Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Коркуп жашагандан корком...


Убакыт учкан куш, учуп барат зымырап. Турмушуң шахмат, ар кимдики башка жол. Ал жолдор таптакыр бири-бирине окшобойт экен.

24 саат ичинде бир күндүк өмүрүң кетет чакырсаң да, кыйкырсаң да артын бир карабай шуулдап. Ошентип өмүр өтөт, өйдө көч, ылдый көч болуп. Ушул “шуулдаган” турмушуңда эмне деген гана ойлор келип-кетпейт мейман болуп. Кээде коркуткан ойлор өчөшкөнсүп желкелеп алат, мейман эмес “найман” болуп.

"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей эл, элдин пейили жерге караганда эки эсе тез өзгөрүп турат экен. Барган сайын эле баары өзгөрүп “самопал” болгондой сезилет. Товарың да, элиң да, жеген тамагың да, ал тургай химикатка семирген жериң да “самопал”. Эл да, жер да сатылууда акчага, байларга, чет өлкөлүктөргө. Баары эле сатылып эле атса, сатылып эле атса бул башаламан турмушта эртеңим эмне болот деген желкелеген ойлордон корком.

Бир тууганымдын ооруп-сыркоологонун, кыйналганын көргөндөн корком. Тагдырдын тайгалак жолунан тайгаланып, суу тээп салган чымынды сымал четте калып, сары майдай саргарган мусаапырлыктан корком. Ушундан улам калса керек, "дасторкондо турган сары майдан жебесең да ооз тий, болбосо саргарып каласың" деген сөз. Турмушка жөн эле кол куушуруп ээрчиме сымал, ээлеген орду жок конок сымал келип-кеткенден өлгүдөй корком.

Анан да жылма сүйлөп, жылып жүргөндөн корком. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөй, бирөөнүн башындагы кылды көргөндөн корком. Өз ордун таба албай, жашай албай наалып “жашоо кыйын” дегендерден корком. Чөнтөктө жарты тыйыны жок, ышкырыгы таш жарып, “көчүгү жер жыттабай” коноктон конокко каттап, арак-шарап, “гастрономический” кызыкчылык эңсеп тойлогондордон корком. Аялы, балдары ач-жылаңач, “үйдө ким кожоюн?! Мен кожоюн, мен эркекмин, сен аялсың, сенин милдетиң бул, тигил...” деп коркоңдогон күйөө сөрөйлөрдөн корком. Мен үчүн алардын ... байкуштардан айырмасы такыр жок.

Сүйлөсө асмандан сүйлөп, “басып жүргөн энциклопедия” көрүнгөн, билимине менменсинип, колунан “пок” келбегендерден корком. Өздөрүнчө ак жүрөк, боорукер көрүнүп эртеңкисин ойлобой ачылып-чачылып жаткан ары жок, эки жүздүү жасалмалардан корком. Булар мите сымыл, бетиңе күлүп туруп, артыңан суу куйгандар. Мындайлардын колунан жакшылык келбейт, келсе да элге бербейт.

Көлдүн толкунун “шарп” эткенин, булбулдун мукам үнүн, дарыянын агымын, күндүн күлгөнүн, айдын аппактыгын, шамалдын чачыңы саксайтканын, суунун тунуктугун, бүчүрдүн бүрдөгөнүн, гүлдүн ачканын, табияттын түрдөнгөнүн көрүп туруп көрө албай, угуп туруп уга албай, сезип туруп сезе албаган жан дүйнөнүн дүлөйлүгүнөн, сокурдугунан абдан корком.

“Бул турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балээге”. Ушундай чычканга өлүм, мышыкка күлкү заманда баарына кол шилтеген көңүл коштукка, маңкурттукка айланып кетет го деген кара булут сымал көңүлдү кирдеткен, ирээнжиткен ойлордон корком.

Коркоктук – менимче кең дүйнөнү тарытып, барды жок кылып, жөндөмдүүлүктү жоюп, ички дүйнөңдү тоңдуруп, талантыңдын таш-талканын чыгарып, психологияңды атакалап, нервиңди жукартып, прогресс эмес регресске ыктаган сезим. Баарынан да көз ачып жумганча өтүп кетчү дүйнөдө коркуп жашаганың коркунучтуу болуп атпайбы...
XS
SM
MD
LG