Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27
Кыргызстанда ГЭСтердин курулушуна каршымын деген адам жок болсо керек. Бирок биргелешип куруунун шарттарына каршы болгондор бар жана мен алардын катарына кирем. Мен жана алты депутат «каршы» добуш бердик. Мунун себеби төмөнкүдөй:

1. Биз эмнегедир инвесторлорго болгон байлыгыбыздын эң чоңун кармата коймой адатыбыз бар. Маселен Кумтөр менен да ушундай болгон. Өз алдынча, болгондо да чет элдик инвесторлор менен иш алып барууда эч тажрыйбасы жок жаш мамлекет өзүнүн эң чоң деген алтын кенин аты-жыты белгисиз инвесторлорго дароо кармата салган.

Анча чоң эмес кендерди биргелешип иштетүүдөн баштаса деле болот эле. Майдараактарын иштетип, тажрыйба топтоп алган соң Кумтөргө да кезек келсе дурус болмок. (Ал кездеги биздин бийлик болочок партнерлордун, балким ортомчулардын, белекке деп берген бир нече «Вольво» автомашиналарына кызыгып кеткен болуш керек).

Бул иштин жыйынтыгы Кыргызстан үчүн кымбатка турду. Камбар-Ата-1 курулушунда да ушул эле тарых кайра кайталана турган болуп калды. Россиялык компаниялар менен биргелешип, чаканыраак ГЭСтерди куруу менен ишти баштаганга неге болбосун? Биздин сууларда өтө чоң эмес ГЭСтердин 20сын курууга болот. Тажрыйба топтоп, эки тарап бири-бирин жакшы билип алган соң гана Камбар-Ата-1 өңдүү ири долбоорду ишке ашырууга киришсек болот эле.

2. Биздин өкмөт Россиянын "Интер РАО ЕЭС" жана "РусГидро" компаниялары менен 50/50 үлүштүк негизде биргелешкен ишкана түздү. Биз биргелешкен ишканага табигый ресурстарыбыз – түгөнгүс байлык болгон Нарын дарыясы жана ГЭС курууга ыңгайлуу болгон капчыгайларыбыз менен кирип жатабыз. (Түз жерде ГЭС курууга мүмкүн эмес).

Ал эми биздин өнөктөшүбүз биргелешкен "Камбар-Ата-1" ишканасына болгону 15 млн. доллар менен (өнөктөш өз мойнуна алып жаткан ТЭОнун баасы ушундай) кирип жатат.

Курулуш иштерин баштоо үчүн биргелешкен ишкана Россиядан 3 млрд. АКШ долларын кредитке алат. Курулуш иштери бүткөнгө чейинки мөөнөттө (болжолу 10 жыл) жана чыгымдар акталганга чейинки мөөнөттө (эл. энергиясынын баасы 1,34сом/кВт саат болгон жагдайда 20 жыл) өзүбүзгө тийиштүү акциялардын 25%өнөктөшүбүзгө кошумча катары бердик. Бул биздин өнөктөшүбүз дээрлик 30 жыл бою акциялардын 75% ээлик кылат, башкача айтканда объектинин толук кожоюну болот деген сөз.

Бардык чыгымдарды кайтарып жана кредиттерден толук кутулуп бүткөн соң да биз өзүбүздүн Камбар-Ата-1 ГЭСибизге жарым-жартылай гана ээлик кыла алабыз. Анткени биз ГЭСтин тең жарымын түбөлүк силердики болсун деп өнөктөштөрүбүзгө берип койдук. Эми биз кыргыздар ГЭСтен түшкөн пайданын 50% өнөктөшүбүздүн чөнтөгүнө тынымсыз түбөлүк берип турушубуз керек.

Арзыбаган акчага Алясканы сатып жиберген Россияны жана Токмоктун тегерегиндеги жерди 40 байталга сатып жиберген биздин ата-бабаларыбызды эсепке албаганда, бир да нормалдуу мамлекет өз жерин же объектисин башка өлкөлөргө түбөлүккө бербейт.

Сабаттуу түзүлгөн келишимдин негизинде Кытай мамлекети 100 жылдын өтүшү менен гүлдөгөн Гон-Конгду өзүнө кайрып алды. Эгер Кыргызстандын эң чоң ГЭСи болгон Камбар-Ата-1 тең жарымы түбөлүккө башка өлкөнүн компаниясына тийиштүү боло турган болсо, анда мындай курулушту баштоонун канчалык зарылчылыгы бар эле? Бул иш үчүн келечек муун бизди кечирбейт.

3. Россиялык «РусГидро» компаниясы ири коррупциялык чатактарга аралашкандыгы үчүн айыпталууда. Бул боюнча кечээ жакында Россиянын президенти В. Путин өкмөттүн отурумунда билдирди. Анын көрсөтмөсү менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Өз өлкөсүнөн 1 млрд. АКШ долларына жакын акчаны уурдап жаткан компанияга кантип ишенүүгө болот? ГЭСтин курулушуна деп бөлүнгөн кредиттерди да уурдап алышса кандай болот? Андыктан мындай иште шашуунун кажети жок эле. Чакан ГЭСтерден баштасак жакшы болмок. Уурдап кетишкен күнү да жоготуу анча чоң болбойт эле.

4. Нарын дарыясынын суу ресурстарын жөнгө салуу маселеси да бир жактуу чечилген жок. Орус тарап суу ресурстарын башкарууга кызыкдар экендигин жашырбай, бул маселе боюнча биздин кошуна өлкө менен сүйлөшүүлөрдү ачык эле жүргүзө баштады.

Кандай гана болбосун биз өз суубуздун башында өзүбүз туруп, үчүнчү тарапты аралаштырбай өзүбүз башкарышыбыз керек. Ири курулуш ишин баштоодон мурун кошунабыздын жок дегенде “өтө эле каршы эмеспиз” деген оюн уга алсак болмок. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн кошунабыз менен болгон мамилебизди ырбатуу Кыргызстан үчүн пайдалуу деле эмес. Ансыз деле мамилебиз анча эмес болуп турат.

Юбилейлик даталар боюнча гана президенттерибиздин бири бирине ден соолук каалаган кат алышууларын эске албаганда, кошуна катары, тууган катары киришип-чыгышпай калдык. Кошуна менен жакшы мамиледе болуу бул дүйнө кабыл алган жазылбаган мыйзам.

5. Канчалык жакын болгон күнү да бардык экономикалык объектилерди бир өлкөнүн колуна карматып койгонубуз туура эмес. Нормалдуу өлкөлөрдө табигый монополияларды чет өлкөлүк, болгондо да мамлекеттик компаниялардын колуна салып бербейт. Нефтепродуктуларды ташып келүүнү толугу менен Россиянын "Газпромнефть" мамлекеттик компаниясына тапшырып бердик. "Кыргызгаз" улуттук компаниябызды да жакында "Газпромго" 1 долларга бергени жатабыз. Мындан сырткары ГЭСтерди да толугу менен Россиянын мамлекеттик компанияларына тапшырып бердик. Бул Кыргызстан эгемендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн деген сөз.

Бул беш аргументтен улам мен парламентте отуруп алып бул шартка «макулмун» деп добуш бере алган жокмун. Убакыт өткөн соң бул курулуштар боюнча да комиссияларды түзүп, анан бири бирибизди айыптап чыкпасак эле болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG