Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Азыр кыргыздарды жалкоо деп айтууга болбойт. Эгемендикке жеткенден бери эмгекчил элге айланып баратабыз.

“Өзүмдүкү дегенде өгүздөй күчүм бар” деген макал бекеринен айтылбаса керек. Кудайга шүгүр, элет жеринде короо толо малы бар, эшик алдында экиден машине турат, гектарлаган жерлерден тонналап түшүм алып жатышат. Мурда башка улуттун өкүлдөрү (мис., орустар, немистер) билген кесиптерди кыргыз жигиттери да аябагандай өздөштүрүп алышты. Мыкты адистикке жетишип көп акча табышууда. Бирок эмнегедир акчабыз жок. Банкта өздүк эсептерди ачканды билбейбиз, билсек да ачпайбыз. Тескерисинче, банктардан жана ар кандай кредиттик кампаниялардан насыя үстүнө насыя ала берип алапайларын таппай калгандар канча? Акчадан акча жасаганды билбейбиз. Кредитке аябагандай суммада акча алып баласынын контрагына же келин алганга жумшагандар толтура. Күрөө - залог деген балээ бар! Убагында төлөбөй банкка же кредиттик кампанияга тамын тарттырып талаада калгандар да аз эмес. Алган акчасын кайтарып бере албай чет өлкөдө качып жүргөндөр андан көп. Эгемен болгонубузга 25 жылдан ашса да жарыбадык. Эмгекке жарактуу жарандардын жарымынан көбү чет жерлерде ден соолуктарына карабай күнү-түнү иштеп жүрүшөт. Тапкан акчаларын чыпчыргасын коротпой Кыргызстанга жөнөтүшүүдө. Ал акчасын бирөөгө карызга процентке бере коюп жылдап алалбай жүргөндөр көбөйүүдө. Күнөө өзүбүздө. Анткени туура эмес жашайбыз. Чөнтөккө карап иш кылбайбыз. Үй-бүлөлүк бюджетти - каржыны сабатсыз пайдаланып жатабыз. Оокатка бүйрө болгонду билбейбиз. Нукура ысырапкор калк экенбиз. Мунун негизги себептерин илимий жактан изилдеп көргөн киши барбы? Ким үйрөтөт, ким окутат?.. Канткенде үнөмчүл боло алабыз?

Эң алгач үй-бүлөлүк чоң китеп (журнал) ачуу керек. Анын ичине кылдаттык менен күн сайын же жума сайын кирген кирешени жана чыгашаны толук жазабыз. Тапкан акчаларыбыздын баарын бир сейфке же сандыкка салабыз. Бир самын же эки кило банан алсак да, уюкфонго "жем" (бирдик) берсек да кеткен сумманы китепке киргизебиз. Анан айдын аягында чогуу-чараң отуруп талкуулайбыз. Анализ кылабыз. Алдыдагы чыгашаларды да пландайбыз. Үйгө керектүү бир чоң нерсени алуудан мурда ойлонуп көрүү керек. Зарылчылыгы барбы? Мүмкүн кийинчерээк шашпай сатып алсак кандай болот? Талкууга мектепте окуган балдарыбыздан өйдө баары катышсын. Анткени бул процесс аларды келечекте сарамжал болгонго тарбиялайт. Ата-энеси берген акчаны үнөмдүү колдонот. Жаңы уюлдук телефон алат элем, же жынсы шым киет элем, сатып бергиле деп кыйнабайт. Алардын да көз караштарын, оюн уксак бала жоопкерчиликти сезип, өз алдынча ой жүгүртүүнү үйрөнөт, болочок жашоодо турмуш чыйырын оңой табат.

Анан калса биз той-тополоңдорду өзгөчө өткөрөбүз. Чыгаша ого эле көп кетет. Канча деген тамак-аштар желбей калат, ысырап болот... Чакырылган коноктор да тойго кошумча деп акчаларын милдеттүү түрдө берет. Анткени убагында алар да той берип кошумча акча чогултушкан. Тойду чыдаган берет, тойго чыдаган келет деп айтылып жүрбөйбү. Мында эсептеп көрсөңөр эч ким утпайт, эки тарап тең утулат. Кур намыс кыргызды эч качан байытпайт. “Менин эмнем кем? Ал өткөргөн тойдон ашып түшөм” деп чамынат. Кээ бирлери той өткөрүү үчүн карызга батышат, кредит алышат... Кыргыздын олигарх аталган өлө байларын айтпай эле койоюн, катардагы колунда бар адамдар тойканаларга 500-800 киши чакырып дүңгүрөтө маараке тоюн же үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшөт. Биздикин кой, кээ бир көкүрөгү чоңдор Орусиянын ырчыларын чакырышат... Ага карабай тойдон соң алты ай өтпөй ажырашкан жаш жубайлар канча? Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө мындай үлпөткө ашып кетсе алтымыш киши чакырат, көк жайыкка чатыр тигип, арагы жок эле жүзүмдөн жасалган пайдалуу шарап же коктейл ичип, барбекю (шишкебек) жеп, бажырашып сүйлөшүп, бир аз бийлеп тарап кетишет. Тост сүйлөгөндөр өтө аз. Тамада дегенди билишпейт. Келген коноктордун белектери деле кымбат эмес, алты долларга жетпеген сувенир. Аны да кирип келатканда эле той ээсине карматып коюшат. Биз алардын ушундай сарамжалдыгын сараңдык деп түшүнөбүз, ич ара шылдыңдап күлөбүз. Алар болсо бизге боору ачып карашат... Гумжардам беришет... Үнөмдөгөндү билгендиктен алар бизден бакубат жашайт. Демек эли бай жашаган өлкө бай күч-кубаттуу мамлекетке айланары мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ондон ашык бөлмөлүү заңгыраган аябай чоң тамдарды салабыз. Алардын жанында мурдагы колхоздун клубу кепе болуп көрүнөт. Аягында балдары чоңоюп туш тарапка кетсе ээн тамда соксоюп ата-энеси калат. Же ал там кышында жылысачы. Электр энергияга эле 7-8 миң сом ай сайын төлөйт, же он тоннадан ашык көмүр сарптайт. Дагы бирөөлөр эки бөлмөлүү “времянкасында” тыгылып бала-чакасы менен жашагандар бар. Эки кабат чоң тамга эч ким башбакпайт, себеби булганат, коноктор гана кирүүгө акылуу. Шартка ылайыктуу чакан, кооз жана жылуу арзан тамды колдо бар курулуш материалдары менен салганды үйрөнсөк. Учурда интернетти ачсаң ар кандай варианттары толтура. Куруп алгандар да бар экенин угуп жүрөбүз.

Автомашиналардын эскилигине карабай арзанына карап сатып алабыз. Эски деген эски, көп бузулат, көп акча кетет, убактың коройт. Жаңыраагын жана бензин азыраак жегенин сатып алсак туура болмок. Акчабыз арбып баратса дөңкөйгөн жол тандабас Жип автону качырабыз. Ал деген соргок, крокодил сыяктуу өлө жейт. Запчастары кымбат. Бир жыл өткөн соң ойлонобуз бекер алыптырмын деп. Андан көрө чакан жүк ташыгыч машина алган абзел. Айыл жеринде чөп-чар ташыганга абдан керек. Элдин тай-торпогун мал базарга ташып акча да табасың, кабинасы да кенен төрт-беш киши салып мейманга да барасың. Тапканың арбып баратса дагы бир авто, чакан бензинге үнөмдүү “жапошка” сатып ал. Азыр арзан солярка, газ менен жүргөн автомашиналар көбөйдү. Мындай варианттарды да ойлонсок.

Балдарыбызды окутуу оңойго турбай калды. Жогорку окуу жайынын орточо контрагы 40-50 миң сомго жетти. Ага карабай максатыбыз эптеп-септеп балабызга бир диплом алып берүү. Көпчүлүк ЖОЖдордун окутуу сапаты начар. Балабызга жакшылык кылабыз деп жамандыкка түртүп жатабыз. Бул таптакыр туура эмес. Баланын келечегин ойлойлук. Керектүү кесиптин ээси болсун. 21-кылымда жаңы техниканы, мыкты технологияны өздөштүргөндөр гана алдыга озуп чыгат. Балдарды беш жыл окутуп убара болбой кесиптик-техникалык окуу жайларда окутуу пайдалуу. Дээринде бар бала кийин жогорку билимдүүлүккө өзү эле жетип алат.

Балдарды жаш кезинде эле үйлөнтпөйлүк. Жакшы кесипке ээ болуп өз алдынча оокат кылганды билген соң гана турмуш курсун. Албетте, ала качпай сүйлөшүп дегендей... Эрте үйлөнсө ата-эненин моюнуна минишет, оңой менен түшпөй калат, өз баласын аялы менен, анан анын балдарын багып ата-эне өлөр-өлгүчө түйшүккө батышат. Анан каяктагы байлык, акча... Үйлөндүрөр алдында келечектеги куда менен таанышып, калың-сеп тууралуу ачык сүйлөшүп алган оң. Ашык чыгашанын эки жакка тең пайдасы жок. Балдар да даяр дүнүйөнүн кадырына жетишпейт. Чынын айтканда, өз эмгеги менен табышса ошондо каржынын баркын билишет, ошондо оокатка бүйрө болушат.

Кыргыздар ден соолукка карабайбыз. Эшик алдында экиден машине турса да ичкен-жегенибиз чай менен нан. “Кудай сактасын” деп мүдүрүлүп жыгылгыча жүрө беребиз. Анан турбай калганда жүгүрөбүз, аптекаларды байытабыз. Операцияга жаткырса врачтарга деп кредит ала койобуз. Болгон алтындарыбызды ломбардга салабыз... “Сак болсоң сактайм” дептир кудайыбыз. Ошол сөздү унутпасак. Профилактика деген жакшы нерсе бар. Арак-шараптан көп ичпей сергек жашасак, дене тарбия менен достошсок, организмге керектүү биологиялык активдүү кошулмалардан ичип турсак, ден соолугубуз чың болот. Ал эми дени сак адамдын бакубат жашоого болгон умтулуусу өтө күчтүү болот.

Адис болбосом да менин берер кеп-кеңешим ушундай. Калктын финансылык сабатсыздыгын ким жоет? Эми эки жакты карап күтүп отурбайлык же Улуттук банктын астына пикетке чыгып убакытка уттурбайлык. “Аракет кылсаң берекет” дегендей бардык байлык өзүбүздүн колубузда.

Аваз Жусупбеков

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG