Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Анча эмнеге шаштың, апаке?


Иллюстративдүү сүрөт
Иллюстративдүү сүрөт
18-март… Апамдын туулган күнү…Жыл сайын бул күнү апам бир жашка улгаят. Бирок биз ичибизден гана жашын санап, мынчага чыкмак экен ээ дебесек, сүрөтүндө баягысындай жапжаш бойдон күлүмсүрөп турат. 10 жылдан бери ушундай… Быйыл апам 53кө чыкмак. Жарык дүйнө менен коштошконунда 43 гана жашта болчу экен. Ал учурда мага апам бир топ жашка барган адамдай сезилчү. Бирок азыр 43 жаштагы эжелерди көрүп, апамдын жапжаш бойдон, бул дүйнөдөн абдан эрте кеткенин түшүндүм.

Апам бул жашоодо аябай шашып жашады. Айрыкча, атам каза болгондон кийин өзгөчө шашып, балдарын эртерээк эрезеге жеткирсем, татыктуу билим берсем деп тилеп, ал үчүн бардык күчүн жумшап жашады. Балким, ошондо эле атамдын артынан 4 жыл өтпөй кетээрин сезген окшобойбу… Бирок канчалык шашпасын, акыркы сөзүн, керээзин балдарына айта албай кетти.

Апам адаттыдай эле мектепке жумушка кетип, сабак өтүп жатып инсульт алды. Ооруканага алып бара жатканда апамдын жанына бардым. Байкушум, тез жардамда баратканда колум кармап коё бербей, «Бакыт, айтайынчы сага, айтайынчы» деп улам-улам кайталап, бирок сөзүн улай албай койду. Ошондо эмнени айткысы келди экен деген суроо азырга чейин жүрөгүмдү эзет … «Мен айыгам, коркпо» дегиси келдиби, же болбой калганын сезип, акыркы керээзин айткысы келдиби, билбейм…. Апам акыркы сөзүн айта албай өзү менен кошо ала кетти. Бирок апам акыркы ирет колун кармап, эс-учун жыйнагысы келип кайрылган акыркы адамы мен болдум окшойт. Мен да апамдын акыркы жолу үнүн угуп, аң-сезимдүү кезиндеги акыркы мүнөттөрү элесимде калды.
Андан соң 4 күн комада жатып, үзүлүп кете берди…

Апам комага түшүп, реанимацияга жатып калган учурда облустук олимпиада өтө турган болуп калды. Ага чейин бир канча мезгил даярданган эмгек текке кетпесин деп катыштым. Олимпиада да отуруп, андан жеңсем эле апам айыгат болуш керек деп төлгө кылып, ойлонуп коём. Анын үстүнө олимпиадага чыгаар алдында байкем «түндө түш көрдүм, апам бизге палоо жасап берип жатыптыр, апам айыгып, сен олимпиададан утат окшойсуң» дегенине бала кыялым менен аябай ишенип алсам керек… Акыры олимпиадада биринчи орунду алганым белгилүү болгон соң «байкемдин түшү чын окшойт, апам комадан чыгып калса керек» деп больницага шашып келдим…Келсем, апам жаңы эле үзүлгөн экен...

Бакырып ыйлап жаткан агамды, таежелеримди көрүп дүйнөм аңтар-теңтер болгон… Ошондон кийин түшкө такыр ишенгим, олимпиадада уткан дипломду да көргүм келбейт.

Апам бизге, балдарына аябай камкор, күйүмдүү эле… Албетте, ар бир адам өз апасы жөнүндө ушуну айтат болуш керек. Бирок мен үчүн апамдыкы өзгөчө сезилет. Балким, апамды эрте жоготуп, анын мээримине муктаж болгон үчүн өзгөчө кабыл алсам керек. Же болбосо, апамдын балдарынан эрте ажыраарын билип, бизге өзгөчө камкордук көрүп, бооруна калкалаганга тырышканы ушундай элес калтырса керек… Айрыкча, атам каза болгондон кийин өзү айткандай «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай», бакканга аракет кылды.

Атам каза болгондо агам студент, мен 5-класста, иним 3-класста окуп, кичинекей болгондуктан атамдын жоктугун билгизбейин, эч нерседен кем кылбайын деп мектепте эки кезмек иштеди. Үйгө кирип аял, сыртка чыгып эркек болду. Ошонун баары эле өзүнүн ден соолугуна залалын тийгизди окшойт.

Мен жыл өткөн сайын апама болгон сагыныч, кусалык азаят го, кийин унутуп калсам керек деп ойлочумун. Албетте, күнүмдүк турмушта ар нерсе менен алпурушуп, унутуп деле калат экенсиң. Бирок абдан кайгырган, же ийгиликке жетишип сүйүнгөндө ата-энең эсиңе дароо түшөт. Ошондо кусалык азаймай тургай жыл санап чоңойуп, күчөп баратканын сезесиң…

Туулган күнүң менен, АПА!
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG