Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Акчаны эле ойлобой, өлкөнү да ойлойлу


Кечээ эле ак бантикти тагынып, мектеп алдына жаңы гана кадам таштап келген элек. Ал эми азыр болсо 11 жыл окуп, мектеп менен коштошуп жатабыз.

Бардык бүтүрүүчүлөр алдына чоң максаттарды коюп, кайсы кесиптин ээси болууну ойлонуп жатышат. Алардын арасында мен да башымды катырып, кайсы кесипти тандоону билбей турган чагым.

Азыр биздин өлкөбүзгө мыкты, билимдүү адистер керек. Анткени өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда.

Мен жакшы кесипти тандап, Кыргызстанга пайда алып келген, керектүү адам болгум келет. Бирок кайсы тармакты тандарымды билбей турам. Ата-энем, бир туугандарым да мага татыктуу адистикти тандоодо кеңеш берип жатышат.

Мен кичине кезимде банк кызматкери болууну каалачумун. Таза, кара жумуш кылбайм, компьютердин алдында гана отурам деп кыялданчумун.

Ал эми азыр болсо терең ойлонуп көрсөм адашкандаймын. Бул окуу жайды бүтсөм келечекте жакшы иштеп кете албай турганымды ойлобоптурмун. Себеби азыр бул адистикке суроо-талап аздай.

Акыры көпкө ойлонуп, дарыгер болууну чечтим. Келечекте иш да табылат деп үмүттөндүм. Бирок бул окууда бюджеттик орун жок, контрагы 40 миң сомдон жогору экен. Ата-энемди кыйнап коёмбу деп ойлоп жатам.

Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган окуу жайлардын контракттык төлөмү бир аз төмөн болсо мага окшогон канчалаган абитуриенттерге жеңил болмок. Бирок кайдан! Коррупция деген балекет бар эмеспи. Акчасы көп, бийликтегилердин же байлардын балдары билими начар болсо да өтүп кеткенин өз көзүм менен көрүп, эмне кыларымды билбей туруп калдым.

Мейли алар да өтүп, окусун. Бирок алардан кандай окумуштуу, билимдүү адам чыгарына ким кепилдик берет? Андыктан акчаны гана ойлобой, Кыргызстандын келечегин ойлогон адилет, калыс, чынчыл болууңуздарды өтүнөм!!!

Айкөкүл Азаматова, Ош облусунун Өзгөн району, №9 Кылыл-Тоо орто мектебинин бүтүрүүчүсү

XS
SM
MD
LG