Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14
...Чоң энем дайыма кышкы чилдеде бизге жаңы помидор берер эле. Аны эч кандай күнөсканада эмес, сандыгында бышырчу. Жүзүмдүн эки кашык суусу менен 90 жашка чыкканга чейин чачын кап-кара бойдон сактаган. Ушул жана башка кызыктуу эскерүүлөрдү кененирээк айтып берүүнү туура көрдүм.

Чоң энем бышырган аталанын даамы дайым эсимде. Башкалардай болуп даяр ундан эмес, үйдөгү жаргылчакка буудайды салып, өзү ун жасап бышырганы үчүнбү, айтоор чоң энемдин аталасы өзгөчө даамдуу эле. Атала бышырып жатканда дайыма төрт сап ыр ырдачу. Обону эсимде, бирок ырдын саптары толук эсимде калбаптыр:

“Буудай айым, назар сал,
Балам ачка калбасын...”


Баса, аталаны бышыраардан мурда унду кыпкызыл кылып кууруп, ага суу кошуп кайнатардан мурда уучума толтуруп куурулган унду салып берчү. Ошол куурулган ундун даамын айтып бергенге чын айтайын, азыр сөз таба алган жокмун... Бир чыны атала ичсем, 4-5 саат ачкалыкты билбей ойноп жүрө берчүмүн.

***

Айыл эли помидорду салат кылып же как кылып кургатып, кышка сактайт эмеспи. Чоң энем болсо бизге кыштын ызгаар чилдесинде да огороддон үзүлгөндөй кыпкызыл, жаңы помидор берчү. Күз мезгилинде быша элек помидорлорду үзүп, саман кошулган ылайга ар бирин ороп, сандыкка терип койчу эле. Саман кошулган ылай болгондуктан, ал жарылчу эмес. Ичиндеги помидор кышка чейин бышып, жапжаңы болуп сакталып тура берчү...

***

Кышында тамагыбыз ооруса, доктурга барганыбызды эстей албайм. Бийиалманын (айва) ичин оюп, ага сары майды салып, гезитке ороп, очок же тандырдагы чокко көмүп койчу. 10-15 мүнөттөн соң алып, ичиндеги сары майды ичерет эле, артынан чокко күйгөн бийиалманы жедирчү. Андан соң ысык күлдү чүпүрөккө салып, мойнубузга ороп коёр эле. Ошо менен кантип тамагыбыз айыгып калганын да байкачу эмеспиз...

***

Чоң энемдин чачы 90 жашка чыгайын дегенде агарган. Ага чейин дайыма капкара бойдон, жылтырап жүрөр эле. “Мунун сыры жүзүмдүн суусунда”,- деп койчу раматылык. Чын эле, жыл сайын күзүндө жүзүмдүн бутактарын кескен учурда андан тамчылаган сууну банкага топтоп алмай жайы бар болчу. Жума сайын чачын жууп жатканда, бир чака сууга ошол банкадагы суудан эки кашык кошуп коёр эле...

***

Ага-эжелерим чоңоюп калган үчүнбү, аларга караганда көбүрөөк мага жан тартып турчу, раматылык. Жай мезгилинде түшкү убакытта дайыма уктатчу. Бирок башкалардай болуп, салкын үйдө же чарпаяда эмес, бактын ичине алып чыгып, төшөнчө салып, жаткырып койчу. Очок-тандыр чукуган көсөө-таяк менен мен жаткан жерди айлантып сызып коёр эле. Кийин билсем, бул чоң энемдин мени курт-кумурска чакпасын деген ырымы экен. Чынында эс тартканга чейин канча жолу бак ичинде уктасам да, бир да жолу курт-кумурска чагып, же кийимдин ичине кирип алганын эстей албайм...

***

Бир жолу денемди майда-майда бүдүрчөлөр каптап кетти. Кычышпайт, оорутпайт, бирок бети-башым шишип кеткен. 1989-жыл болушу керек эле. Чоң энемдин айтымында, мага “тарбак” ташыган экен. Кыш мезгили болчу. Мени жетелеп алып, өзү эски кийимин кийип, кошуналарыбыздыкына садака сурап кирген. Эски баштыкты көтөрүп алып, “Кудай жолуна, бир ууч буудай бериңиз”,-деп суранганы эсимде. Жети үйдөн жарым баштык буудай топтогонбуз. Үйгө келгенден кийин өзүнүн пальтосун мага кийгизип, жерге төшөк салып отургузуп койгон. Боюм кичине болгондуктан, чубалып калган пальтонун этегине кошуналар берген буудайды салып, сарайда байланып турган эшекти алып келип, ошол буудайды жедиргени эсимде. Буудай түгөнмөйүнчө мага эшекти кароого уруксат берген эмес... Ошондон көп өтпөй эле денеме чыккан бүдүрчөлөр жоголгон. Көрсө, бул “тарбакты” дарылоонун ырымы экен. Баласына “тарбак” ташыганда, муруңкулар ошентип дарылаган тура. Чоң энемдин айтымында, ырым үчүн сөзсүз тиленип алган данды пайдаланыш керек экен...

Эскерүүмдү ушул жерде токтото турайын. Калганы кийинки блогумда болсун.

(Чоң энем сүрөткө түшкөндү каалачу эмес. Түшсө дагы, аны бирөөгө көрсөткөндү “күнөө” деп айтаар эле. Ошол сөздөрүнүн урматы үчүн блогума раматылыктын сүрөтүн жайгаштырбадым).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG