Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44
Алгачкы көргөн нерсе эсте калат эмеспи. Мектепти аяктап, борбор калаага келген күн азыр да эсимде. Эртең менен таң атпай жолго чыгып, түш оой Бишкекке келдим. Бардык абитуриенттердей эле колумда чоң баштык, анын ичинде туугандарга деп салып берген курут, май, Нарындын кымызы.

Мектепти аяктап жатканда эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университети өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири деген жарнамадан улам кызыгуум артып, ошол окуу жайда эл аралык байланыштар боюнча билим алууну максат кылгам.

Окуу жайга барып анын заманбап, жаңы экенин байкадым. Бирок тилекке каршы, ал жактын окуу баасы (контракт) өтө кымбат болгондуктан, ата-энемдин ансыз деле буга чейин мага кылган эмгегин ойлоп, өз чечимимден баш тарттым.

Ошентип окуу жайларга Жалпы республикалык тесттин негизинде берилген талондорду салуунун биринчи туру башталды.


Талон келечектеги студенттин билим деңгээлин аныктаган негизги документ болгонуна карабай, мага лотерея сыяктуу сезилди. Анткени жогорку балл турганына карабай аны уттуруп жиберүү коркунучу пайда болуп, кайсы окуу жайга саларымды билбей башым катты. Жакшы жери кайсы факультетке кандай баллы бар абитуриенттер аракет кылып жатканы илинген тизмеден көрүнүп турат экен. Тобокелдикке баргым келген жок, 1-турдан Бишкек гуманитардык университетинин Социалдык психология факультетине тапшырып, бюджеттик бөлүмгө өтүп кеттим.

Күзүндө жаңы окуу жылы башталып түйшүктүү, бир жагынан кызыктуу студенттик күндөр өтүп, окуу жылын ойдогудай аяктадым. Арадан убакыт өтүп 3-курска келгенде сабак менен ишти айкалыштыргым келди, “Бекер отурганча, бекер иште” дегенди эске алып окуудан тышкары социалдык мекемелерде ыктыярчы (волонтер) болуп иштей баштадым. Бул бир жагынан кесибиме байланыштуу практика болсо, экинчи жагынан соопчулук иш болду. Биринчи күнкү жумушум мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо-турмушу менен таанышып, аларга колдоо көргөзүү менен башталды. Лекцияда бир мугалимибиздин: “Жашообуз начар, курсак ачка, кымбат телефонум жок” деп наалыганыңар үчүн кийин майыптар менен иштегенде өкүнөсүңөр дегени таамай айтылган сөз экен. Андан кийин балдар үйлөрүнө бара баштадык, алгач барганда ата-энесинен эрте ажырап, турмуштун соккусуна дуушар болгон балдардын ЭНЕ, сагыныч жөнүндө хор менен ырдаган ырларын угуп, ыйлап жүрдүк. Кийин өзүбүздү кармап, аларга жакындан мамиле кылып, мээрим бергенге аракет кылып жүрдүк.

Стипендиянын суммасы кудайга шүгүр аз эмес, бирок кээде 2-3 айга кечигет. Ушундай күндөрдүн биринде жатаканада бирге жашаган кыздар жаңы ачылган супер-маркетке түнкүсүн иштегенге студент кыздар талап кылынып жатканын айтып, баарыбыз чогуу иштөөнү чечтик. Албетте түнү бою тикең менен тик туруп иштеп, эртеси сабакка барып, кайра коомдук иштер менен жүрүү оңой эмес. Ага деле мейли болчу, бирок башында убада кылынган акчаны ала албай эмгегибиз желгендиктен, баарыбыз иштөөдөн баш тарттык, анын үстүнө таңга маал жумуштан чыкканда шаар кооптуу.
​Эс алуу күндөрү эжемдикине барып үй жумуштарына жардам берем, балдары башка балдардай эле тентек, бирок ага карабай эс алып келем.

Айта берсе сөз бүтпөчүдөй, менин студенттик жашоом ушундай. “Атын атаса, куту дагы сүйүнөт” дейт студенттерге көңүл буруп алардын жашоо-турмушуна кызыккан “Азаттыктын” эмгек жамаатына ийгилик каалайм. Бардык студенттерге ийгилик!

Айдай Асанбекова, Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG