Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Президенттин Коомдук эксперттик кеңештин илимий ишмердикти уюштуруу жана башкаруу боюнча сунуштамасын өкмөткө жибергенине эки ай болду.

Бул окуя Кыргызстандагы илимдин бүгүнкү абалына (башкача айтканда, илимдин дээрлик жоктугуна) канааттанган Илимдер академиясынын жетекчилери үчүн да, бул академиядагы реформаны көптөн бери күтүп, андан эбак көңүлү кайт болгондор үчүн да күтүүсүз болду.

Эгер биринчи топтогулар “адаттан тыш окуяга” абдаарып, бул сунуштаманы Илимдер академиясын жоюу демилгеси катары кабыл алса, бул мекеменин өз деңгээлине жооп берүүсүн каалагандар үчүн туннелдин ар жагынан жарыктын шооласы жылт эткендей эле болду.

Кызыгы, эксперттик топтун сунуштамасын окуп чыкканымда, Илимдер академиясын жоюп салууну кыйыткан сөздү бир да жерден тапкан жокмун. Бирок ошого карабай реформага каршылар өз божомолун бекемдөө үчүн сунуштаманын 4-пунктун бетке кармоодо. Анда:

“Илимий жайлардагы, анын катарында КРдин Илимдер академиясында илимди жана илимий эмгекти мотивациялоо үчүн институционалдык кайра куруу. Улуттук академияга коомдук уюмдун статусу менен мамлекеттик органдар жана илимдин айкалышуусу боюнча кеңеш берүү функциясын кошо ыйгаруу”, - деп турат.

Бул пунктта Илимдер академиясын жоюп жиберүү тууралуу эмес, азыркы “Эң жогорку илимий мекеменин” статусун гана өзгөртүү тууралуу кеп болууда. Демек академиктер атайылап эле президентке караштуу кеңештин сунушун бурмалап, коомчулукту адаштырып жатат.

Боло турган өзгөрүүнү туура түшүнүү менен кабыл алуу ордуна, мамлекет илимге сыртын салып, ИАны колдоо ордуна бейөкмөт уюмдарга окшоткусу келип жатат деп жалган картина тартышууда. Ушул жерден тактай кетүү керек: коомдук уюмдар сөзсүз эле мамлекетке карабай калат, бейөкмөт уюмга айланат деген түшүнүк жок. Мисалы, макаланын автору доктордук диссертациясынын үстүнөн иштеп жаткан Чех Республикасынын Илимдер академиясы коомдук уюм, ошол эле кезде аны мамлекет да кайсы бир деңгээлде каржылайт. (Чехиянын Илимдер академиясынын веб-сайтынын баш барагында кыргызчага которсок, “Чех Республикасынын Илимдер академиясы – бул коомдук, университеттик эмес илимий уюм” деп жазылып турат).

“Коомдук уюм” статусу Илимдер академиясына көбүрөөк эркиндик берип, компетенттүү менеджменттин жардамы аркылуу аны өзүн өзү башкарган, чындап жыйынтык берчү илимий уюмга айландырууга жардам бермек. Бирок баарынан кызыгы академиктер муну билип турса да, моюнга алгылары келбейт. Эгер президент же өкмөт радикалдуу реформага барып же Илимдер академиясын чындап жок кылууга бел байласа, анда “академик” деген даражаны (бул даража канчалык керектүү экени өзүнчө кызуу талкуу жаратчу тема) жөнөкөйлөтүп, ага берилген артыкчылыктарды да жоюп салуу туура болмок.

Эми ошол эле 4-пункттун экинчи жарымына көз чаптырып көрөлү:

“... Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын корпусундагы азыркы күндө иштеп жаткан мүчөлөр жана мүчө-корреспонденттерге учурдагы стипендиянын өлчөмүндөгү пенсия чегерүү жана илимий багыттагы адистерди даярдоодо консультациялык жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Академиянын башка мүчөлөрү кайра уюштуруудан соң коомдук башталышта иш алып барышат”.

Жөнөкөй тил менен айтканда, бул жерде пенсия тууралуу кеп болууда. Дегеним, мамлекет академиктерге жаш жана ишбилги кадрларга (аларды кайдан табуу өзүнчө чоң маселе) орун бошотуп, татыктуу эс алууга кетүүнү сунуштап жатат.

Чындап келгенде Илимдер академиясынын эгемендик жылдарындагы жападан жалгыз “ойлоп тапканы жана өндүрүп чыгарганы" жалаң ушул “академиктер армиясы” болду. Алардын айрымдарынын илимий жактан күмөндүү эмгектерине карабай ушундай март сунуш жасалууда.

Илимдер академиясын жоюуга каршылардын катарында мен да эксперттик топ Илимдер академиясын жабуу жөнүндө эмес, реформа тууралуу сөз кылып, ансыз да бир кезде академиктер талкалап, жок кылган кыргыз илимин кайра калыбына келтирүү тууралуу демилге көтөрүп жатат деген үмүттөмүн.

Тынчтык Аматов, Чехия.

"Азаттыктын" маалыматы: Тынчтык Аматов Ош шаарындагы орто мектепти аяктаган соң М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин химия факультетинде окуган. Кыска убакыт Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп эмгектенген. Учурда Чех Илимдер академиясынын Органикалык химия жана биохимия боюнча институтунун докторанты.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Кыргызчалаган Санжи Туйтунова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG