Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03
“Карысы бардын - ырысы бар” дегенибиз кайсы: карылар үйүн кароосуз калган чоң ата, чоң энелерге толтуруптурбуз? Бул өмүр берген ата-эненин алдан тайып калганда жазмыш жазуусубу? Азыр атасынан атты, энесинен төрдү тартып алып, сыртка чыгарып салгандар бар экенин көрүп, көзүм азырга чейин ооруп жатат.

Кусага баткан бөлмөлөр

Жекшемби күнү досум “карылар үйүнө жардам берип келели дегенбиз, убактың болсо биз менен жүр” деди. Жөн эле үйдө жатканда эмне деп, мен да жөнөдүм.

Карылар үйү жөнүндө угуп жүрчүмүн, бирок өз көзүм менен көргөн такыр башка тура. Дем алуу күн болгондуктанбы, көңүл сестенткен жымжырттык өкүм сүрүп турду. Караңгы залда басып баратканда мемиреген тынчтыкта бут кийимимдин тыкылдаганы да, жүрөгүмдүн “дүк-дүк” соккону да угулуп жатты.

Коркуу менен таңыркоо сезими чулгап турганда кызматкер эже алдымдан тосуп чыгып, ашкана тазалашып жаткандарга алып барып кошту. Бирин-серин жумуштарды жасап коюп, бул жерде күн кечирип, телевизор көрүп отурган чоң энелердин жанына бардым.

- Кызым сен неге келдиң, концерт коюп бересиңби?

- Жок, мен эме...

- Же тамак алып келдиңби?

- Жок, чарба иштерине жардам берели дегенбиз...

- Бүгүн кандай тамак берет экенин билбейсиңби?

- Бүгүн шорпо менен пирожки жасашыптыр.

- Ии, дагыбы?

- А сизге жакпайбы бул жердин тамактары?

- Мен манты, беш бармак, лагман жегим келген. Менин сөзүмдү айтып жүрбө, анан мени кууп чыгышпасын бул жактан, - деп өз бөлмөсүн көздөй басып кетти.

Мен ордумда турган бойдон бир күнү манты жасап келем деп өзүмө сөз берип кала бердим. Сагыныч, куса толгон бөлмөдө туруп көзүмө жаш тегеренип кеткенин байкабай калыптырмын.

х х х

Курбум окуудан сырткары үй жумушчу болуп иштейт. “Сабак бүткөндөн кийин баккан “атама” тамак жасап, кир жууйм, кечээ үй жыйнап жатып эски сүрөттөрүн көрүп калдым, мамлекеттик кызматта иштеген тура. Мурда бардар жашоодо эле жашагандай, азыр эмнегедир жалгыз турат” деп айтып калды.

“Менин сабагым эрте бүткөндө сага жардам бергени барсам кантет?” деп ээрчип алдым. Тамак жасап жатканда эки көзүмдү чоң атадан албай отура бериптирмин. Радиодо кыргыз акынынын 90-жылдардагы жашоосу тууралуу уктурулуп жаткан. Аябай таасир калтырдыбы, көзүнөн жашты сүртүп алып, радиону өчүрдү. Көздөрүнөн "арманым аттын башындай" деп окулуп турат.

- Чоң ата, кантип жалгыз жашап калдыңыз?

- Жалгыз жашачу деле эмесмин. Кемпиримдин кайтыш болгонуна 5 жыл болду. Учурунда мекенге кызмат кылгандардан эле болгом. 90-жылдары бийлик алмашып, бытыранды болуп кетпедикпи.

- Бала-чакаңыз кайда?

- Баламды окутуп жайладым, казак кызына үйлөнүп, ошол жакта жашайт. Жылына бир жолу келип турат.

- Бул жерде жалгыз жашагандан көрө балаңыздын жанына барып, неберелериңизди эркелетип отурганыңыз жакшы го.

- Барбайм ал жакка! Кереги жок!

Үнү өктөм чыгып, мага тик караганда чоң атанын оорулуу жерине сөз менен тийгенимди түшүнүп, өкүнүп калдым. Уулум дегенде нур төгүлгөн көздөрдү көрүп көнүп калсам керек, айтор, үмүтсүз үн менен сүйлөп жаткан атаны аяп кеттим. Баласына да, атасына да жиним келди. Бирок кимисин күнөөлөйсүң? Же тили жок тагдырды урушамбы?

Айпери Ганыжан кызы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG