Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Украина алдын караса, Кыргызстан артын карайт


Киевдеги митингден, декабрь, 2013.
Киевдеги митингден, декабрь, 2013.
Акыркы бир ай таптакыр иштей албай койдум. Бардык ишимди таштап салып, Украинадагы болуп жаткан окуялардан саат сайын, а кээде минут сайын кабар алып, интернет карап отурдум. Күйүп-бышып, уйкудан калып, күчүмдү тамекиден чыгарып, Майдандагы элдин арасында жүргөндөй...

Украина СССРди ураткан

1990-жылдары СССР урап жатканда да ушундай абалда болдум эле. Анда интернет, мобилдик телефон дегендер чыга элек. Телеканалдар да аз. Болсо дагы азыркыдай окуяны жеринен алып түз көрсөтүшпөйт. Толкундан толкун издеп, радиодон батыштын берүүлөрүн укчу элем, кайсынысы кандай жаңылык айтып ийет деп.
1991-жылдын 1-декабрында Украина көз карандысыз мамлекет болуу жөнүндө өз алдынча референдум өткөрүп, украиналыктардын көпчүлүгү аны кубаттаган. Ошондон кийин гана Орусия, Украина жана Беларус президенттери Беловежада Союзду таркатуу жөнүндө актыга кол коюшуп, аны сактап калууга ар кандай айла-амал издеп жан далбас кылган Горбачев шалдырай түшкөн жана ал актыны таанууга аргасыз болгон...

Анда да Балтиканын үч өлкөсү биз өзүбүзчө болгубуз келет дешсе, ошол кездеги СССР Жогорку Советиндеги Олжас Сулеймановдун тили менен айтканда «агрессивдүү көпчүлүк» аларды кудум азыркыдай улутчул, экстремист, бандит дешкен. Масалиев баштаган Кыргызстандын койчу, саанчы депутаттары «тентек» Сахаровду кантип «тарбияга» алышканын эстеп алып, уялганымдан ушу күнү да өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Мындан өткөн адилетсиздик барбы? Сахаров ким да, Бейшекеева ким? Азыр ошол 3 республика кандай өлкө да, Кыргызстан кандай өлкө?

Орусиянын белгилүү экономисти Илларионов баштаган топ «Майдан менен тилектештик комитетин» түзүп, дүйнө элдерине жана өкмөттөрүнө кайрылуу кабыл алыптыр. Ошол кайрылууга кол коюп жатсак, кээ бирөөлөр булар улутчул бендерчилердин тукуму, 1941-1945 жылдары бизге каршы согушкан, өз ата-энеңерди сыйлабайсыңарбы деп чыгышты. Башка өлкөнүн ички ишине кийлигишкенге болбойт дегендер да болду.

Логика болбосоң коё кал. Улутчулдук кандан канга өтөт имиш. Совет бийлигине каршы согушкан бендерчилер алардын ата-бабалары экен да, ошондой эле совет бийлигине каршы согушкан басмачылар биздин ата-бабабыз болбой калат экен. Орустарды колдосок интернационализм, ал эми украиндерди колдосок улутчул болуп кетет экенбиз. Ой айтып койсок эле ички ишине кийлигишкен болот экен.

Эгемен элбиз дейбиз. Кыргыздар дүйнөдө жок кыйын калк деп айтканды жакшы көрөбүз. Ошол кыйындар 90-жылдары кайда жүрүштү эле. Азыр айтылып жүргөндөй Ельцин, Кравчук жана Шушкевич үчөө ичип алып, бир кагазга кол коюп койгондон же Америка шпиондорун жиберип, ичтен бөлүп-жаргандан Советтер Союзу ураган эмес. Советтер Союзун ушу украиндер ураткан. Эгерде кыргыздар чын дили менен эгемен эл экенине сыймыктанса, эгемендикти бааласа, ал үчүн биринчи кезекте ушу украиндерге милдеттүү. Украиндерди сындагандын ордуна рахмат айтышсын.

1991-жылдын мартында Горбачев Союзду сактап калуу жөнүндө референдум өткөргөн. Ага Балтиканын үч республикасынан тышкары Грузия менен Армения катышкан эмес. Алар кийинчерээк өз эгемендигин жарыялашкан. Калган республикалардын элдеринин орто эсеп менен 70% бул суроого макул деп добуш берген. Андан кийин ошол жылдын 1-декабрында Украина көз карандысыз мамлекет болуу жөнүндө өз алдынча референдум өткөрүп, украиналыктардын көпчүлүгү аны кубаттаган. Украиндер эмес, украиналыктар деп жаткан себебим, башкасын айтпаганда да, азыр Орусияга кошулабыз деп жаткан Крым да анда көз карандысыздык үчүн добуш бергенин айтышат.

Ошондон кийин гана Орусия, Украина жана Беларус президенттери Беловежада Союзду таркатуу жөнүндө актыга кол коюшуп, аны сактап калууга ар кандай айла-амал издеп жан далбас кылган Горбачев шалдырай түшкөн жана ал актыны таанууга аргасыз болгон. Анткени Орусия жалаң Азиянын майда республикалары менен жалгыз калганды намыс кылган. Белгилүү бир саясатчы айткандай, Орусия Украина бар үчүн гана империя, эгерде андан ажыраса катардагы эле бир өлкө.

Кыргыздар "кет" десе, украиндер "геть" дешти

Сыры эмнеде экенин билбейм, кыргыздар менен украиндердин ортосунда көп окшоштуктар бар. Балтия өлкөлөрүн эске албаганда, Украина биринчи болуп өз валютасын киргизген. Биз дагы өз чөлкөмүбүздө биринчи болуп сом киргизгенбиз. Биздин бийлик украиндердин, андан ары Балтия өлкөлөрүнүн тажрыйбасын үйрөнүп келгиле деп атайын жумушчу топ жиберген. Ошол топто мен да бар элем. Киевди өмүрүмдө бир гана жолу ошондо көргөм.
Эки эл бирдеме болсо эле көчөгө чыкканды жакшы көрөт. Жада калса ал жерде айта турган сөздөрүбүз деле бир. Биз «кет», «кетсин» десек, украиндер «геть» дешет экен. Майдан кудум Бишкектегидей «банду, геть» деп жаңырып турду...

Дүйнөлүк соода уюмуна КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биз биринчи кирдик. Бизден кийин украиндер да бул уюмга Орусия, Белорус, Казакстан кире электе кирди. КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу эки өлкөнүн экономикалык жана саясий системасы алда канча либералдуу. Эки эл бирдеме болсо эле көчөгө чыкканды жакшы көрөт. Жада калса ал жерде айта турган сөздөрүбүз деле бир. Биз «кет», «кетсин» десек, украиндер «геть» дешет экен. Майдан кудум Бишкектегидей «банду, геть» деп жаңырып турду.

Дүйнөлүк соода уюму демекчи, Бажы союзу бизге пайдалуу, эч кандай кысым жок эле өз эркибиз менен кирип жатабыз деп жатышпайбы. Ушуга байланыштуу көпчүлүк биле бербеген бир нерсени айтып койгум келет. 1998-жылы бул уюмга Кыргызстан өттү деген кабар келгенде, Бажы союзун түзүү боюнча эксперттик топ Москвада иштеп жаткан болот. Кыргызстандан бул топко менин бир таанышым, каржы министринин орун басары катышкан. Орустардын жемеси канчалык болгонун ушундан бил, ошол орун басар ошол күнү эс-учун жоготуп, тез жардам менен алып кетишкен.

Эки өлкө тең түстүү революция жасаган өлкөлөр экени, аны бир ирет эмес эки ирет жасаганы баарына маалым. Экинчи жолкуда эки өлкөдө тең революциянын кыймылдаткыч күчү карапайым эл болуп чыкты. Бизде лидерлерди бийлик камап салып, эл өзү уюмдашып, мөндүрдөй жааган окко карабай Бакиевди Ак үйдөн кууп чыккан. Майданда да ошондой болду. Оппозиция лидерлери делген Кличко, Яценюк жана Тягнибок чет өлкөлүк арачылардын айткандарына көнүп, Янукович менен жарашуу келишимине кол койгондо майдандагылар биз ишти акырына чыгарабыз, Януковичти бийликтен алып түшмөйүн кетпейбиз деп коюшту. Айткандарын аткарышты.

Үлүңдөгөн "үчүнчү күч"

«Үчүнчү күч» деген неме бизде болсо, аларда да болду. Украинада чагым жасап жургон «титушка» деген топ жана снайперлер болгону айтылып жатты. Снайперлер Институт көчөсүндө Радага бара жаткан майданчыларды да, ага жардамга келген медиктерди да, ал тургай «бүркүтчүлөрдүн» өздөрүн да бутага алып атып жатышты. Бизде дагы Ош окуяларында кара жип минип, маска менен жүргөн снайперлер тобу кыргыздарды да, өзбектерди да алмак-салмак атканын айтышкан болчу.
Украиндер ушуну тыкыр изилдеп, үчүнчү күчтүн бетин ачса жакшы болор эле. Менин оюмча, Кыргызстанда да, Украинада да бир эле үчүнчү күч жүрдү.

Белгилүү орус аналитиги Дубнов алардын Москвада даярдалганын айткан жери бар. Бирок аларды ким даярдап алып келгенин ачыктаган эмес. Биздин бийлик башында чагымчыл топ болгонун ырастап, кийин жокко чыгарган. Ушу күндөрү да мага ар кандай чыр-чатактарда үчүнчү күчтүн колу сороюп чыга калгандай сезилип келет. Украиндер ушуну тыкыр изилдеп, үчүнчү күчтүн бетин ачса жакшы болор эле. Менин оюмча, Кыргызстанда да, Украинада да бир эле үчүнчү күч жүрдү.

Айрымдар, тагыраак айтканда бийликтегилер Майдан кыргыздар үчүн эчак басып өткөн жол деп жатышат. Мен буга анчалык ынана албай турам. Алар буга далил катары Янукович да, Бакиев да үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп алган диктатор болгонун айтышат. Экөө тең бирдей өлкөдөгү акчалуу жерлерди басып алганын мисал келтиришет. Биз Бакиевди эчак кууп чыксак, украиндер Януковичти эми гана кууп жатат дешет. Алардын ою боюнча, биз бир кадам алдыда баратабыз. Алар муну кыргыздар менен украиндердин ортосундагы чоң айырмачылык катары карашат.

Менин оюмча, айырмачылык анда эмес. Айырмачылык украиндер Евросоюзга, Европага кошулгусу келсе, биз Бажы союзуна, Орусияга кошулгубуз келгенинде. Майдан ушу идея ишке ашпай, Янукович Орусия деп кетенчиктей баштаганда башталган. Биздикилер болсо Батышты жерийт, кыргызды бузуп жаткан нерсе катары кабылдайт. Бул жагынан эл да, элди башкарган саясий элита да айырмаланбайт. Биздин трагедиябыз ушунда.

Атамбаев үн катты, бирок...

Кимдин ким экени ушундай учурда билинет эмеспи, мен бийликтин Майданга болгон реакциясына эмне дешер экен деп кызыгуу менен көз салып турдум. Биздин бийлик Түркия, Азербайжан жана Грузия сыяктуу эки тарапты элдешүүгө чакырып койгонго жараган жок. Президент үч жолу өз оюн кыска билдирди. Биринчи жолу Майдан жаңы башталганда «украиндердин Европаны тандаганга мүмкүнчүлүгү бар да» деп, интеграция деген сөзгө географиялык чен менен гана карарын көрсөттү.
Биздин президентти биринчи кезекте Украинадагы орус тилдүүлөрдүн абалы өзгөчө тынчсыздандырат экен...

Ал эми Майдан кайнап, украин бийлиги экстремисттерди жок кылабыз деп катуу чабуулга өткөндө «көрдүңөрбү, эки жакты кайраштырып коюп, эми адамдар өлүп жатат» деп баягы Батышты күнөөлөдү. Мага президенттин бул сөздөрү кичинекей баланы "бөө" келетат деп коркуткандай туюлду. Өкмөткө баш ийген массалык маалымат каражаттары болсо ушундай дүйнөнү дүңгүрөткөн окуяны көрбөй жаткансып, кээде унчукпай көз жаздымга салып, кээде бир аз жумшак жана чечкинсиз формада, бирок түпкүлүгүндө ошондой эле, Орусиянын маалымат каражаттарынын хоруна кошула калып жатты.

Үчүнчү жолу Атамбаев элдин суроосу боюнча деп өз оюн 27-февралда кенен айтты. Ал бу жолу Украинада болуп жаткан окуялар Кыргызстан үчүн өткөн чак деген Ак үйдүн версиянын дагы бир жолу кайталады. 2010-жылдагы окуяларды ийгиликтүү жеңген өлкө катары украиндерге акыл үйрөттү. Ал кандай акыл дебейсизби! Эгерде кайрылуунун дипломатия үчүн айтылган ийри-буйру, кооз жерлерин алып салып, анын тике эле маңызы жөнүндө айта турган болсок, биздин президентти биринчи кезекте Украинадагы орус тилдүүлөрдүн абалы өзгөчө тынчсыздандырат экен. Башканы билбейм, мен үчүн Атамбаевдин бул кайрылуусу Орусиянын бир губернаторунун кайрылуусундай эле сезилди.

Украиндер алдыны караса, биз артты карадык...

СССР таркагандан 10 жылдан кийин аналитиктер эмне үчүн Словения, Чехия, Польша жана башка социалисттик лагерге кирген өлкөлөр, анын ичинде Балтиканын үч өлкөсү өнүгүп кетти да, Советтер Союзуна кирген башка өлкөлөр өнүкпөй артта калып калды деген суроону кабыргасынан коюп, жооп издеп көрүштү. Биздин бийлик өнүгүү үчүн мунай, газ, алтын, суу болуш керек деп жатпайбы, булардын биринде да сатмак тургай, өздөрүнө жете турган жаратылыш байлыктары жок. Жооп бирөө эле болду.
Кыргыздар да орустарды туурап, өсүп-өнүгүүнүн «тирүү» мисалы турса, аны көрбөй, өз келечегин тарыхтан издеди, жомоктон издеди. Украиндер өз тагдырын алды жактан издесе, биз арт жактан издеп жатабыз. Биздин украиндерден айырмачылыгыбыз ушунда турат.

Бул өлкөлөр Европага ыктап, демократияны жана рынок экономикасын курууну үйрөндү, мыйзамдарын ошолордукуна окшотуруп кабыл алды, европалык баалуулуктарды сиңирүүгө аракет кылышты, баскан-турган жагынан да европалыктарды туурады. Бир сөз менен айтканда, алар Европага карап түзөлдү. Ошондуктан алар эки-үч жылдан кийин бардык кыйынчылыктарды жеңип, өнүгүү жолуна түштү. Украиндер ушул жолго эми багыт алды.

А бери жактагылар эмне кылды? Алар орустарды туурады. Орустар өз келечегин тарыхтан издесе, дүйнөнүн жарымын титиретип кармап турган Советтер Союзун үлгү тутса, кыргыздар да орустарды туурап, өсүп-өнүгүүнүн «тирүү» мисалы турса, аны көрбөй, өз келечегин тарыхтан издеди, андан жарытылуу эч нерсе таба албай, жомоктон издеди. Манас тирилип келип, завод-фабрикаларды иштетип бере тургансып. Эки революция болгонуна карабай, биз дагы эле жомоктон чыга албай жатабыз. Украиндер өз тагдырын алды жактан издесе, биз арт жактан издеп жатабыз. Менин оюмча, биздин украиндерден айырмачылыгыбыз ушунда турат.

Сапар ОРОЗБАКОВ, публицист
XS
SM
MD
LG