Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07
(2010-жылдын 7-апрелиндеги Бишкектеги кандуу калабаны эскерүү)

Ал күнү Ак үйдүн алдындагы кандуу калабага кокустан эле аралашып калдым. Биз, интернет редакторлор сайтты улам жаңылап, окуянын өнүгүшүн тынбай чагылдырып, сүрөт, видеолорду коюп турушубуз керек эле. Окуя мүнөт сайын өзгөрүп атты...

Эртең менен “Медиа-Форумдун” алдында өтчү митингге ошо кездеги кабарчыбыз Бекташ Шамшиев кеткен эле. Үн жазгычын белендеп, мойнуна фотоаппаратты илип өтө камдуу жөнөгөн. Көп өтпөй эле камдуу кеткен Бекташ акебизден дайын болбой калды. Телефону өчүк. Кайра-кайра чалабыз, дале өчүк. (Кийин билсек кашайып ошо күнү телефонун азыктандырбай калган экен)

Айла кеткенде Бекташ акеден кабар алганча сүрөттөрдү алып келип, сайтка коё берели деген ойдо “Медиа-Форумга” жөнөдүм. Горький көчөсүнө чыга берсек МАИчилер жол тосуп турган экен, өткөрбөй койду. Айдоочу эптеп кычык-кучук көчөлөргө салып отуруп, Көк-Жар айылынын астынан алып чыкты да, “мындан ары баралбайм, баары бир өткөрбөйт, өзүң барып кел”, - деп машинасын токтотуп койду. Горький-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде да МАИнин машинелери турган экен. Ылдый жакта карарган түтүн уюлгуйт. Кесилиште турган МАИчилердин ындыны өчкөн, өткөн-кеткен менен да иши жок, өздөрүнчө кобурашып турат.

"Медиа-форумдун" жанындагы тополоң.

"Медиа-форумдун" жанындагы тополоң.


Дикилдеп чуркаган бойдон “Медиа-Форумдун” жанына келсем митингден дайын жок. Милициянын эки-үч машинеси томолонгон бойдон өрттөнүп жатат. Кырдаал түшүнүктүү эле. Революциянын жыты сезилмек тургай, өзү көрүнүп калган экен. Бирин-серин адамдар жүрөт. Өйдө тараптагы конуштардан адамдар топ-топ болуп ылдый кетип жатышты. Ага карабай жолдун боюнда бир аял “Ак үйгө баскыла, Ак үйгө”, - деп үгүттөп атат.

Телефондон айдоочуну чакырып, Горький көчөсү менен Ак үй тарапка жөнөдүк. Бу маалда жанагы МАИчилердин бири калбай, жолдун баары ачык. Логвиненко көчөсү менен зуулдаган бойдон түшүп келдик. Бир топ адамдар ары өтө албай топтолуп туруптур. Ак үйдү милиция каз-катар курчоо менен чулгап алган. Чүй көчөсүнүн Ала-Тоо аянты тарабы да тосук. Ошол тарапты көздөй бастым. Аңгыча эле тарса-турс башталып, бут алдыма жанагы түтөгөн нерсенин эки-үчөө томолонуп түштү. Көздү ачыштырчу газ атылып атты. Жаан себелеп турган. Жер суу. Түтөп түшкөн нерселер майда-майда көлчүктөргө түшүп, “пыз-з - пыз-з” деп эле өчүп калып атты. Жаандан улам алардын таасири болгон жок. (аба ырайынын да ылайыкташканын карабайсызбы).

Тарса-турстан улам эл четке сүрүлдү. Мен да Чүй көчөсүнүн берки бетине өтүп, жаандан корголоп турган топко кошулдум. Бу тегеректеги мекеме-ишканалардын баары эшигин эчак жапкан. Ошол эшиктердин алдындагы чакан айвандардын баарында топ-топ болгон адамдар жаандан корголоп турду. Көпчүлүгү жаш жигиттер. Жанымда турган жигиттердин бири бир убакта “эми ким президент болот?” – деп суроо салып калды. Арыда турган бир мойсопут киши чыдабай кетти окшойт, (үстү-башына караганда ушул тегеректеги өкмөттүк мекемелердин биринде иштейт көрүнөт) “Ким болсо ошол болсун, ушулар эле кетсе болду (Бакиевдерди айтып атканы), Кыргызстанды соруп бүтмөй болду”,- деп калды. Мында тургандардын баары “туура, туура” деп коштоп жиберди.

Ошо маалда милициянын тосмосу бузулуп, чууруган бойдон Ак үйдү көздөй качып берди. “Медиа-форумдан” жөнөгөн эл аянтка жетип, аларды сүрүп жөнөгөн экен. Жанатан бери жарданып турган эл дуулдай түштү. Элдин астында келген бир аскердик чоң машине күү менен Ак үйдүн темир дарбазасын какты эле ачылып кетти. Анан алгачкы топ Ак үйдүн короосуна кирип барды. Тарса-турс күчөп, автоматтын татыраган үндөрү угулуп калды.

Канжалаган Алиясбек Алымкулов

Канжалаган Алиясбек Алымкулов

Бир маалда эки бала канжалаган бирөөнү сүйрөп чыгышты. (Көрсө ал азыркы жаштар министри Алиясбек Алымкулов экен, биринчи ок ошого жаңылыптыр). Эл дагы дуулдай түштү. Ак үйдүн үстүндө бурч-бурчта сороктогон караандар пайда болду. Көзгө атарлар экен. Жанагы машине арты менен барып, экинчи дарбазаны сүздү. Ачылбай калып, экинчи жолу сүзмөкчү болгондо рулда отурган балага ок жаңылды. Аны дароо чуркап барган эки бала ошол тегеректе ызылдап жүргөн “тез жардамдын” бирине салды. Дагы бир бала темир тосмонун пайдубалына жашына сойлоп барды да, машинеден агып аткан күйүүчү майга ширеңке чагып жиберди эле жалын дүрт этти.

Тарса-турс күчөп, аба түтүн, кан жыттанат. Карап тургандар бир адам өлдү, эки адам... беш адам... деп санап атышкан. Санап үлгүрбөй калды. Алгачкы канды көргөндө көпчүлүк бир селт эте түшкөндөй болгон. Өлүм көбөйгөн сайын коркпой эле кайра чыңалып, кыжырдануу ого бетер күчөп аткандай туюлду. Эл качпай эле кайра көбөйө берди.

Көзгө атарлар Чүй көчөсүнөн Ак үйдү көздөй кадам таштаган эле адамды ата баштады. Ошентип өмүр менен өлүмдүн ортосу беш-алты эле кадам болуп калды... Көзгө атарлар эми элдин арасынан терип атканга өттү. Кыйкырык, сүрөөн, тарса-турс... Көйнөгүн чечип колуна кармап алган бир бала “мени ат, мени ат” деп кыйкырган бойдон Ак үйдү көздөй чуркады эле, жанындагы эки шериги кайрып келди. Кудай жалгап аларга ок жаңылбады.

(Мен болсо Бекташ акени тапканым жок, мынча адамдын каягынан издемек элем. Редакциядан сен ошол жерде тура бер, саат алтыга түз эфирге чыгасың, ага чейин кабар берип турасың дешти. Мен да ошону эп көрдүм. Кийинчерээк фотоаппаратты жеткирип беришти. Бекташ аке кеңсеге барганын ошондон билдим.)

Бешим оой Ала-Тоо аянты кылкылдаган элге толуп чыкты. Дагы эле тарса-турс... Жаман телефонумдун жаагы тынбайт. Узун-узун белгисиз номерлер түшө баштады. “Мен түгүн шаардан, тигил агенттиктен, мен бул шаардан, тиги басылмадан” деп орусча чалып сүйлөгөн үндөр аянтта канча адам барын, канча адам өлгөнүн сурашат.

Суроолору окшош. (менин номеримди каяктан таап алган десең) Арада дүйнөнүн чар тарабындагы дос-тааныштар да чалып атышты. Айла кеткенде телефонду өчүрүүгө туура келди. Антпесе кечки түз эфирге жетпей өчүп калчудай. Анын үстүнө алардын баарына саймедиреп отургудай шарт-жагдай да жок эле, үндөрү да жакшы угулбай атты. Керек учурда жандырып, кабарларды айтып турдум.

Телефонум жанган ошондой учурда айылдан бир тууган эжем чалып калды. Тарс-турс үндөр угулду окшойт, дароо эле чочугандай “аянтта жүрөсүңбү?” –деп сурады. Ооба десем “тез кетип кал” деп дагы бир топ сөздөрдү айтты. Макул, азыр кетем деп телефонду өчүрдүм. Башка эмне демек элем. Канткен менен мен да кимдир бирөөлөргө керек экенимди эстеп, муун-жүүнүм бошоп кетти. Анан кайра эле фотоаппаратымды көтөрүп, андан-мындан сүрөт тартып, эл аралап кеттим.


Тарых музейи тарапка өтсөм жапалдаш бойлуу бир киши бир жаш жигитти Ак үйдүн үстүндөгү көзгө атар мээсин чачырата атканын ар кимге айтып жүрүптүр. Мени да ошол жерге жетелеп барып көрсөттү. Чын эле адамдын мээси кан аралаш чачырап жатыптыр. Карап тура албадым. Сөөгүн жаңы эле алып кетсе керек...

Кайра бери Логвиненко көчөсү тарапка өтсөм бир 07 Жигули айдап келаткан баланы так маңдайга атыптыр. Кызматтык унаа экен, кайсы ажал айдап келди десең байкушту. Ошентип туш тараптан ушинтип ажалга кабылгандар көбөйө берди. Ага карабай аянттагы элдин саны да көбөйө берди. Бирок Ак үй тарапка эч ким жакындабай калды. Көзгө атарлар Ак үйдүн атарабындагы элди терип атканын токтоткон жок. “Камера, фотоаппарат көтөргөндөрдү бутага алып атышат, абайла”, - деп айтып кетип атышты жанымдан өткөн айрым кайрымдуу адамдар. Ал кезде элес албаган менен азыр ойлосом ошондо бир бута, анан бир ок менен эле тагдырыңды чечип койчу учур болгон экен. (канча жандар ошондой окко учуп кете бербедиби)

Бул арада башкы прокуратуранын имараты жалбырттап күйүп атты.


Күн кечтеген сайын элдин саны көбөйгөндөн көбөйө берди. Мынча элди кууп да, атып да тарата албай турган болуп калды. Бу бийлик болбой калды деп баш чайкап атышты аянтта тургандар. Бирок болбой калганына карабай эле дале Ак үйдөн ок атылып атты.

Кечки саат алтылар чамасында аянтта оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариев пайда болду. Эл дуу дей түштү. Темир Сариев ошондогу “Эркиндик” эстелигинин алдындагы секичеге чыгып, Ак үйгө кирип сүйлөшүп чыкканын, бийликтегилер ок атууну токтотууга, оппозициянын камактагы лидерлерин чыгарууга убада бергенин айтты да, УКМК тарапты көздөй басып кетти. Аны жоон топ эл ээрчип жөнөдү.

7-апрель, 2010: "Азаттыктын" кечки саат алтыдагы түз эфиринен




Бир маалда Разаков көчөсүнөн бир БТР көрүнүп калды. Үстүндө желек көтөргөн балдар кыйкырык-сүрөөн салып алган. Аянттагы эл жол бошотуп, таң кала карап кала берди. Бир тобу артынан ээрчип жөнөдү. Аны УКМКнын короосунан айдап чыгышкан экен. БТР Ак үйдү көздөй бурула берип токтоп калды. Даң-дүң, тарса-турс кайра күчөдү. Гранатомет менен атты окшойт деп калышты жанымда тургандар.


Каш карайып калганда тарса-турс дагы күчөп, Ак үйдү жакын тегеректеп баштаган эл бир аз артка сүрүлдү. Ала-Тоо аянты бу маалда күндүзгүдөн да көп элге толуп калган эле.

Ошентип кеч да кирди. Кылкылдаган элге оппозиция тараптан да, бийлик тараптан да эч ким чыкпады. Эл өзү менен өзү. Ак үй тараптан дале ок атылып атты. Кечки саат ондордо Куран окулуп, бул күнү окко учкандар эскерилди. Аянтта турган эл тегиз отуруп бата кылышты. Элдин тарачу түрү жок. Ак үйгө бир кирип чыкмайын көкшүнү суучудай эмес.

Кечки саат ондон өткөндө аянттан акыркы түз эфирге чыктым да, Киев көчөсү менен кеңсени карай жөө жөнөдүм. Дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, талоончулук башталып калган экен. Кеңсеге келсем кесиптештерим Зейнеп Алтымышова, Кубат Чекиров шакылдап иштеп, интернет сайтты улам-улам жаңыртып атыптыр. Дагы бир топ кесиптештерим кеңседе экен.

Саат он бирден өткөндө эл Ак үйгө кирип барганы белгилүү болду. Курманбек Бакиев жан-жөкөрлөрү менен Ошко учуп кеткени айтылып атты... Шаар болсо талоончулуктун кучагында эле...


Тасмада: 7-апрелдеги кандуу калаба

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG