Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53
Бул окуя өткөн жылдын октябрь айынын башында болсо да күнү бүгүнкүдөй жадымда. Айрыкча мектептен келаткан жаш балдарды же болбосо көчөдө ээн-эркин оюн салып, ары-бери чуркап жүргөн ар кандай дөбөттөрдү көргөн сайын эсиме дароо түшөт.

Анда ошол жүрөк үшүн алган окуя жөнүндө кыскача айтып берейин.

Менин кызым Сезим ал күнү демейдегидей эле кошуна кыздар менен мектептен кайтып келе жаткан экен. Бир маалда алар келаткан көчөдөгү бир үйдүн дарбазасы ачылып, ал үйдөн торпоктой болгон ит чуркап чыгып кыздарды кубалап жөнөйт. Кыздар туш тарапка качып кетишет да иттин «бутасына» менин кызым туш болуп калат. Кызым көмкөрөсүнөн түшүп калгандыктан, ит жамбашын тиштеп алганга үлгүрөт. Иттин ээси ошол эле замат кызымды шаардагы ооруканалардын бирине алып барып, жараатын тиктирет, бирок эмнегедир кутурмага каршы эмдөө жасатпайт.

Доктурлардын айтканы боюнча эки күндөн кийин иттин кожойкеси кошулуп ооруканага кайра бардык, бирок бул жолу да доктурлар эч кандай укол жасаган жок. Эгер он күн ичинде ит өлүп калса гана кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлөрүн, андай болбосо кабатыр болуунун кажети жок экенин, жөн гана жаратты өз убагында дарылоону жана дакини алмаштырып турууну (перевязка) сунуш кылышкан эле.

Ошол окуя болгон күндүн эртеси «эженин» үйүнө барып, окуя кайсыл жерде, кандайча болгонун тактагам. Кызымды тиштеген дөбөттү көргөндө, бүткөн боюм калчылдай түштү. Жаш бала эмес, чоң кишинин үрөйүн учурган ит экен. Ал күнү иттин ээси сиңдисин ээрчитип, үйүбүзгө да келген. Миң сом берип "азырынча ушуну керегиңерге жаратып тургула, жыртылган шымын, ич кийимин сатып берем, чыгымыңарды төлөйм" деп кеткен.

Биз кызыбызды эмчи кемпирге алып барып жүрөгүн көтөртүп, андан чыгып доктурга алып барып жараатын таңдырып жүрдүк. Кийин кызым мектептен келатса, иттин ээси жолдон тосуп алып колуна беш жүз сом карматыптыр.

Мен ал «эже» өзүнүн итинин тазалыгын жана кутурмага каршы эмделгендиги тууралуу кагаздарды көрсөтөт экен деп ойлогом. Жок дегенде рабиолог доктурлар өздөрү айткандай он күндөн кийин итти текшерип бир жыйынтык чыгарат го деп күттүм эле. Бирок бир айга жакын иттин ээси да, «эже» да, доктурлар да эч маалымат беришпеди.

Ушундан кийин иттин ээсине телефон чалсам, 180 градуска бурулуп калыптыр. «Темир, менин итим породалуу, эмдөөнү убагында алып турат, эч кандай оорусу жок», - деп беттен алса болобу. Мен ага эч нерсенин кереги жок экенин айтып, "кызымдын ден соолугун сурап бир келип койсоңуз, ошого эле ыраазы болот элем" дедим.

"Эже" даярданып алгандай «Мен сенден кечирим сурабайм, бул деген кырсык, көчөдө жолбун иттер толтура жүрөт, кызыңды ошолор таласа эмне кылат элең, кимге барат элең. Менин итим таптаза, эмделген, эч кандай оорусу жок» деп беттен алды. "Сен мурдагүнү эле келгенсиң, а менин бул жерде жашаганыма отуз жыл болду" дейт. Айта кетчү жагдай ал «эже» Төмөнкү Ала-Арча айылында, биз айыл четиндеги жаңы конушта турабыз. Кызыма "кийим сатып берем" деген убадасын эске салсам, «Темир, ты живешь лучше, чем я, акчам качан болгондо өзүм үйүңө алып барып берем" деген эле.

Андан бери төрт айдын жүзү өтсө да ал «эже» бир да басып келген жок. Республикалык рабикологиялык бейтапканадан (ошол жерге кызыбызды алып барып жараатын тиктиргенбиз) же Ветеринардык инспекциядан бирөө келип итти текшерген да жок окшойт, эгер текшерип кетишсе дагы мага бул жөнүндө эч ким, эч кандай маалымат берген да жок.

Төмөнкү Ала-Арчанын айыл өкмөтүнө арызданып барайын десем ал эжебиз мурун ошол айыл өкмөтүн он беш жылдан ашык жетектеп кетиптир жана азыр да ал жерде анын сиңдиси иштейт экен. Ал эженин мурда чоң кызматта иштеп кеткендигин жана анын социалдык абалын ойлоп, башка истанцияларга арызданууну деле жөн гана убакытты текке кетирүү деп эсептеп эч жакка кайрылганым жок. Жөн эле убара болбоюн дедим.

Бир гана ушундай кайдыгер адамдар шаарыбызда көбөйүп баратканына зээним кейийт. Мындай бакма иттердин адамга тиш салганын көрүп турса да чара көрбөгөн тиешелүү кызматтардын шалаакылыгын жектейм. Күн санап жолбун иттер көбөйүп баратканына тынчсызданам.

Кызымды кудай сактап, оор жаракат албаганына сүйүнөм, бирок он жаштагы секелектин ошол торпоктой болгон итке таланып атканын элестеткенде төбө чачым тик турат. Кокус дөбөттүн тиши кызымдын жамбашына эмес, алкымына тийсе эмне болмок? Баарынан да ит ээсинин жаныбарын адамдан жогору коюп, «менин итим породалуу» деген сөзү ушул күнгө чейин кулагымда жаңырып турат. Дөбөтү эртең башка бирөөгө катылбасына кепилдик жок.

Болору болду, эң башкысы балам аман-эсен калды, эси жокторго теңелбейин деп окуяны унутканга аракет кылып жүргөм. Бирок өткөндө радиодон ушул тема талкууланып, түз эфирге келген кесипкөй врачтар жүрөктүн үшүн алган сөздөрдү айтышты. Кызымдын жарааты көрүнө жерде болбогондон кийин байкаган эмесмин, энесинен сурасам дагы деле шишип жүрөт, текши тараган жок дейт.

Арга түгөнгөндө блог жазып, бугумду чыгардым. Анан коомчулукка кишиге кол салган иттерге жана алардын ээсине кандай чара көрүү керек деген суроо салгым келет.

Кызым Сезим 7-июнда "Азаттыктын" 60 жылдык мааракесинде мага берилген дипломду кармап турат

Кызым Сезим 7-июнда "Азаттыктын" 60 жылдык мааракесинде мага берилген дипломду кармап турат

Темир Жусупбеков,
Төмөнкү Ала-Арча,
Чүй облусу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG