Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Ааламдашуу доорунда наркыбызды сактайлы


Урматтуу мекендештер, эгемендүү Кыргызстаныбыздын күнү менен бардыгыңыздарды чын дилимден куттуктайм!

Тээ атамзамандан бери кыргыз эли өзүнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келген.

Улуу Жибек жолунун тоомунда турган базар мамилелери тарапка тизгин бурган эркин Кыргызстан бүгүн дүйнөнүн жаңы негизде өнүгүп жаткан экономикалык мамилелеринин орбитасына активдүү түрдө тартыла баштады. Мына ушундай кырдаалда үмүттүү, сүйүнүчтүү сезимдерди баштан кечирүүнүн, ошондой эле адамды бейпайга салган, жүрөктү өйүгөн сарсаналуу ойлорго кабылбай, кооптонбой койбойсуң. Дал ушундай жер бетинде ар түрдүү цивилизациялардын, күчтүү-күчсүз мамлекеттердин түздөн түз алака-катышы күч алып, интеграциялык жана миграциялык процесстердин агымы каптап кирген кезде, жаш кыргыз этносунун тагдыры кандай болот, руханий дүйнөсүнүн абалы эмне болот, ак калпакчан калк өзүнүн улуттук жүзүн, өз алдынчалыгын сактап кала алабы, же күчтүү техниканын цивилизациялардын кучагында тумчугуп, улуттук кыртышынан ажырап, жок болуп кетеби?

Эгерде кыргыз элибиз өзүнүн ички руханий ресурстарын жигердүү түрдө кыймылга келтире алса, өзүнүн салттарын жана нарктарын аң-сезимдүү түрдө тутунса, алардын тамырларына суу куюп, дайыма гүлдөтүп турса, маданияттын мамысы бекем орнотулган болсо, анда ар кандай инновациялар жана модернизациялоолор этноско эч кандай коркунуч туудурбайт. Ошондуктан биз Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшүнө, гүлдөшүнө, алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланышына салым кошолу!

Акылбек кызы Элеонора

XS
SM
MD
LG