АКШны алсам: азыр карапайым америкалык 200 жыл мурда бир жылда колдонгон шекерди бир күндө колдонот экен. Кыргызстан деле мындан кем калышпайт деп ойлойм. Анткени, дээрлик бардык үй-бүлөнүн дасторконунан шекер, варенье табууга болот жана конокко же өлгөнгө барганда момпосуй, печенье сыяктуу таттууларды көтөрүп баруу жана дасторконго коюу аябай кенен жайылган. Эгер маяна алып же кандайдыр бир ашыкча акча болуп калса сөзсүз сок, кола сыяктуу таттуу суусундуктарды жана шоколаддарды алып жеп “майрамдашат”.

Кытай жөнүндө терс ой-пикир айткым келбейт, бирок ал өлкө ар-түрлүү арзан азык-түлүктөрдү жана таттууларды дүйнө жүзүнө экспорттоп жаткандыгын билебиз. Кыргызстанда да Кытайдан келген таттуулар аябай кенен жайылган. Айылдардагы ар бир дүкөндө кичинекей балдардын көзүн кызыктырган бир сомдук “витаминдер” сатылат. Витамин дегени эмне кошуп жасалганы белгисиз, түрлүү- түстүү боёкторго боёлгон, кооз таттуу “бирдемелер”. Бир сом аз сезилгендиктен, ар бир ата-эне ал акчаны балдардын колуна оңой эле карматып коюу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ошентип балдар дүкөндөргө барышып, шекер менен кошо ар түрлүү керексиз, зыян химикаттарды денесине уютуп жатышат. Конокто отурган чоң апалар эске түшөт: “Менин жанакы жаман неберем таттуу дегенде жанын берет. Момпосуйду картылдатып чайнап жеп атып, тишинин баары күбүлүп түштү. Ошондо деле жалкыбайт садагаң болоюнум. Алып барып берейинчи, кубанып калсын ” дешет дасторкондогу таттуулардан чөнтөгүнө шыкап салып жатып. Момпосуй менен чыт курсак небересин убактылуу кубанткан менен, анын ден соолугуна бычак тийгизип жатканын аңдашпайт байкуш чоң энелер.

Таттууну көп жеген бала табигый сүт, жашылча сыяктуу тамактарга эч табити тартпай калат. “Кийинки балдар жаны тынбай, эң эле бир тентек, жигердүү ” деп даттангандарды көп угам. Шекер адамга жалган “күч” берип, аны жегенден кийинки бир аз убакытка өтө жигердүү кылат. Андан кийин адам итатайы тутулуп, эчтекени жактырбай, шалдырайт. Анткени, шекерде эч пайдалуу зат жок болгондуктан, ал организмге кирип алып, аны акырындык менен ”талкалап” жаткандагысы.

Ак нан

Апакай ыйык нанды зыян дегени турасыңбы деп көбүнчө адамдар чоочуйт. Анда эмне жейли деп коркутушат. Чынында Кыргызстанда негизги тамак нан менен чай да. Ооба, апакай болгон, “высший” сорттогу ундан жасалган нан ден соолукка таптакыр пайдасы жок. Буудайдын бардык витаминдери жана адамзаттын ичегисине өтө керектүү болгон клетчатка анын кабыгында гана табылат. Ошондуктан “толук дандуу” же улпагы аралашкан кара ундан жасалган нан гана пайдалуу. “Кагырап кап-кара болгон нан жеп отурушат деп эл кеп кылбайбы” дегендерди көп уккам. Кара ун ден соолукка гана пайдалуу болбостон, арзан дагы, үнөмдүү дагы, тогонок дагы.

Ден соолук

Бизде Кыргызстанда “чың ден соолук” боюнча билим, түшүнүк өтө төмөн болгондугу аябай чоң трагедия деп ойлойм. Ден соолукту чыңдоо деген бул ооруганда кантип дарыланууну билүү эмес! Оору-сыркоону жолотпоону билүү! “Ден соолук болсун ээ!” деп арак куюлган стаканды кагышып, же “Кудай ден соолук берсин!” деп бата тилеп, көп адам көбүнчө убакта ден соолугубуз бул ар бирибиздин өзүбүздүн колубузда экендигин анча түшүнө бербейбиз.

Денибиздин соолугу ичкен тамагыбызга, баскан-турганыбызга жана уйкубузга тикеме-тикелей көз каранды экендигин көбүнчөбүз эстегибиз келбейт. Ден соолугубузга болгон жоопкерчиликти Кудайга же жана башка күчтөргө арта салып, өзүбүз болсо тамакты ылгап жебей, денебизге күч келтирип аны акырындык менен талкалай беребиз.

Күчтүү табигый медицинасы менен белгилүү тибеттерде “ден соолукту чыңдоо ооруканадан эмес, ашканаңдан башталат” деген сөзү бар экен. Анысы кандай, ар бир адам өз ден соолугуна жоопкерчиликти сезип, ичкен тамагын жөндөп, көп-көп суу ичип, көнүгүүлөрдү жасап, убагы менен уктап –туруп жүрсө көп оорулардан алыс болушу илим жана тажрыйба жактан эчак тастыкталган.


Гүлжан Кудабай-Галлагер, АКШ, Денвер шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG