Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 6-курсунун студенти Рита Жапарованын “Кыргыздын салттуу кийимдеринин тарыхы жана технологиялары” деп аталган темадагы дипломдук иши менен тааныштык. Анткени бүгүнкү күндө кыргыздын улуттук кийимдерине куштарлык аябай өсүүдө.

Улуттук кийимдерди эл керектүү буюм катары көркөм кол өнөрчүлүк жагынан жогору деңгээлде колго алып, жеке ишкерлер жана жамааттар ар кандай конкурстардан, эл аралык фестивалдардан жана сынактардан сыйлыктарга, дипломдорго ээ болууда.

Көркөм кол өнөрчүлүк колунан көөрү төгүлгөн усталар менен уздардын кол жоорутуп, көз жырткан мээнетинин жана чеберчилигинин баа жеткис натыйжасы болуп саналат. Ал улуттук чыгармачылыктын ажырагыс бөлүгү, элибиздин көөнөрбөс тарыхый табериги, калк казынасы үчүн кайнар булак, атадан балага, энеден кызга өтүп келаткан санжыралуу өнөр-мүлкүбүз.

Кыскасы, улуттук кийимге бийик деңгээлде, башкача айтканда, илимий жана технологиялык негизде мамиле жасообуз зарыл. Себеби Кыргызстандан сыртка чыккан мезгилде анын сапаты мыкты болуп жана кийимдин чыккан тек-жайын, саймалардын маанисин тарыхый-илимий жактан негиздей алыш керек болот.

Студент Рита Жапарованын “Кыргыздын салттуу кийимдеринин тарыхы жана технологиялары” аттуу дипломдук ишинде бир катар окумуштуулардын эмгектери жана тарыхый көрүнүштөр жөнүндө да айтылган. Мисалы, венгер окумуштуусу Альмаши (Almasy Gyorgy) 1907-жылдары кыргыз оймосун кунт коюп карап чыгып, аналогу “зооморфтук” оюулар “фитоморфтук” оюуларга караганда алда канча эски экендиги жана “кочкор мүйүздөрдүн” басымдуулук кылаарын изилдөө иштеринде жарыялаган. Дагы бир изилдөөчү С.В. Иванов "кыргыз оймосундагы негизги үлгүлөр IX кылымдагы уруучулук мезгилдерде, көчмөндөр чөйрөсүндө жаралса керек" деген божомол пикирин айткандыгын көркөм өнөр таануучу К.И. Антипина өз китебинде белгилеген.

Кыргыз оймосундагы басымдуу орунду ээлеген “зооморфтук” оюулар менен кыргыздар жердеген аймактардагы өткөн доордун Саймалы-Таш сыяктуу эстеликтеринин байланышы жана жакындыгы сөзсүз бар деп айтуу толук мүмкүн. Анткени Саймалы-Таштын байыркы аска сүрөттөрүндөгү кишинин, аттын, аркардын, текенин ж.б. айбанаттардын элестерин кыргыз оймосундагы чыныгы элестерди чагылдырган оюулар чагылдырып турбайбы. Бул дипломдук эмгекте методикалык сунуш катары элдик чеберлер кийим-кечектерди кандайча бычып-тигип даярдашканы баяндалып жана үлгү колдонмолор түзүлгөн.

Албетте студент кезинде калдайган теманы алып, аны изилдеп чыгууга батынгандын өзү алкышка арзыйт. Ошондуктан Рита Жапаровага ыраазыбыз, себеби мындай теманы ар бир эле студент кыргыз тилинде жазып, тобокелге салып коргоп чыга албайт. Рита мындай табылгасын жерге таштабай ишин дагы улантуусу керек жана ар бирибиз моралдык да, материалдык да жардам беришибиз керек. Анткени, бул жумуш бүгүн кыргыз эли үчүн улуттук мааниге ээ.


Дегеле улуттук оюулар, саймалар боюнча ар кандай илимий-практикалык конференциялар, тарыхый жана маданий талкуулар да өткөрүлсө болот эле. Бул студенттин эмес, мамлекеттин жана коомчулуктун иши болуп калды.

Мамашарип Чотонов,
экономика илимдеринин кандидаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG