Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Кең Таластын так ортосунда, дүйнөлүк тарыхта чоң орду бар, Манастын ордосу болгон атактуу Кең-Кол тарыхый-археологиялык комплекси кыйроодо.

Өткөн май айында "Манас" эпосунда, өзгөчө Жусуп Мамай атабыздын вариантында айтылган байыркы кыргыздын борбору болгон «атактуу Кең-Кол-Жети-Төргө» кыргызга белгилүү Темирбек Токтогазиев агай экөөбүз тарыхый экспедиция жүргүзүп келдик. Кең-Кол менин чон ата-бабаларым жердеген жер эле, ал жакта балалык чагым өткөн, ошондуктан Темирбек агайга жол баштап жүрдүм. Бирок тарыхта өзгөчө орду бар Кең-Кол көрүстөнү кыйрап жатышы, анын мамлекет тарабынан коргоого алынбашы мени аябай өкүндүрдү.

Эми бир аз тарыхка кайрылалы. 1938-жылы атактуу археолог-тарыхчы Бернштам баштаган археологиялык экспедиция Таласта археологиялык иштерин жүргүзгөн экен, жыйынтыгында Санкт-Петербургдагы мамлекеттик эрмитаж «Кенкольский Могильник» деген көлөмдүү китеп чыгарган. 1956-жылы, Кең-Кол көрүстөнүндө археологиялык иштер кыргыздын белгилүү археологу К. Кожомбердиев баштаган археологиялык экспедиция тарабынан улантылган. Ал археологиялык иштердин жыйынтыгында Кожомбердиевдин “Катакомбные памятники Таласской долины” //Археологические памятники Таласской долины. Фрунзе, 1963» деген эмгеги жаралган.

Мындай катакомбалык мүрзөлөр кийин Казакстандын түштүгүнөн, Кавказ, Крымдан табылган. Кең-Кол көрүстөнү биринчи табылгандыктан бул тарыхый-археологиялык маданияттын баарын тарых илиминде орусча "Кен-Кольская группа историко-культурных комплексов" деп атап коюшат. Бул табылгалардын дээрлик көпчүлүгү биздин замандын I-V кылымдарына таандык деп археологиялык илим тастыктап келет, бул жалпы түрк элдеринин таралышынын доору десек болот. Манас атабыз Кең-Колду кыргыздын борбор жери кылып тандап алганы бекеринен эмес окшойт, анткени ата бабалардын сөөгү жаткан жер көчмөндөр үчүн өтө ыйык эсептелген.

Мен ошол Кең-Колго болгон сапарымда, Бернштамдын изин кууп китеби менен таанышкандан кийин, ошол бала кезде ойноп жүргөн, Бернштам археологиялык иш жүргүзгөн талаага, чоң атамдын атын токуп алып чыкканымда, абдан өкүнүчтүү иш көрдүм. Котур сайына барып, адамдын сөөктөрү ар кайсыл жерде чачылып жатканын, трактор менен Камаздарга жүктөлүп жатканын көрүп, жүрөгүм зыркырады. Чыңгыз атабыздын чыгармаларындагы маңкурттукка кезиктим.

Көрсө мындан 4-5 жыл мурун эле Кең-Кол тарыхый жайы Талас районунун топурак алуучу жерине айланып калыптыр. Мүмкүн ага уруксат берген жергиликтүү бийликтегилерде бул жөнүндө маалымат болгон эместир, бирок ал жактан адам сөөгү чыгып жатканын жергиликтүү калк билип, көрүп, угуп эле жүрүшкөн да. Эмне үчүн ушуга жергиликтүү бийлик беш жылдан бери кайдыгер карап келгенине таң каласың. Качан кыргыз аталарынын көрүн казып, анын топурагынан там салчу эле? Качан кыргыз аталарынын сөөгүн казып, аны кордочу эле? Качан кыргыз аталарынын көрүнө жугундусун төкчү эле? Бул кандай манкурттук?

Ошол эле күнү мен бул маселе боюнча Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиевага кайрылуу жазып, сүрөттөрдү тиркеп өткөрүп бердим. Көп өтпөй мага облус башчысынын эки орун басары тең телефон чалышты. Бирок алар бул маселе менен тааныш эместигин билгизип койду, анткени менден сурап жатышты “бул жер кайда” деп. Кантсе да тез аранын ичинде чечебиз деген убадасын беришкен эле. Андан бери кырк күн өттү, бирок карьердин иши дагы деле токтой электигин айылдаш тааныштарым айтып жатат.

Айлам кеткенинен мен бул маселени коомчулук менен бөлүшөйүн деп жазып жатам. Анткени бул абалды ал жерден туруп көрүп, аны токтотконго аракет кылбоо - мен үчүн ошол жерде сөөгү жаткан байыркы бабаларыбыз алдында, Жараткандын алдында чоң күнөө деп эсептейм.

Ал эми тарых илими баалуу Кең-Кол тарыхый-археологиялык комплексинен кол жууп калышы мүмкүн. Кантсе да эми жергиликтүү бийликтегилер бул маселени тезинен чечээрине ишене туралы.

Кубан ЧОРОЕВ, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG