Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Быйыл Баткен, бүтүн чегиң бүлүнүп…


Айгүл гүлү
Айгүл гүлү

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө акын Калбүбү Сариеванын Эгемендик алган оор жылдары жазылган, элдин оор турмушун чагылдырган ырларын жарыялайбыз.

Сен бүгүн жан айласын кылып ар кыл.

Жашайсың колуң эмес жүрөгүң чор.

Жан-отуңан жандырган жаркын сап ыр

Акын деген ардактуу ысымың кор.

Жазды күтүү

Жазда гүлдөр ачылат деп күтчү элем.

Гүлдөр арзан сатылат деп ойлодум.

Кезигишкен отун-суусу аз кышта

Күтүлбөгөн күндөр менен бул кылым.

1994-жыл

***

Бийликтин жайы азгырма,

Базардын баасы сөз күндө.

Сууткан менен суук кыш

Көңүлдө ышкы өчкүң жок.

Ыр окуй турган эч ким жок.

Ыр уга турган эч ким жок.

1994-жыл.

1994-жылдын күзү

Жол жүрбөй, жол бою керилген

Көрбөдүм күздөгү айдоолор,

Көңүлдү бурган да күз эмес

Күздөгү өтүүчү шайлоолор.

Саргайган жалбырак эмей-ле

Быйыл күз сапырат саясат.

Саясат каркылдап каргалар

Түнөккө чогулуп тарашат.

Күтүүсүз бирде ысып бирде сууп,

Бийликке умсунган адамдай,

Чукулдан бурулуп, буйтаган

Күз быйыл шамдагай шамалдай.

90-жылдардын туристтери

Бейтааныш алыс чөлкөмү,

Көз жоосун алган көркөмү.

Табышмак болуп азгырган,

Көксөө бар жаңы өлкөнү.

Сонуркоо, ышкы кумары

Башка элдин кандай өркөнү.

Баары бар...

Барып сатарга

Түмөн түр (таңсык да кеппи?!)

Атүгүл алыс чабыттап,

Түгөтүп келчү түрдөнөт,

Тартыштык, кедейчиликти...

Пайдадан таап пайданы,

Самоо бар улам бийикти.

Көңүл бар келсе колунан

Дүйнөнүн базарларын бүт

Көчүрүп келип жүгүртчү.

***

Каржалса карар табылбай,

Табалбай датын угарды –

Калганда өзү-өзүнө

Адамдар издеп тааныды

Унуткан, алыс Кудайды.

Ысык-Көлгө

Көрдүм эле көлкүп жаткан кезиңди.

Көндүм эле серпкениңе сезимди.

«Уу төгүлдү Ысык-Көлгө» деп угуп,

Уу ичкендей сезип кеттим өзүмдү.

***

О, Ысык-Көл, о солбос Көл, ыйыксың.

Мурдагыдай тазасың да тунуксуң.

Өзүңдү өзүң сактап калып тазартып,

Сууй түшкөн канча ышкыны жылыттың.

1998-ж.

Быйыл Баткен

Эрте гүлдөп, өрүкзардын мөмөсү

Эрте жазда түшүп калган күбүлүп.

Эр мертинген эрөөл талаа болдуң го,

Быйыл Баткен, бүтүн чегиң бүлүнүп…

Жүрөктүн чок ортосунда жашадың

Эртели-кеч кулак сага түрүлүп.

* * *

Сакалчан көрсөм сактанып калдым,

Чоочун өң көрсөм чочулап карап.

Жолбун жоо сенин айыңдан эми,

Канча бир ишенич тагынан таят.

Канча бир көздөн кандуу жаш тамат.

1999-ж.

***

Күздү күздөй күтүп тоскон эч ким жок.

Банкаларга, кампаларга толтуруп,

Бүт баары эле азык-түлүк жыйнашат,

Темир камдап токко сайып жылытар,

Көмүр издеп, отун камдап күбүңдөп

Күздүн мээлүүн коңурлугун сезишпей

Күздү аяздын саламындай туюшат.

***

Чоңдор менчик күтүп, ойлоп бийликти,

Тыңдар ойлоп алып-сатып байлыкты,

А сыпаалар жетип-жетпес айлыкты,

Кары пулу тиер күндү карылар,

Күтүү менен болуп жүрсө алагды

Күз билинбей келип, өтүп баратты.

1995-жыл.

* * *

Өзүмдүкү жеңил желпи-өңдөнүп,

Өкүмөттүн карызы өйүйт жүрөктү.

Көнүк эле кыштын ызгаар-каары

Коңшу өлкөнүн газ бууганы жүдөттү.

* * *

Бирде ыйлап, бир сооронуп олтурам.

Интернеттен тил билбей, кат ача албай.

Маалыматтар деңизинен дүйнөлүк

Дайның бөлөр бир тепкени баса албай.

20-июнь, 2001-жыл

Калбүбү Сариева, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG