Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

Кыргызстан – кызык өлкө


Ыдырыс Исаков, журналист.
Ыдырыс Исаков, журналист.
Кыргызстан кызык өлкө. Жарды, кедей өлкө. Мектеби аз, мечити көп өлкө. Балдары мектепке батпай жатса да, мечитке жалчытып эл барбай атса да, мечит куруудан чарчабаган өлкө.

Бир айылда он уруу болсо, он беш мечити бар өлкө. Ошол он уруу эл жуунганга бир мончосу жок өлкө.

Айлыгы аз өлкө, бирок мамлекеттик кызматта иштегендердин үй-жайы саз өлкө. 15 миӊ сом айлыкка иштеген чиновниги 4-5 миллион сомдук машине тепкен өлкө. Уурулук кылган чиновниктери, “уурдап тапкан элем, уурдап жыйган элем” -деп уурданбаган, кысынбаган, тескерисинче сыймыктанган, мактанган өлкө. Бектери кендерди бекерге берген өлкө, эли орустардын таштандысын терген өлкө. Мектептеринде, бакчаларында эмерек жетишпеген өлкө, бирок парламентинде кымбат креслолору жайнаган өлкө.

Акыйкатчысы саясатчы өлкө. Мыйзамдары жарым жан, майып өлкө. Уурулукту уят көрбөгөн, өз элин өзү кордогон, “бандит” балдарын коргогон өлкө. Коопсуздукту коргоочу төбөлү кооптуу делген “бандитин” кечиришүүгө, түшүнүшүүгө, ачык айтканда иштешүүгө чакырган өлкө.

МАИлерине маяна төлөп, жол эрежесин корготкон өлкө, анан “кой, ушу эрежени коргобой эле койчу” – деп, МАИчилерине дагы бир жолу маяна төлөгөндөн аянбаган өлкө.

Аялын эшектей иштетип, эри эринбей уктаган өлкө. Балдары бетондо жатып, ным жеп шишиген денесин аябай акча тапса, аны ата-энеси аш-тойго чачкан өлкө. Ооруканасында орун жок өлкө.

Эли бейбашынан эмес, “милийсасынан” корккон өлкө. Арак, тамекиси аябай арзан өлкө, бензини кымбат өлкө.

Бирок биздин өлкө - өзгөрүүгө тийиш өлкө. Элине тартип, саясатчысына намыс, жаштарына тарбия зарыл өлкө. Ооба, Кыргызстан сөзсүз өзгөрүүгө тийиш өлкө.

Ыдырыс Исаков, журналист, Ош шаары.
XS
SM
MD
LG