Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Китепканадан убакытты баалоону үйрөндүм


«Ах чиркин! Биздин күндөр кандай таттуу, бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу!» демекчи студент болуп калганыбыз кандай бакыт! Бакыт демекчи «студент» болуу кандай сыймык экенин чындап түшүнгөнүмө аз гана убакыт болду. θткөндө бир конференцияда отуруп баяндамачынын «Бир жылдын баркын билгиң келсе, окууга өтпөй калган абитуриенттен сура» деген сөзү менин көкүрөгүмдү тешип өттү. Бул сөз мага кандайча таасир эткенин баяндап берейин.

Айрымдар бул жашоодо ким болгусу келээрин алда качан эле чечип коюшат. Бул албетте жакшы, бирок ар бир адам эле андай боло албайт экен, алардын ичинде мен да бармын.

Албетте кесип жөнүндө ойлоноор элем, бирок өтө терең эмес. Ошентип убакыт билинбей зымырап өтүп окуумду артыкчылык менен аяктадым, турмуштун улуу жолуна аттанаарда негедир мен ким болорумду биринчи ойлоодон мурда Кыргызстандагы эң престиждүү окуу жайдын студенти болууну көбүрөөк ойлопмун. Анан өзүм самап жүргөн окуу жайга тапшырам деп ата-энемди кыйнай бердим, алар менин каалоомо каршы болушту. Акыры ата-энемдин айтканын уктум. Ал учурда менин башымда ошол окуу жайдын гана студенти болуудан бөлөк бир да ой жок эле. Баарына кол шилтеп дагы бир астыңкы саптагы салмактуу окуу жайдын студенти болдум.

Күз келип окуу башталды, ошондо гана мен таптакыр каалабаган адистикке тапшырганыма көзүм жетти. Айлам түгөнүп бир жыл аракет кылып жакшы эле окудум. Бат эле экинчи курска келдим, бир күнү басып келе жатып башыма ойлор келе баштады. Мен өмүр бою өзүм сүйбөгөн кесип менен кантип иштейм? Мен кантип сүйбөгөн кесибим менен карьера жасай алам? Мен башка кесиптин ээси болгум келет….

Туура кылдымбы, а балким туура эмес кылдымбы окууга барбай койдум, сабак калтырбаган жаным бул күндөрдө катуу чүнчүдүм. Күнүнө китепканага келем, курска барам күн санап кийинки окуу жылын чыдамсыздык менен күтөм, кайрадан студент болууну маңдайыма жаза көр деп жаратканга жалбарам. Акыры тилегиме жеттим, каалаган адистигиме тапшырдым. Буюрса мыкты ЖУРНАЛИСТ болом!

Бүгүн мен журналистикага тиешеси бар иш болсо ичкен ашымды жерге таштап жүгүргөнгө даярмын, себеби ал мен сүйгөн кесип. Тандаган кесип тагдырга түздөн-түз таасирин тийгизе албаса да, жашообузда орчундуу орунду ээлейт. Дегеним жан дүйнөсү эмнени самаарын, жөндөмү кайсыл жакта экенин так аныктап алган адам чоң ийгиликке жетишет. Азыр мен бир окуу жылын өткөргөн, студент болууну зарыгып күткөн күндөрүмдүн күбөсү болгон китепканаларды жылмайып карап өтөм. Бул күндөр мага мезгилди баалоону, убакытты туура колдонууну үйрөттү.

Акырында айтаарым жаштыктын буурул түндөрү, агарып аткан таңдары өткөн, жалындаган студенттик күндөрүбүздүн баркына жетели жана кайсы кесипти аркалабайлы ошол кесибибизди сүйүп, майын чыгара иштеп Ата Журтка ак кызмат кылалы!

Рахат Акматова, студент
XS
SM
MD
LG